Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы Биби-Мариям мечитинде жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан чыккан фатваны түшүндүрүп берди. Муну менен катар ысырапкорчулуктун алдын алуу керектиги айтылып, бул жаатта дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.
“Өлкө башчынын Жарлыгы өз учурунда болуп, элибиз туура кабыл алышууда. Акыркы учурларда эл арасында элибиздин салтында жок майрамдар чыгып, ысырапкорчулук болууда. Бул Алла Таалага жакпай турган иш. Келиңиздер жалпыбыз биригип ысырапты токтотолу, кайрымдуулук иштерин күчөтөлү”,-деди облус казысы.
Жолугушуунун соңунда облус казысы жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, мамлекетибиз, элибиз үчүн дуба кылды.
Can you be more specific about the content of your article? After reading it, I still have some doubts. Hope you can help me.