Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылды:
«Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, (сахалабалардан): «Гыйбат деген эмне экендигин билесиңерби?!» – деп сурады. «Алла жана Анын Элчиси билет»,– деп айтышты. Ал айтты: «Гыйбат деген – бул бир адамга тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылганың». (Сахабалардан) бир адам: «А эгер менин айтканым ал адамда болсочу?!» – деп сураганда, Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда болсо, анда аны ушактаган болосуң. А эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, анда жалаа жапкан болосуң». (Имам Муслим)
Имам ан-Навави айтты:
«Гыйбат деген бул – адамдын денесине, динине, жашоосуна, жеке өзүнө, дене-боюна, мүнөзүнө, мал-мүлкүнө, ата-энесине, бала-чакасына, аялына, кызматчыларына, кийимине, кыймыл-аракетине, түнт же жайдары мүнөзүнө жана башка ага тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылуу. Гыйбат – сөз, белги же ишарат менен болот». (“аль-Азкар”)
Бир топ сахабалар Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдында отурган кезде бир адам тууралуу сөз кылып:
«Тамак бермейинче өзү жей албайт, мингизмейинче өзү мине албайт»,– деп айтышты. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силер аны гыйбат кылдыңар». Айтышты: «О, Алланын Элчиси! Биз андагы болгон нерсени гана айттык». Ал айтты: «Андагы болгон нерсени айтуунун өзү эле сага жетиштүү». (аль-Асбахани; “ат-Таргиб уа ат-Тархиб”)
Гыйбат кылуу – бул бир адамды анын жок кезинде ал укса жаман көрө турган сыпатын башкаларга айтуу же аны жамандоо. Бул анын динине, дене-мүчөсүнө, тегине, кулк-мүнөзүнө же кийимине байланышабы, баары бир гыйбат болуп саналат.
Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Эй, ыйман келтиргендер! Көп (жаман) ойлордон алыстагыла. Чындыгында, кээ бир ойлор күнөө. (Бири-бириңерди) аңдыбагыла жана бири-бириңерди гыйбат кылбагыла. Силердин кимиңер өлгөн бир тууганынын этин жегенди жакшы көрсүн?! А силер мындан жийиркенесиңер! Алладан корккула.Чындыгында, Алла тообаларды кабыл кылуучу жана ырайымдуу». Хужурат сүрөөсү (49:12)
Башкача айтканда, бирөөнүн артынан жаман сөз айтып аны ушактабагыла дегени. Андан соң Алла Таала гыйбат кылган адамды мисал кылып:
«Силердин кимиңер өлгөн бир тууганынын этин жегенди жакшы көрсүн?!»,– деп айтты.
Алла Таала жогорудагы аятта анын бул кылганы ошол адамдын өлүк этин жегени сыяктуу деп мисал келтирди жана «А силер мындан жийиркенесиңер!»,– деп гыйбат кылуунун күнөө экендигин мисал кылып баяндады.
Эч бир адам өлүктүн этин жемек турсун, аны кармоого дагы батынбайт. Ал эми көпчүлүк адамдар ушактоонун канчалык күнөө экендигин билбестен туруп бири-биринин артынан эринбей ушак айткандарын четинен жолуктурасын. Ал эми кээ бирлери мунун күнөө экендигин билсе дагы, ушактап жаткан адамды: “Муну өзүнө айт, мага айтып эмне кыласың”,– деп айтууга дагы оозу барбайт.
Айша, радыяллаху анха, айтты: «Бир жолу Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга:
«Сага Сафийянын мындай-тигиндей болгону деле жетишет (б.а бою кичине)»,– дедим. Ошондо ал айтты: «Сен ушундай сөздү айттың, эгерде ал деңиздин суусуна аралашса, анда деңиздин суусун да бузуп жибермек». (Имам Абу Дауд; Имам ат-Тирмизи)
Бул хадисте бирөөнүн кемчилдигин айтып жамандоонун күнөө экендиги айтылды.
Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваят кылган хадисте Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ар бир мусулмандын каны, мал-мүлкү жана ар-намысы башка бир мусулман үчүн арам». (Сахих Муслим)
Билгиниң, ушактаган адам да, ушакты угуп жатканы да бирдей күнөөкөр. Уккан адам бул күнөөдөн алыс болуусу үчүн ушактаган адамды тили менен тыйсын. Эгерде муну кыла албаса, жүрөгү менен жаман көрсүн же ал жерден туруп кетсин. А эгер тыюуга кудурети жетсе, анда “мындай кылбагын” деп айтып токтотуу ал үчүн важип.
ГЫЙБАТ КЫЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ
1) Ачуусун басуу
Мисалы, бир адам башка бирөөнү иши менен же сөзү менен ызасына тийсе же ачуулантса, ал адам ачуусун басуу же кек алуу максатында ынгайлуу учуру келгенде аны да башкаларга жамандайт жана муну менен табасы канат.
2) Башка адамдарды коштоо
Эгерде достору, тааныштары же туугандары менен чогу болгон кезде алар бир адамды жамандап же ушактап жатышса жана ал адам аларды токтотчу болсо, алардын ага болгон мамилеси начарлайт же жаман көрүп калышат деп токтотпостон кайра аларды коштойт.
3) Башканы жамандоо менен өзүн актоо же көтөрүү
Мисалы, “баланча эч нерсени билбейт, такыр түнүшүгү жок” деген сыяктуу. Ал муну айтуу менен өзүн көтөрүүнү максат кылат жана мен андан дагы билимдүүмүн дегендикке жатат. Же болбосо адамдар башка бир адамды жакшы жактарын айтып мактап жатышса, ал көралбастык кылып “жок, андай эмес” деп аны жамандоого аракет кылат.
4) Шылдыңдоо
Мисалы, бир адамдын сыпатын айтып же аны туурап адамдарды күлдүрүү. Кээ бир адамдар муну адат кылып алышкан.
ГЫЙБАТТАН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ
Билгиниң, гыйбат кылуу адамды Алланын каарына калтырат. Ал эми Кыяматта анын кылган жакшылыктары ал ушактаган адамга берилет. А эгер кылган жакшылыктары жок болсо, анда ал адамдын жамандыктары ага өтөт. Эгерде ким ушактын канчалык күнөө экендигин толук түшүнүп билсе, анда өзүн гыйбаттан, ушактан, чагымчылдыктан жана жамандоодон сактайт.
Андыктан гыйбат кылаардан алдын адам өз айып-кемчиликтерин ойлонсун жана алардан арылууга аракет жасасын. Ошондой эле ушак кылууга эмне себеп болуп жатканын аныктап, аларды жок кылсын. Түрткү болуп жаткан себепти жок кылуу менен гана биз андан толук арылабыз.
ГЫЙБАТ КҮНӨӨСҮНӨН АРЫЛУУ
Билгиниң, ушактаган адам эки түрдүү күнөө алат:
Биринчиси, Алланын алдында күнөөкөр болот. Анткени Анын тыйганын кылды. Бул күнөөсүнөн тазаланыш үчүн Аллага чын жүрөктөн тооба кылып, ал кылганына өкүнүп жана гыйбат кылуудан алыстайт.
Экинчиси, пенденин алдында күнөөкөр болот. Анткени ал анын ар-намысына шек келтирди. Эгерде ушактаганы ал адамга жетсе, анда ага барып күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроосу керек.
А эгер ушактаганы ага жетпесе, анда Аллага истигфар айтып күнөөсүн кечирүүсүн сурап, ал күнөөнү экинчи кылбашы керек.
www.islam-kg.com
изрядный веб ресурс https://lolz.guru/articles/