Бир күнү Муса пайгамбар (а.с) Алла Таалага (ж.ж) кайрылып:
— Оо, Жараткан Аллахым! Мага бул дүйнөдөгү адилеттигиңди көргөзчү,- деп суранып дуба кылды. Көк бетинен жооп келип пайгамбардын бет алдында бир керемет көрүнүштүн көшөгөсү ачылды…
Жапжашыл токойдун кучагындагы кооз гүлдөргө бөлөнгөн жерде суусу көпкөк болгон мөлтүр булак шыңгыр үн салып агып жатты. Булактын назик добушуна айланадагы түркүн куштардын сайраганы кошул ташыл болуп аалам бейиш багындай кулпуруп турган эле. Аңгыча эле булактын жанына бир жаш жигит келип колундагы баштыкчасын жерге коё салып суудан тамшанып ичип кирди. Ал жигит алыстан үйүн көздөй сапар тартып келе жаткандыктан абдан чаңкап турган абалда булактын ширин суусуна арбалып жан дүйнөсү жыргап суудан кочуштап ууртап отурду. Чаңкаганы басылып, булактын ширин суусунун жыргалына бөлөнгөн жигит ордунан турду да жерге койгон баштыкчасын унутуп сапарын улап кете берди. Ал баштыкчада 1000 алтын динар бар эле. Бир маалда булактын жанына жакын арадагы айылдын биринен ойноп жүргөн кичинекей бала келип жерде жаткан баштыкчаны көрдү да колуна алып үйүн көздөй тызылдап чуркап кетти… Дагы бир топ убакыт өткөндөн кийин булактын маңдайына улгайып калган көзү азиз адам жакындап келди. Ал жан дүйнөсүнө беш-алты жылдан бери көздүн милдетин аткарып жаткан узун таягы менен булактын добушуна карай басып келип сууга жетип жайланышып отурду да тамшанып ичип кирди. Бул учурда булактан бир топ узап кеткен жигит көтөргөн баштыкчасын булактын жанына унутуп кеткенин билип, артын көздөй бурулуп чуркап келе жаткан болчу. Пайгамбардын бет алдындагы кооз көрүнүш бир заматта башкача өңүткө алмашты…
Демигип чуркап келген олбурлуу жаш жигит булак башында ширин суунун кумарына тамшанып отурган абышканы көрдү да, салам бербестен:
— Эй, чал! Бул жерге мен жаңы эле акча салган баштыкчамды калтырып кетиптирмин. Кана менин акчам? Бер акчамды деп,- жакасына жармашты. Жаңы гана булактын суусунан рахаттанып ичип бар дүйнөсү түгөл болуп жайдары отурган алсыз чал эмне болуп кеткенин түшүнө албай:
— Уулум, менин көзүм көрбөйт. Мен сенин баштыкчаңды алган жокмун,- деп жалооруду.
— Калп айтпа! Сен алдың акчамды! Бер акчамды, бер!- деп бакырган жигиттин бир заматта зөөкүрдүгү кармап сокур абышканы кыйнап, тепкилеп жатып акыры булактын боюнда өлтүрүп тынды да акчасын таппай карайлап темселеген боюнча жолуна түштү… Жана гана кооздуктарга бөлөнүп турган көпкөк булактын суусу кыпкызыл канга боёлуп, айланага кара боёк чачылгандай түнөрүп көшөгө жабылды… Көрүнүштөн көзүн албай карап турган Муса пайгамбар болуп өткөн окуядагы адилеттикти түшүнө албай Алла Таалага кайра кайрылып:
— Оо, Жараткан Улуу Зат! Мен бул жердеги сенин адилеттүүлүгүңдү түшүнө албадым. Адилеттиктин сыры эмнеде?- деп сурады.
— Оо, Муса! Баары адилеттүү болду,- деген жооп келди көктөн,- Ар бири өз кылгандарынын акысын алышты.
— Кандайча Жаратканым?,- деди пайгамбар.
— Акчасынан айрылган жолоочу жигит бир канча жыл мурда баштыкчасын алып кеткен кичинекей баланын атасынан зулумдук кылып 1000 алтын динарын тартып алып сыздатып бербей жүргөн эле. Акчасы жок кыйналып жүргөн адамдын акчасын кичинекей баласы себепчи болуп алып барып берди. Ал эми жигиттин колунан ажал тапкан сокур адам, тиги жигит кичинекей кезинде жигиттин атасын мыкаачылык менен күнөөсүз жерден кыйнап өлтүргөн эле, мына өзү да анын баласынын колунан ажал тапты. Мына менин адилеттигим!,- деген жооп келди.
Алланын кудуретине, адилеттигине моюн сунган пайгамбар сеждеге жыгылып Жаратканга дуба кылып жатты…
Сабак: Кыргыз элинде адилетсиздикке жаны ачыган адамдар «Кудай көргөзсүн, кудайдан көрүп калсын, кудайга койдум»,- деп наалат айтышат. Чындыгында Алла Тааланын адилеттүүлүгүнөн эч бир адам качып кутула албайт. Ар ким кылган кылыгы, айткан сөзү, жасаган амалы, адамга кылган терс мамилеси үчүн бир күнү жооп берерибизди эч качан унутпасак экен. Рамазан айыңыздар маарек болсун!