alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарФото

Устаз Акимжан ажы Эргешов Ноокат районунда мектеп окуучулары менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов ыйман, адеп жана маданият жылына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баргы айылындагы Камбаралы Бобулов (мурдагы Кычан Жакыпов) атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, бүгүнкү күндөгү жаштардын адеп-ахлагы, билим алуунун артыкчылыктары жана пайдалары, ыймандуулук, адилеттүүлүк, сабырдуулук менен боорукерлик темаларында баяндамасын окуп, мектеп тарбиялануучуларын китепти көп окууга үндөө менен терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды. Муну менен катар Азирети Муфтийдин орун басары мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берип, окуучуларга кызыктуу маанай тартуулады. Андан соң Азирети Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов Үч-Бай орто мектебинин эмгек жамааты жана окуучулары менен жолугушуп, таалим-тарбия, даанышмандуулук менен билим, ата-энени урматоо жана мекенди сүйүү боюнча баяндамасын жасады.

http://muftiyat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button