Сулайман Пайгамбарга (алейхиссалам) бир күнү эки аял келет. Алардын жанында али сүйлөй элек бир кичине бала бар эле. Бири дартын төмөнкүчө айтты:
— Эй, Алланын азиз пайгамбары. Мен талаада иштеп жатып, уулумду бешигине жаткызып уктатып койгон элем. Аздан кийин бул аял келди. Бала меники деп кыйкыра баштады. А чынында анын баласын абалдын арасынан бир карышкыр келип алып кетиптир. Эми менин балама ээ болгусу келип жатат. Сулайман алейхиссалам аялды уккан соң, тигил аялга сөз берди. Ал мындай деди:
— Эй, Алланын Элчиси! Бул аял жалган айтып жатат. Анык ушунун баласын карышкыр алпкеткен. А бала болсо меники. Так ушул менин балама ээ болгусу келип жатат!
Сулайман пайгамбар чечим чыгарды.
— Мага чоң жана өткүр кылыч алпкелгиле! Адамдары дароо буйрукту аткарды. Кылычты алып, балага кезеди.
— Баланы бөлүшө албай жатасыңар, экиге ортодон бөлөйүн, жартысын бириңер, экинчи жартысын бириңер алгыла. Сот иши ушинтип чечилсин.
Аялдын бири адроо ыраазы болду:
— Болуптур, ушундай болсун!
Тигил аял бакырып жиберди:
— Эй, Алланын Элчиси! Буга жан чыдай алабы? Мен каалабайм. Бала аныкы болсун, бирок ага эч нерсе болбосун!
Сулайман алейхиссалам акыркы сөзүн сүйлөйт:
— Баланын энеси табылды, баланын кимге таандык экени аныкталды! Алпкеткиле кызганчаак аялды!
Анан баланы балага эч нерсе болбосун деген аялга берди.
Даярдаган:Авлиёев Фуркат
БАТКЕН КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ