Дүйнө жүзүндөгү 135 мамлекетти Курман Айт күнүнүн урматына Түркиянын диний фонду эт менен камсыздамакчы.
Курмандык катары союлчу мал-жандыктардын саны 239 414кө жетип, мал союлчу 275 пункт, 400 касапкана ачылат.
Мал союу ишине өз каалосу менен тандалып алынган 500 ыктыярчы катышат. Союлган мал жандыктарынын эттери Түркиядагы жана чет өлкөлөрдөгү бей-бечара, карып-мискиндерге , ошондой эле Сириядан качып келген бозгундарга таратылып берилет.