Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Баланы боорукер кылып тарбиялоонун 6 сыры
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Макалалар > Баланы боорукер кылып тарбиялоонун 6 сыры
МакалаларТарбия

Баланы боорукер кылып тарбиялоонун 6 сыры

admin
Жаңыланды: 2020/04/20 at 11:02 ТЧ
admin
Бөлүшүү
- Advertisement -

Гарвард университетинин психологдору изилдөө жүргүзүп, балдарды боорукер кылып тарбиялоонун 6 сырын ачышкан. Эгер балаңыз айлана-чөйрөдөгүлөрүнө кайрымдуу болуп чоңойсун десеңиз, анда төмөнкү кеңештерди пайдаланыңыз

Ар бир кылган аракетине жоопкерчилик тартууну үйрөтүңүз

Ата менен апа бала үчүн дайыма үлгү болуп келет. Ата-эне эмне кылса, аны балдары кайталайт. Балаңыз менен адеп, ыйман, экологиядагы глобалдык көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүңүз, жоопкерчилик тууралуу айтып берип, эң негизгиси сөз менен эмес, кылган аракетиңиз менен көрсөтүүгө далаалат кылыңыз.

 

Гарвард 1

Боорукер болуп алсыздарга жардам берүүнү үйрөтүңүз

Балдар бир гана жакындарына жана досторуна жан тартпай, колдоого муктаж болгон адамдарга жардам берүүнү билиши керек. «Сен өзүңдү анын ордуна коюп көрчү, эмне кылмак элең?»,-деген суроону бериңиз. Бул маселени  толук ачып бериңиз:

— Балким ал кийими жоктур же болбосо анын үй-бүлөсүндө акча тартыш»,- деп айтып түшүндүрүңүз. Социалдык жоопкерчиликке үйрөтүңүз.

Гарвард 2

Ыраазы болууну үйрөтүңүз

Балаңыз өз сезимдерин билдирүүдөн уялбасын. Аздан баштаңыз, мисалы тамак даярдаган чоң энеге рахмат айтып, кучактасын: «Сени кийинтип, үйдү жыйнаган апаңа, эжеңе ыраазычылыгыңды билдир»,-деп айтып туруңуз.  Изилдөөлөгө ылайык өз сезимдерин уялбастан билдирген адамдардын дени сак болот.

Гарвард 3

Этика жана баалуулуктар тууралуу түшүнүк бериңиз

Балаңыздын окуудагы же спорттогу ийгиликтерине гана эмес, адеп-ахлагына дагы чоң көңүл буруңуз. Убадасын аткарабы?  Калп айтпайбы? Өзүнөн алсыздарга жардамга келеби?  Улууларды сыйлайбы? Кимдир-бирөөнү адилетсиз таарынтып жатышса кандай чараларды көрөт? Балаңыз сизден үлгү алаарын унутпаңыз.

Гарвард 4

Чогуу көп убакыт өткөрүүгө аракет кылыныз

Эгер балаңыз менен тартип тууралуу сүйлөшүү менен чектелсеңиз анда сиз начар тарбиячысыз. Ортоңуздарда ишеним пайда болушуна аракет кылыңыз, көбүрөөк чогуу ойноп, аңгемелешип, сырдашып, эс алганга аракет кылыңыз. Балаңыз сиздин мээримиңизди сезиши керек. Ошондо гана ал боорукер, ак ниеттүү болуп чоңойуп, айланадагыларына дагы жакшы мамиле кылганды үйрөнөт.

Гарвард 5

Балаңызды өз эмоциясын көзөмөлгө алууну үйрөтүңүз

Ачууга алдырбай өзүн кармай билүүнү кичинекей эмес, чоң кишилер дагы жакшы билбейт. Бирок баланы кичинесинен сабырдуулукка үйрөтүп, өзүн кармай билүүнүн жолдорун көрсөтсө болот. Мисалы, жаңыдан жини кайнай баштаган балаңызды токтоп терең -терең дем алууга үйрөтүңүз.

Гарвард

Булак

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Боорукердик
admin 11.05.2017
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Сот ишин чечкен эне мээрими
Кийинки макала Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (57)
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?