Сайнт (Ыйык) Валентин (сүйүшкөндөр) күнүнүн чыгуу тарыхы:
Зулумдугу менен таанымал болгон Рим Императору II-чи Клаудиус чоң аскер жыйноону көздөйт. (Милади 200-ж) Император аскерге кошулган эркектердин үй-бүлөлөрүн жана сүйүктүүлөрүн ойлоп согуша албай калат деп ишенет. Ушул себептен улам жаштардын үйлөнүүлөрүнө тыйуу салат. Ошол доордо императорго каршы чыккан жаштардын башын кошкон Валентин аттуу поп ашыктардын эң жакын досу деп атанат. Муну уккан император Валентинди түрмөгө каматат. Түрмө күзөтчүсүнүн сокур кызынын сакайуусуна себепчи болгон Валентиндин аты Императордун кулагына жетет. Ошентип, 14-февралда поп өлтүрүлөт. (Милади 270-ж.)
Өлгөн күнү күзөтчүнүн сокур кызына жазган бир барак кагазы табылат. Ал кагазда Валентин ашыктардын ортосундагы махабат, кумарлык тууралуу сөз кылган болот. Ошол күндөн баштап 14-февраль Сайнт (Ыйык) Валентинди эскерүү үчүн бири-бирине ынтызар болгон сүйүшкөндөр тарабынан майрамдалып келет.
Христиандык поп Валентин жаштар менен кошо кичине балдар тарабынан да сүйүүгө бөлөнөт. Бир шылтоо менен туткундалат. Туткунда жаткан мезгил боюнча гүл букеттери менен кошо жазган каттарын күн сайын түрмөнүн темирлерине илип кетип турушат. 14-февралда Валентинди өлүм жазасына кесет. Өлгөндөн кийин жыл сайын 14-февраль күнү адамдар сүйгөндөрүнө гүл букетин, шоколад жана ашыктык сезимин билдире турган каттарын алып баруу адатка, салтка айланат.
Ар кайсы мамлекеттерден чыккан тарыхчылар 14-февралдын бир гана сүйүшкөндөргө таандык болуусуна каршы болушкан. Алар бешинчи кылымда жашап өткөн Ыйык Валентин аттуу поптун бул күндү майрам күнү деп жарыялап кеткенин айтышууда.
«Валентин христиандык ишениминде Римдик күнөөсүз (святой) болуп эсептелет. Милади 269-жылы өлтүрүлгөн деп саналууда. Ашыктардын ыйыгы деп да билинет. Жыл сайын 14-февралда эскерилет. Убакыт өткөн сайын бул күн «сүйүшкөндөр күнү” деп аталып кеткен.” (Oxford Dictionary of English)
Сүйүүнүн баркын ким билер,
Сүйүүгө жанган дил билер.
Бир күнгө жүрөк байланбайт,
Билсеңер боло жиндилер.
Валеттей басып жүргөндөр,
Валентин күнүн сүйгөндөр.
Жыртылып калба түбөлүк,
Жыртылган жынсы кийгендер.
Ою пастардын жомогу,
Ойлонуп көрчү оболу.
Бир тойгон жарма өңдөнгөн,
Бир күндүк сүйүү болобу.
Уулусуң кайсы атанын,
Кызысың кайсы апанын.
Христиан болсоң байкуш деп,
Кылча да болбойт чатагым.
Көр болбой түшүн ар жагын,
Көрсөң да жаман ардагым.
Бал берип шайтан уулантат,
Бармагың тиштеп калбагын.
Алданба напси биздин жоо,
Алтын баш билип жүрсүн соо.
Ватсаптан жибер баарына,
Валентин бизге никто.
Жеңишбек Жумакадыр
Кудай ай. Каршы чыкпаганынар ушул эле калды эле
А силер мусулман эмес болсонор майрамдай бергиле ким каршы болуп атат?Бул мусулмандар учун айтылган соз!
Мусулманды мусулман эмес деп атаган озу мусулманбы? Оозуна карап суйло!
Валентин мусулман бекен анан?
Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?