Анда президент Садыр Жапаров коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан казино маселеси боюнча берилген суроого жооп берип жатып, дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбоо керектигин айтты:
«Мени беш жылга шайлап, өзүңөрдүн жана мамлекеттин тагдырын ишенип бердиңерби? Эми ошол ишенимиңерди актаганга мага мүмкүнчүлүк бергиле да. Казино менин жеке кызыкчылыгым эмес, бүткүл мамлекеттин кызыкчылыгы. Каршы чыккандардын арасында кээ бирөөлөрдүн жеке акчалай кызыкчылыктары бар. Кээ бирөөлөрү динге таянып каршы чыгышууда. Мен аларды туура түшүнөм. Бирок мамлекет динден тышкары. Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла. Каршы чыккандар менин ордумда болуп, мамлекеттин бүгүнкү экономикалык акыбалын ичинен көрүп турган болсо, эч качан каршы чыгышмак эмес. Тескерисинче, колдоп турушмак. Бүгүн дүйнөдө кайсы гана мамлекет болбосун, арам менен адалды ылгабайт. Эртең менин ордума президент болуп молдо келип калса дагы, элин багышты, мамлекетин кризистен чыгарып, жаштардын жаркын келечегин куруп кетишти ойлонот. Бүгүн бир нече мусулман мамлекеттеринде дагы казинолор иштеп жатат. Ортобузда экономика үчүн күрөш жүрүп жатат. Бул күрөштө каршы чыккандын ордуна ар бир кыргызстандык бийликке жардам бериши керек. Арканды алыс таштап, ар бир маселеде терең ой жүгүртө билиш керек»-деди президент.
Деп туруп абам диний чапанды эмнеге кийди же озуно пайдалуу болсо динди аралаштырса боло береби?