Адамдагы эң коркунучтуу жана эң талуу тамыр бул «мен »деген текеберликтин тамыры. Дал ушул тамыр күч алган адам өтө оор күнөө иштерге ойлонбой бараары бышык. Чындыктын жанында болууга бей байлагандар текеберликтен арылуу менен гана чындыкка кызмат кыла алышат…
Пайгамбар ﷺ айтты:
«Текеберчилик бул – акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдарды кемсинтүү» (Муслим, Абу Дауд).
Текеберлик – бул өзүн-өзү жогору сезүү, бой көтөрүү, бирөөнү төмөн көрүү. Өзгө адамдарды төмөн сезүү, маани бербөө, этибарга албоо, шылдың көз караш менен кароо сыяктуу терс туюмдар. Алланын алдында башка адамдарга салыштырмалуу өзүн жогору сезүү да текеберлик. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган өтө коркунучтуу текеберликтин түрү – бул Алланын өкүмдөрүн этибарга албай төмөн көрүп, аларды кабылдоого демдин жетпеши.
Абу Зардын (ра) айтуусунда, Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Үч тайпа адам бар. Кыямат күнү Алла Таала алар менен сүйлөшпөйт, назар салбайт жана аларды таза адамдардын катарына кошпойт. Алар үчүн жан чыдагыс азап даярдалган. Алар; кийими сүйрөлүп (жер чийип) бой көтөрүп баскан, жасаган жакшылыгын колко кылган жана жалган касам ичип соода мал-мүлкүн жогору баада сатууга аракет кылган адамдар» (Муслим, Иман, 171; Абу Дауд, Либас, 25; Ибни Мажа, Тижарат, 30)
Улуулук тек Аллага гана таандык. Ошондуктан мусулман баласы ар качан Алланын улуулугун, кудуреттүүлүгүн даңазалап турат. Мисалы, күнүмдүк беш маал намаз «Аллаху акбар!» (Алла улук!) деп Алланын улуулугун даңазалап айтуу менен башталат. Намаз акырында дагы Алла Таала даңазаланып тасбих айтылат. Курмандык жана ажылык ибадаттарында шайтанга таш ыргытууда болсун, Каабаны айланып таваф кылуу учурунда болсун, айтор, ар ибадатта Алланын улуулугу даңазаланат.
Куранда текеберликтен улам ыйманга келе албай, түбөлүк бактысынан ажыраган коомдордун окуялары жөнүндө маалымат берилет. Мына ошол коомдордун бири Самуд коому эле.
Куранда мисал катары берилген аяттарда текеберликтин айынан Иблис, Фараон жана Карун сыяктуу каапырлар пайгамбарлардын чакырыгына каршы чыгып, Алланын аяттарын четке кагып, пайгамбарды жана ага ишенген момундарды да төмөн көрүп, аларга күчүнүн жетишинче зордук-зомбулук, кордук көрсөтүп зыян келтирүүгө аракет жасоо, коомго бузукулуктун жайылышын көздөп, элди кол алдына алып, сүлүк курттай шимирүү, зулумдук кылуу каапыр коомчулуктарынын башындагы атка минерлеринин өзгөрбөс өзгөчөлүгү боло келген. Бул өңүттөн текеберлик мусулман баласына түк жарашпас жат жосун.
Алла Таала аяттарынын биринде:
«Аллах текебер адамдарды, албетте, жакшы көрбөйт!» (Нахл 23) деп буюрат.
Алла Таалага карата текеберлик Анын пайгамбарларына ишенбөө, Анын буйрук-жарлыктарын кабыл албоо таризинде да жүзөгө ашат. Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн, эч бир өзгөрүүгө дуушар болбой бүгүнкү күнгө чейин нагызын толук кандуу сактап келген ыйык китеп – Куран. Куранды толугу менен Алланын ыйык китеби катары кабылдоо – ыймандын талабы.
Кээ бир динсиздер ыймандуулукту, намаз окууну, ибадат кылууну төмөн көрүп, артта калган «жарым жапайылык» сыяктуу кабылдап текеберленишет. Алла Таала:
«Текеберленип мага ибадат кылбагандар кор болуп тозокко киришет» (Гаафир сүрөсү, 60)
«Тозок өзүн жогору сезгендер үчүн кандай гана жаман жер!» (Нахл сүрөсү, 29) дейт.
Адамдарга карата бой көтөрүүнүн түрдүү себептери бар. Алардын негизгилери төмөнкүлөр: илим, ибадат, ата-тек, сулуулук, күч-кубат, байлык, мансап. Азгырык каракүч адамдарды көпчүлүк учурда мына ушулар менен алдап, аңга түртөт. Чынында эле мунун баары тең адам баласына убактылуу сыноо үчүн ыроолонгон. Чыныгы жогорулук акыретте белгилүү болот.
Текеберлик илим чөйрөсүндөгү, бийликтеги адамдардан, байлардан айкын байкалат. Текеберликтин алдын алуу үчүн Алла Таала мусулмандарды кичи пейил болууга буйурган.
Текебер адам акыйкатты кабылдай албайт. Напсине баш ийгендиктен, ал (напси) кай жерге бурса, ошол жакка багыт алат. Текеберлик бар аң-сезимде акыл болбойт. Адамдарды төмөн көрүү, кек сактоо, жек көрүү, кызгануу, көрсөтмөлүүлүк сыяктуу терс сапаттар текеберликтин талаптары. Ошондуктан напсинин тизгинин колго алып, өзүбүздү-өзүбүз теске салып, керек болсо суракка тартып, Алланын ак жолуна бет алышыбыз кажет.