alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТаасирдүү окуялар

БЕЙИШ ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДАБЫ?

БЕЙИШ ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДАБЫ?

Бир кайын эненин келин алганына беш — алты жыл болгон. Ошол жылдар аралагында келинине эч күн көргөзбөйт. Бир күнү жолдон өтүп кете жаткан айылдын молдосу бул уруштун үтүнөн чыгып калат.
Энеси баласына колу менен келинин көрсөтүп:
— Мына мунуңду жогот, менин көзүм көрбөсүн тезирээк үч талагын бер да үйүнө жөнөтүп жибер» дейт. Анан ал молдо күйөөсүнөн:
-Эмне маселе, эмне кыйынчылык, аялың кыянат кылдыбы же уурулук кылдыбы, эмне күнөө кылды?» деп сурайт.
Күйөөсү: «Аялым кедей үй бүлөнүн кызы болгон айыбы ушул. Калган эч кандай айып кемчилиги жок, кызматы бүтүн урмат-сыйы жайында» дейт.
Энеси:
-Ээ бала! Сөздү көбөйтпөгүн, эне ыраазы Аллах ыраазы. Бейиш энелердин таманынын астында» дейт. Өзүнчө уккан хадисине таянып алган.
Молдоке энеге тигиле карап:
— Сизге ким айтты «Бейиш энелердин таманынын астында болот» деген сөздү?
-Хадистен окудум.
— Хадистен окуган болсоңуз хадисти туура окуганды үйрөнүп алсаңыз болмок! Пайгамбарыбыз (с.а.в) сахабаларына (р.а):
«Бейиш силердин төрөгөн энелериңердин таманынын астында» — деген..
☝🏻Эмнеге энелердин деген эмес?

📍Хиндге тийген кыргыз аялы бала төрөсө эне болобу? Бейиш ушунун астындабы эми?

📍 «Күйөөсүнө кыянат кылып жаткан, бүгүн эринин колунан туз, нан жеп, сизге тийип эмне жакшылык көрдүм. Сендей. аңкоо бар бекен бул дүйнөдө?» — деп сөз кайтарып жаткан, күйөөсүн «сен» деп каргап жаткан аялдардын таманынын астындабы Бейиш?

📍 Харам жол менен, зынаа жол менен кош бойлуу болуп алып, баласын төрөп, төрөт үйүнө чанып кеткен, подьездге таштап кетип жаткандардын таманынын астындабы Бейиш?

📍Кызынын жашоосуна аралашып , балдарын жетим кылып ажыратып алган энелердин таманынын астындабы Бейиш?

☝🏻Мындайлардын таман астында Бейиш болбойт туугандар! Бейиш көз — жаш, наразычылык, мээримсиздиктен куралган эмес. Бейиш Аллахтын күйөөсүнүн, балдарынын ыраазылыгына жеткен, сүйүктүү, мээримдүү энелерге гана насип кылат! «- деп сөзүн улады.
— Намаз окуйсузбу?
-Жок намаз окубайм.
— Сиз «Бейиш энелердин таманынын астыда» деп жатасыз. Эки небереңиз менен келиниңизди кууп, уулуңузду бактысыз кылып жатасыз. Сиз чын жүрөктөн өзүңүзгө суроо бериңизчи! «Бейиш менин таманымдын астында» деп ойлойсузбу? Ушул сөзгө ишенесизби, өзүңүздү ишендире аласызбы?
Кайненеси башын жерге салып олтуруп калды. Молдоке келинге:
— Кызым бар кет үйүңө. Эмне керек? Ансыз деле беш жыл ушунун «сен мындайсың ата-энең андай» деген сөздөрүнө, кур — дооматтарына чыдапсың. Азыр мен бир кагазга дуа жазып берем. Ошол дуаны күн сайын намаз окуганда жайнамаздын үстүндө окуп дуа кыласың. Мына жаңы айга , он күн калды Иңша Аллах кайненең жаңы айды тозокто күтүп алат» — десе. Кайненеси ордунан ыргып туруп:
— Ой кызым мени кечир! Мендей акмак кайненеңди кечир: деп жалбара баштайт. Молдоке:
— Коркпос экенсиң э! деди да жолуна түшүп кетет.

📍Мына ушундай кылып канчалаган кайнелер келиндерин кордоп, кичинекей мамлекет болгон үй бүлөлөрдү бузуп жаткан учур. Эмне кедейдин кызы адам эмеспи? Байлардын кыздарын көрүп жатабызго эмнелер кылып жатканын. Байдын кызы айдан ал эми кедейдин кызы жерден чыкканбы?
Урматтуу энелер келиңиздер келиндерибизди кордобойлу. Ал да аял сиз да аял бири-бирибизди колдоп кубаттап туралы.

🤗Аллахым ар бир үй бүлөгө тынчтык, бейкуттук, ынтымак берип, тилеген -тилек максаттарына жеткирсин. Амиин!

🧕Даярдаган: Махарам Муслима.

Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202

📲+996 700 334 493

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button