2017-ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоодо, ар бир баланын таланты менен шык жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандырууда, жүрүм-турум жана укуктун маданияттын, өз ара урмат сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтууда казыят сиздер үчүн төмөнкү он беш насыйкатты сунуштайт:
- Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылган, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
- Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
- Мекендин чыныгы, акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып олжого тундур.
- Маанисиз терс жолдордон, арак-шараптан жана абийир-намысыңды булгай турган иштерден ыраак болгун.
- Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намысыңды таза кармап дилиңди нурдаткын.
- Сүйүштү билгин, махабатың менен таза акылың өзүңө өмүрлүк жолдош тандоодо жол башчы болсун.
- Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, жалпы эле дили таза, адеп-ахлактуу, пейили кенен, бардык жактарынан мыкты сапатка ээ кызды танда.
- Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үй-бүлө түзүп, кут конгон бир таалайлуу үй-отон даярдагын. Анткени сенин жасаган бул ишиң инсандык жана коомдук эң негизги милдетиң, эч нерсеге окшобогон бак-таалайдын ыйык куралы болуп саналат.
- Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
- Жамааттын муктаждыктарын өтөй турган перзенттерди өстүргүн. Перзенттерини тек кана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн, анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын.
- Уулдарыңды сабырдуу, туруктуу, жакшы сапаттуу жана чечкиндүү, кайраттуу кылып өстүргүн. Кыздарыңды дагы өзүңө өмүрлүк жолдош кылып тандап алган аялың сыяктуу тунук көркөм сапаттуу кылып тарбиялагын.
- Үй-бүлөңдүн өмүрүн өтө жагымдуу, жайдары өткөрүүгө тырыш. Үй-бүлө мүчөлөрүн өз калкаңа алгын. Алардын көзгө жагымдуу, жайдары өсүп жүрөккө ырыхат багыштоолор үчүн бар күчүңдү сарп кылгын.
- Үйүңдүн эшиги чыныгы досторуң үчүн дайыма ачык болсун.
- Мээримдүү жана кайрымдуу бол. Баштарына мүшкүл иш түшкөндөрдүн же бир балекетке кабылгандардын көңүлүн жубатаар жылуу сөз сүйлө. Мүшкүлдөн кутулуу үчүн аларга жардам бергин.
- Бош убактыңдын бир бөлүгүн адеп жана ахлакка каршы келбеген оюн-күлкүлөргө, спортко сарптагын.
Ыймандуулук — адамды жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтаруучу жол жана адамдарды ынтымакка, достукка чакырат.
Адеп адамды бактылуулукка тарбиялап, кубанычка бөлөйт.
Адеп — бул бийик рухтун, таза жана ыхластуу напсынын, бийик таасирдүү билимдин тарбиясы.
Даярдаган: Жалал-Абад казыяты.