alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТаасирдүү окуялар

ИШЕНЧЭЭК АДАМ…

ИШЕНЧЭЭК АДАМ...

Эски замандардын биринде, жүрөгү таза, жаш баладай ар нерсеге жана ар кимге ишене берген ишенчээк бир адам жашаптыр. Бар тилеги адамдага жардам берип, кызмат кылып Алланын ыраазычылыгын алуу ..

Бирок кээ бир ниети түз эмес адамдар анын ишенчээктигинен пайдаланып, ага ар кандай тамашаларды уюштурушуп, жүрөгүн оорутушат…

Күндөрдүн биринде айылдагы бир топ адам Умра зыяратын аткарууну чечишет. Кеткенде да жөн кетишпей, ишенчээк адамды да алып алууну туура көрүшөт. Жолдо эрмектеп, убакыт өткөрөбүз деп ойлошуптур. Ошентип, узун жана кыйын жолдон кийин чалыгып-чарчашып ыйык Бейтуллахка да жетип барышат. Баардык мусулмандар менен бирге ишенчээк адам да кубанычы койнуна батпай жан дилинен Умра уазыйфасын аткарат. 10 күн бою ибадат менен өткөрүшкөндөн кийин, жолго чыгууга топтоло башташат. Анткени пайгамбарыбыздын мүрзөсүн зыярат кылууга убакыт келген эле. Ошентип Нурдуу Медина шаарына барыш үчүн даярдана башташты. Меккеден бир аз узакташкандан кийин араларындан бирөөсү куржунунан бир канча кагазды алып чыгып, шашыла баарына тарката баштаптыр. «Бул эмне?» –дегендерге: — «Акырынгыла, биздин ишенчээк укпасын, ага сонун бир тамаша даярдадым» – дейт. Баардык адамдарга таркатып, баракча албаган бир гана ишенчээк адам калыптыр. Адамдар чыдай албай: «Тезирээк түшүндүрчү бу кандай тамаша» -дешет. Ал адам: — Карагыла, азыр биздин ишенчээк келет. Биздин колубуздагы кагаздардын эмне экенин сурайт. — Ии, биз эмне дейбиз? – деп сурашат достору. — Биз, бу кагаздар бизге бейиштен келгенин, Алла Таала умрабызды кабыл алганынын күбөлүгү деп жооп беребиз дейт. Араларындан кээ бирөөлөрү: — Бирок бул аябай оор тамаша дешсе да, акырында баары ага көнүшөт. Аңгычакты ишенчээк адам келип калат. Караса баарынын колунда бирден кагаз, баары өөп-жыттап, сүйүнүп жатышат. Чыдай албай: — Эй туугандар! Колуңардагы өөп-жыттап жаткан кагаз эмне – деп..

Баары бири-бирине көздөрүн кысышып, тамашаны баштаган киши: — Оой, сенин бу кагаздардан кабарың жокпу?

— Кандайча, карабайсыңбы баарыбызга кагаз жиберилди. — Түшүнбөдүм, ким жиберди? Эмне деген кагаздар? — Умраң кабыл болду деген бейиштен жиберилген кагаздар. Ишенчээк адам өзүн жоготот. Абалы күзүндө шамалдан титиреген гүлдүн жалбырагындай эле. Ээриндери: — Раббим! Раббим! Деп титиреп жатты. Аңгычакты Меккени көздөй жүгүрөт. Болгон күчү менен Меккени көздөй чуркайт. Досторунун: — «Токто, биз сени тамашалап койдук» дегендерин угуп да койгон жок. Жүрөгү аябай жараланган эле. Чалынып кулайт, кайра турат. Ыйлаган боюнча Меккеге жетип барып Бейтуллахты ушундай бир кучактады да, бүт жүрөгүн ааламдардын Раббы болгон Аллага байлады. — Эй Улуулардын Улуусу Раббим! Оо менин Аллахым! Эмнеге менин кечирүү күбөлүгүмдү бербедиң, эмне ката кылдым? Аллахым! Туугандарым ушундай бактылуу, ушундай сүйүнүчтө, мен болсо башым жерде жетим калдым. Оо Жараткан! Сага гана жалбарамын! Менин да күбөлүк кагазымды бере көр! Менин да күбөлүк кагазымды бере көр!… Так ушу маалда бир нерсенин башына тийип жерге түшкөнүн сезди. Караса досторунун кагаздарынан да кооз кагаз жатат. Ала коюп, сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей туруп калды. Тура калып айылдаштарын көздөй жүгүрдү, бир тараптан да кыйкырып баратты: — «Алдым! Алдым! Мен дагы күбөлүгүмдү алдым!..» Айылдаштары ден-дароо болуп туруп калышты. Ишенчээк киши жандарында келгенде дароо колундагы кагазды алышты. Бу эмне болгон кагаз? Кандай сонун жыттанып турат! Өмүрлөрүндө мындай сонун жытты жытташпаган эле, анан дагы абдан кооз оймолору бар экен. Мына эми баары ден-дароо болушту. Эч убакыт коротпостон Меккени көздөй жөнөштү. Алар Меккедеги атактуу чоң бир аалымга барышты. Аалым кагазды алары менен өйдө тура калды. — «Субханаллах! Бу бейиштин жыты»! Кагазды ачып кайрадан айраң калды: — «Бу күбөлүк баланча адамга жазылыптыр. Болгондо да нурдан боёк менен жазылыптыр.» Баары ден-дароо болуп туруп калышты. Кээ бирөөлөрү ыйлашып да жатышты. Аалым ишенчээк адамды кучактап алып жүзүнөн, сакалдарынан жана колдорунан өөп: «Суранам, мен үчүн да дуба кыл» – деп ыйлап жатты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button