alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:50 | alternatetextШам: 19:50 | alternatetextКуптан: 21:34
Ырлар

Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.

Зилзала (чыгарма) (Кысса-и-Зилзала кыйраткыч жер-титирөө) — Молдо Кылычтын чыгармасы.
Алгач 1911-ж. Казан шаарынан араб тамгасында чыккан. 1910-ж. Кыргызстандагы, борбору Чоң-Кемин болгон, чоң жер титирөө алааматка арналып жазылган казал. Бул кыргыз элинин алгачкы ирет жазылып, басмадан чыккан эмгектеринин бири.
Абалы сөзүм бисмилла
Айта берсек сөз мында,
Кеп чыгардым жаңыдан
Келгин өрдөк, биз турна.
Китептерде бир болжол,
Коркунуч болор жүз жылда.
Нур Мукамбет пайгамбар,
Үмүткербиз көп жандар,
Ойлоп кара артыңды,
Аксакалдуу каргандар.
Көрүп келдиң далайды,
Узак жашап баргандар.
Сонун иштер көбөйдү,
Сөзгө кулак салгандар.
Илгеркилер бир борум,
Өз эркинче болгонун,
Зар заманга сүйлөдүм,
Ар боруму болжолун.
Алла таала ар ишти,
Өзүң түзөп оңдогун.
Бу замана түрлөндү,
Жер силкинип термелди.
Калкылдаган асман жер,
Бузулуп кетер өңдөндү.
Санаага келбес иш болду,
Сакта кудай бендеңди.
Тоо бузулуп, таш кулап,
Жер жарылып, жар нурап[1],
Ит бүткөндүн баарысы,
Улуп-уңшуп чуркурап.
Жан алгуучу[2] келердей,
Чочуп турдук зыркырап.
Кудай өзү сактасын,
Асман, жерлер бузулуп,
Кетеби деп быркырап.
Матоодо төө бышкырып,
Ат кишенеп кошкуруп.
Таш короолор калдырап,
Эчки, койдун баарысы
Үркүп чыкты чүчкүрүп.
Желеде уйлар өңгүрөп,
Байлаган жиби үзүлүп,
Өкүмү күчтүү кудайдын
Өткөрө кыйын иш болду,
Өлүмдү эске түшүрүп.
Алданын иши ушундай,
Аманат бенде курусун,
Акыл жетпес караса,
Кудуреттин жумушун.
Жер дүйнөнү туйлатып,
Көрдүңбү мыкдай кылышын.
Добуш тартып дүрүлдөп,
Жаның чыгып зирилдеп,
Өлүмдөн башка ойлобой,
Акылың кетти бириндеп.
А… кудайлап жалбарып,
Алда кандай болор деп,
Уктаган балдар ойгонду,
Ыйлабай өзү сооронду,
Алда кандай жорук деп,
Эси чыгып жаш балдар,
Булар дагы ойлонду.
Жан-жаныбар макулук,
Бир чочубай койбоду.
Туурда куштар талпынып,
Ат кошкуруп алкынып,
Адам кантип коркпосун,
Акылы башта бар туруп.
Мына мындай өңдөнгөн,
Мындай жорук ким көргөн.
Билгенге айткан бул сөзүм,
Битине[3] жорук бендеден,
Адетте болбос мынчалык.
Жер кыймылдап термелген,
Жараткан алла кудурет,
Бендеге кылган айбаты,
Ай тутулуп жарытмак
Күн кетилип нур таймак.
Куйруктуу жылдыз көп чыгып,
Асмандагы ай, күндү
Бетин жаап кир чалмак.
Адам заттын шумунан,
Анты, шерти убада
Баары кетти жалтайлап.
Эл кыдырды кожолор,
Амал кылбай молдолор,
Адам акын көп жеди,
Түрлүү түрлүү бенделер.
Кууланган жорук көбөйдү,
Кудайдан башка ким билер.
Акыретке барганда,
Адам бенде тергелер.
Бенденин кылган күнөөсүн,
Өзү турган жер көрөр.
Адистен уккан бул сөзүм,
Адам бенде шумунан
Кара жер минтип термелер.
Кайсы сөзүм айтайын,
Карап турчу бенделер.
Жан аманат болгон соң,
Инсап кылсак оң келер.
Каршылык кыл деп китепте,
Кайсы молдо жол берер?
Ыйман жайын билбеген,
Ибилиске[4] кол берер.
Насипке кылсаң канаат,
Ыйманың болор саламат.
Сынап турчу жарандар,
Зилзала болгон аманат.
Жер чайкалып туйламак,
Там жыгылып куламак.
Далай адам зар кагып,
Кайгы тартып куурамак.
Чүйдүн башы чоң Кемин,
Мен айтайын билгеним,
Анык билген адамдар,
Айтып берди көргөнүн.
Үч жүздөн артык киши деп,
Жери нурап өлгөнүн.
Там жыгылып баскандын
Өлүгүн алып көмгөнүн.
Санаага келбес иш болду,
Замандын көрчү түрлөрүң.
Биздер бала жаш чакта,
Жер чайпалмак бар эле,
Билген адам билбесе,
Бул эмне болду деп,
Билбегендер көп эле.
Там жыгылып жер көчкөн,
Мындай жорук жок эле.
Ушу жылкы зилзала,
Барабар келди баарына.
Адам бенде курусун,
Башка коркунуч келген соң,
Баарыдан ширин жан тура.
Тамам жандар ойгонуп,
Барды көзү уйкуга.
Жыгач үйлөр карчылдап,
Жер дүңгүрөп тарсылдап,
Кагылайын кудай деп,
Карап турдук калтылдап.
Бир жагынан ит үрүп,
Улуп-уңшуп арсылдап,
Жер бузулуп кетер деп,
Чочуп турдук калкылдап.
Ушу жолку зилзала
Ойлосоңуз жаранлар,
Айбаты кыйын көрүндү.
Жан-жаныбар макулук,
Бир жанынан түңүлдү.
Тамда жаткан адамдар,
Ала качып өз башын,
Жылаңач чыга жүгүрдү.
Абайлачы жигиттер,
Ушу сөзүм төгүнбү?
Катыны жатса карабай,
Балаларын эстебей,
Далай адам жылаңач
Чыккан экен чыдабай.
Адам бенде курусун,
Акыл-эсти курутуп,
Коркутпачы кудай ай!
Таш кулады там тургай.
Жер жарылды ал тургай.
Канча жанды тоо басты,
Бирде бирин калтырбай.
Алигече эстесе,
Жүрөк турат солкулдай.
Чочутпады да болсо.
Чоң Кеминдин калкындай
Миң шүгүрлүк кудайга,
Сактады бизди ушундай.
Куп жакшылык болду да
Коркунуч бизге көрүндү,
Залалы болуп кудай ай!
Санаабыз жаман бөлүндү,
Казан-аяк калдырап,
Кумганда суулар төгүлдү.
Кайсы бирин айтайын,
Ойлодук кыйын өлүмдү.
Оюңуздан түшүрбө,
Өкүмү күчтүү теңирди.
Чүйдүн башы Чоң Кемин,
Далай жанды таш басып
Жер көчкүнүн жүргөнүн.
Беткейдеги карагай
Жери менен жылганын.
Байкап турчу жараңдар,
Кудуреттин кылганын.
Канча жанды жер басты.
Андан салган ажалын.
Талкаланды там үйлөр,
Далаадагы жандардын
Не болгонун ким билди.
Ажалы жок жандарга,
Алда таала жол берет.
Ороодогу эгинди
Жер жарылып житирди.
Капчыгайдан таш кулап,
Кара жолду бүтүрдү.
Тескейдеги жыгачты
Орду менен көчүрдү.
Тоо жарылып токтобой,
Аска таштар бузулду.
Ажалы жок адамдар,
Аман качып кутулду.
Кудуреттин иши көп,
Ойлоп көрчү ушуну.
Айта берсем көп жатыр,
Бул өңдөнгөн кызыгы.
Төшөктөгү адамдын
Бири өлүп, бири бар,
Кайда болсо алаамат,
Ажалдууга жолугар.
Там жыгылып, таш тийсе,
Адамдын кайсы алы бар.
Бешиктеги бир бала,
Аман калды жаныбар.
Талкаланды бешиги,
Тобокелди кылыңар,
Бул өңдөнгөн «сонундан»,
Айта берсе дагы бар.
Солкулдады Чоң Кемин,
Күңгөйдөгү Байсоорун,
Там жыгылып, таш басып,
Далай жандын өлгөнүн
Билгендерден сурасак
Айтып берди көргөнүн.
Бир канча жер жарылып,
Ысык Көлгө киргенин.
Ынанбасаң барып көр,
Муну жалган дебегин.
Алааматтын белгиси,
Ойлосоңуз жарандар,
Акыр заман шумдугу,
Кара дажаал[5] жажуждар[6],
Чыгар болжол болдубу.
Китептерде мазмуну
Келип турат чындыгы.
Же болбосо кудайым,
Бизге айбат кылдыбы!
Жер силкинип туйламак,
Жер силкинип быркырап,
Жалгыз аёо калбады.
Шондон бери зилзала,
Адетте жок туйлады.
Андан мурун эки жыл
Бир канчалык чайкалды,
Кыйын болду ал дагы,
Төшөктөгү адамды
Калбырдай кылып ыргады.
Андан соңку Кашкардан
Далай кыштак кыйрады.
Жер дүйнөнү силкинтип,
Жараткандын барманы.
Үлкөндүгүн көргөзүп,
Абдан «сонун» буйругу
Адетте болгон иш болсо,
Коркпос элек ойлонуп,
Көрбөгөнгө чыдабас,
Көзү туюк бенденин,
Сактап турар барчаны,
Теңирим өзү дем берип.
Ырыскы менен насипти,
Чыгарып турар бир берип,
Алалдыкты көргөзүп
Акылдууга жөн берип.
Жерге зыйнат болсун деп,
Көк шиберден өң берип,
Айбат кылып адамга
Ар бир убак кара жер,
Калкылдады тербелип.
Алда таала ишин көр,
Асман жердин тирөөсүн,
Акыл жетип турса да,
Адам бенде уноосуз,
Бар экенин билесиз.
Маанилерин сурасаң,
Аршы курси нухкалам
Сөз болмайды жүйөсүз.
Ушу турган жер асман,
Күндү көрсөк чырактан,
Айды жарык жаратты,
Жүзү жарык ровшан[7].
Айтып берер молдолор,
Жакшы байкап сурасаң.
Ыйманыңда кубат бар,
Айтканына ынансаң.
Ынанбасаң өлүмгө,
Барбай койчу чыдасаң.
Жер тууралы сүйлөдүм,
Кайсы кепке баратам.
Буда жаман сөз эмес,
Баарын ишке жаратам.
Асманда бир бериште,
Аузи коухар бейиште.
Куйрук кылды адамга, —
Кара жерге жүрүшкө.
Акыл жетип болбоду,
Наркы түбүн билишке.
Бендесине ылайык
Кудуретинен көрүшкө.
Айран калып турабыз,
Жер силкинип жүрүштө.
Сабыр берсин бендеге.
Салса кудай ар ишке.
Чоң Анжыян, чоң Кашкар,
Зилзаладан бузулду.
Ажалы жок адамдар,
Чыга качып кутулду.
Тагдыр жеткен бенделер,
Тамда калып тутулду.
Беш-алты жыл ичинде
Бир алаамат башталар.
Байкап көрчү ушуну,
Солкулдады кара жер.
Акылдуу жан биле көр,
Ыйманы бар эр болсоң,
Инсап менен жүрө көр.
Барча момун дин ислам,
Байка сөздү Кылычтан.
Он сегиз миң бу аалам,
Орду мына жер, асман.
Сегиз бейиш жанатты
Ракматынан жараткан.
Каныр, шайтан, малгунду,
Дозогуна караткан.
Дөө, пери, адамды,
Бу дүйнөгө тараткан.
Кара жерди силкинтип,
Баары жанды чыдаткан.
Буйрук кылса кудайым,
Тоону, ташты кулаткан.
Алматыны, Кашкарды,
Абал мындан баштады.
Анжыянды зилзала,
Бүлүндүрүп таштады.
Сүйлөбөйлү кудайдын
Кудуретинен башканы.
Баары туташ кара жер,
Муну байкаи биле көр,
Жер силкинсе бир жерге
Билбей калар башка эл.
Кудуретине таң калып,
Жараткандын ишин көр.
Он сегиз миң бу аалам,
Жамгыр түшөр авадан,
Акыл жетпес иштер көп,
Бары буйрук кудайдан.
Ар макулук жандарга
Насип жетер эгемден.
Жаркыраган күн, асман,
Үстүбүздө көгөргөн,
Бары турар мугалак[8],
Кудуретине сүйүнгөн.
Асман-жерлер танапсыз[9].
Бир-бирине жөлөнгөн
Анан наркы түбүнө,
Ойлоп акыл түгөнгөн.
Ойлоп акыл жеткизбей,
Айран-азыр калдырып,
Кара сууну шам кылды,
Караңгыга жандырып.
Канаттууну чыгарды,
Жумурткадан жардырып.
Кудуретине карагын,
Акылыңды бардырып.
Ойлосоңуз кетпеңиз,
Тобоңуздан жаңылып.
Адетте жок иш болор,
Адам бейли бузулса.
Өзүбүздөн көрөлүк,
Береке журттан кысылса.
Адеттеги иш эмес,
Ай менен күн тутулса.
Бул эмне иш болду,
Кудуретине садага.
Каңтарылып кара жер,
Көчкү жүргөн не жорук.
Ойлоп акыл жеталбас,
Тобокелде бололук.
Тоого бүткөн жыгачтар,
Түзгө барып жамалып.
Кандай жорук кудай ай,
Инсап-топук кылалык.
Жердегеним кең Кочкор,
Аяк жагы Семиз Бел,
Нар жагына карасаң,
Мелтиреген Ысык Көл,
Жер силкинип жарылды,
Байсоорунду барып көр.
Зилзаладан чочуду,
Жаны чыгып далай эл.
Чочуганда кантебиз,
Сакта кудай тобокел,
Чоң Кеминде бузулду,
Ою-тоосу канча жер.
Жалпы журтка кудайым,
Жакшылыкты бере көр.
Дин мусулман агайын,
Сактагуучу кудайым.
Акыр заман белгиси,
Сизге баян кылайын,
Китептерде сөзү бар,
Ынанбасаң табайын.
Заман андай болмогу,
Жерге бузук толмогу,
Ар сонундун иш чыгар,
Мына ушул болжолу.
Былкылдабас кара жер,
Азоо аттай туйлады.
Сонун иштер көп болду,
Шумдугунан бенденин.
Алалдыкка арзыбай,
Сүткө кылар сооданы.
Ырыскыга мал чачып,
Журтуң кылды кооганы.
Үстүбүздө асман көк,
Айы бирөө, жылдыз көп,
Күн чыкканда түн кетер,
Мунун жолу бир бөлөк.
Адетеги иштер бул,
Ар жаныбар төлдөмөк.
Ушул акыр замана,
Жер силкинип туйламак.
Турар көзүң алайып.
Айтып өттүм далай сөз,
Акыр заман журтуна.
Калкылдады кара жер,
Качан болсо уйкуда.
Канча кепти сүйлөдүм,
Бир чыкпадым учуна.
Болду мына бу сөзүм,
Бүткөрөйүн төтөсүн.
Молдо Кылыч бечара,
Акыр бир күн кетесиң.
Өзүңүздү байкайтын
Элди-журтту нетесиң.
Тобо кылсаң күнөөгө,
Даражага жетесиң.
Көрүп келе жатабыз,
Өлгөндөрдүн нечесин.
Өмүрүңчө сүйлөдүң,
Кайсы бирге түтөсүң.
Канча казал чыгардың,
Кайдан жүрүп жетесиң.
Жерим Кочкор далаасы,
Журтум кыргыз арасы.
Темир, Болот болушум,
Бишкекиский үйөзү.
Эли журтум черикчи,
Ушу сөзүм ырасы,
Төрөкелди бабабыз,
Журтка кеткен азабы.
Айып көрбөй оңдоп көй,
Болсо сөзүм чаласы.
Тамам болду акыры,
Бул сөзүмдүн чамасы.
Тамам.
[1] Нурап – урап
[2] Жан алгуучу – жаналгыч.
[3] Битине – битир, сараң.
[4] Ибилис – азезил, шайтан.
[5] Дажаал – заман акырына жакындаганда элди азгыра турган алдамчы.
[6] Жажуждар – ит жээр, бит жээрлер.
[7] Ровшан – жаркын, жаркырак, таза.
[8] Мугалак – Мекедеги асманда таянычсыз же тарткан эч нерсеси жок турган ташты саңгил мугалак дейт.
[9] Танапсыз – жипсиз.

 

Молдо Кылыч Шамыркан уулу

(1866- 1917)

Кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.

Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Чыгармалары: “Чүй баяны”, “Керме тоо”, “Канаттуу”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Кыз-жигит”, “Мал казал”, “Жатакчылар”, “Чүй канаттуулары”.

Сатиралары: “Бүркүттүн тою”, “Он жети бий”, “Качанак Молдо Сулайман”, “Молдо Дүйшө”.

Санаттары: «Зар заман”“Азаматтар”, “Сапар”.

Кошоктору: “Байтайлак” ж.б.

Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык ойду билдирип турат.

Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясый кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button