Мусулмандарга парз кылып түшүрүлгөн 5 маал намаздан тышкары нафил (кошумча) намаздар да бар. Нафил намаздар пендени Жаратканына жакындатат. Алардын бири — күндүн биринчи жарымында окула турчу “духа – намаз”.
“Ад духа” сөзү “түшкө чейинки күндүн 1-жарымы”, “таң”, “күндүн жаркырашы” деген маанилерди түшүндүрөт.
Күндүн чыгышынан түшкө чейинки убакыт — адам жашоосундагы маанилүү, бир топ жумуштарын бүтүрүп алчу мезгил. Мына ушул мезгилде бир аз убакыт бөлүп, Алланы эскерүү адамга эбегейсиз соопторду таптырат. Бул намаздын өзгөчөлүгү пенденин күнөөлөрдөн тазаланышына жардам берет. Анктени духа-намазынын башка аталыштарынын бири “салят аль-аввабин” – көп тобо кылгандардын намазы деп эскерилет.
Пайгамбарыбыз Мухамеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) хадисинде:
“Бир адам эки рекет духа — намазын окуса, күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет”, — деп айтылат (Тирмизи, Витр 15).
Духа-намазды окуу Аллах Таалага ыраазычылык келтирүү, Аны мактоо, Ага жакындоо жана көптөгөн соопторду табууга өбөлгө түзөт. Дагы бир хадисте, бейиште “Духа” деп аталган дарбазалардын бар экенидиги айтылат. “Сурак күнү жарчы “Духа-намазын окугандар кайда? Алар бул дарбазадан Аллахтын мээрими менен кирсин”,- деп баяндалат (Таберани, аль-Муджамуль-Кабир, 20/30).
Духа-намаз кайсы убакта окулат?
Духа намазынын убактысы: күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап (күн чыккандан он беш мүнөттөн кийин,) тээ күн төбөгө жеткени болжол менен он мүнөт калганча – мына ушул эки убакыттын ортосундагы кайсыл учур болбосун окулат. Бирок бул намазды түшкө чукул окуу жакшы экендиги пайгамбарыбыздын осуяттарында айтылган.
Духа-намаз канча рекеттен турат?
Духа намазын эки ирекеттен он эки ирекетке чейин окуса болот. Хадистерде Азирети Пайгамбарыбыз бул намазды төрт же сегиз рекет кылып окугандыгы айтылган.
Духа-намазынын артыкчылыктары жөнүндө хадистер
1- Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: Алла Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мага 3 нерсени осуят кылды. Мен аны өмүрүмдүн аягына чейин калтырбайм: ар айда 3 күн кошумча орозо кармоо, “ад-духа” намазынын 2 рекетин окуу жана уктаар алдында витр намазын окуу (Аль-Бухари, Муслим).
2- Абу Дарда менен Абу Зарр (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз Алланын сөзүнөн минтип айтканын баяндашат: “О, Адам баласы! Алсыздык жана жалкоолуктан күндүн башында мен үчүн 4 рекет намазды окууну калтырба. Мен сени күндүн аягына чейин кыйынчылык, балекеттерден арылтам!” (ат-Тирмизи, Ахмад).
3- Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) хадисинде: “Адамдардын (денесиндеги) ар бир муунунан күн сайын садака алынат. Ар бир мүчөөсүнөн күн сайын садака берилиши керек. Бирок бул (садака) — мал-мүлктөн берилчү садака эмес. Аллахка жакындатчу бардык нерселер “садака” деп аталат: жолдогу тоскоол жараткан нерсени алып коюу — садака, “Ля Илааха иллаЛлаху” келмесин айтуу — садака, “Аллаху Акбар” деп айтуу — садака, “Аль-Хамду лиллях” деп айтуу — садака, Куран окуу — садака. Ал эми булардын бардыгынын ордуна Духа учурунда 2 рекет намаз окуу жетиштүү”, — деп баяндалат.
4- Абдуллах ибн Амр ибн аль-Ас (Аллах андан ыраазы болсун): “ Бир күнү Алла Элчиси отрядды аскердик жүрүшкө жөнөтөт. Алар аскердик олжону алып, кайра бат эле артка кайтышат. Ошондо элдер отряддын кайсы жерге барганын талкуулай башташат. Анткени алар бат эле артка кайтышып, бирок жакшы олжо менен келишкен эле. Элдердин сөздөрүн уккан пайгамбарыбыз: “Мен силерге дагы жакыныраак, дагы байыраак олжолуу жана аз убакыт ала турган жүрүштүн жерин айтпайынбы?”- дейт. Кимде ким жакшылап даарат алып, андан соң мечитке эртең мененки намазды (духа) окуу үчүн жөнөсө, анын жүрүш жери дагы да жакыныраак, олжосу андан да көбүрөөк болуп, тез убакыттын ичинде артка кайтат” (Ахмад, ат-Табарани).
5- Абу Умама (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айтканын баяндайт: “Кимде ким үйдөн парз намаздарды аткаруу үчүн даарат менен чыкса, ажылык милдетти аткарып жаткан, ихрам (өзгөчө руханий тазалык) абалындагыдай сооп жазылат. Ал эми кимде — ким “ад-духа” намазы үчүн гана үйүнөн даарат абалында чыккан болсо, умрага (кичи ажылык) баргандай сооп жазылат. Эгер кайсы бир адам намаздын артынан 2-намазды алардын ортосунда убактысын бош сөздөргө коротпостон, окуй турган болсо, анын сообу 7-асмандын жогоркусунда болот”. (Абу Дауд).
Булагы: Умма журналы.