Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы дүйнөнү дүрбөлөңгө салды…
«Жер титирөөдөн кийин үйүбүз толугу менен урап калды. Жубайым экөөбүз уктоочу бөлмөбүздө көчкү астында калдык. Колубузда 6 айлык наристебиз бар болчу. Калган эки балабыз да өз бөлмөсүндө дубалдын астына каза болушкан. Көчкүдө телефондун кол чырагы бизге чоң жардам берди. Акыркы күндөрү ал да өчүп калды. Оозубузга, мурдубузга толгон чаңдан, дем алуу кыйын болду…Биз вазелинди ошол жерден таптык. Ачкачылыкка чыдабай вазелинди жегенге туура келди. Акыркы күндөрү Аллахтын ырайымы менен жааган , карды эритип ичтик. Муну менен жаныбызды сактап калдык. Тилекке каршы балабызды сактай албадык… Алгачкы күндөрү аялым ыйлаганын сооротуп бат-бат эмизгенге туура келди. Сүтү да чыкпай калды. Ошондон кийин түкүрүгүбүз менен анын оозун сууладык. Биздин шилекейибиз да соолуп, айлабыз кетти. Келинчегим колун кесип, канын оозуна тамызды.. Бешинчи күнү эртең менен кичинекей денеси муздап баратты… Биздин колубузда жатып ойгонбой, жүрөгү сокпой калды…((((
Бизди тогуз күндөн кийин алып чыгышты. Куткаруучулар бар болсун. Чындыгында бизди бул караңгылыктан жалаң гана дубабыз куткарды…
Ооруканадан чыккандан кийин жубайым экөөбүз Аллах ыраазычылыгы үчүн анын жолуна гана кызмат кылууну чечтик. Биз байлык дүйнөсүнөн баш тарттык. Биз жашообузду акча табуу үчүн коротпойбуз.
Мен 32 жаштамын жана өзүмдөн уялам…
Кааласа бүтүндөй Түркия уксун. Кураан Каримди окубаган кандай күнөө. Уят.Башка сөзүм жок!»