Бир күнү океанга сапар тарткан бир кеме кырсыкка кабылып, чөгүп кетти. Кемеден бир гана киши кутулду. Толкундар бул кишини кичинекей, адам буту баспаган бир аралга алып келди. Ал оболу өзүн куткарыш үчүн Аллага ар убак жалбарды, бир жардам келер бекен деп дайыма горизонтту карады. Бирок эч ким келген жок.
Аралда мажбурдуу түрдө жашоого туура келгендиктен, шамалдан, жамгырдан жана зыяндуу айбанаттардан коргонуу үчүн дарактын бутактарынан чакан кепе куруп алды. Чөккөн кемеден жээкке келип калган консерваларды, компастарды жана башка буюмдарды бул кепеге ташыды. Күндөр бири-бирине окшош болуп өтүп жатты. Балык кармап, аны бышырып жеп, дайыма горизонтту карап, бул ээн жерден кутулуу үчүн Аллага жалбарчу.
Бир күнү суу алып келүү үчүн жолгон чыгат. Кайра артка кайтканда, кепесинин алоонуп күйүп жатканын көрөт. Түтүн айланып, асманга көтөрүлүп жаткан экен. Бул ал үчүн эң жаман нерселердин бири эле. Муну көргөндө эмне кыларын билбей, апкаарып туруп калды.
«Аллахым, муну мага эмне үчүн кылдың?» — деп сыздады. Ал түндү өтө капалуу түрдө өткөрдү. Ушунчалык көп дуба кылганына карабастан Алланын бул окуяны анын башына чулгашы себептүү таарынды.
Эртеси таң эртеден аралга жакындап келаткан бир кеменин ачуу добушунан улам ойгонуп кетти. Ооба, аны куткарганы келе жатышкан эле! Болгондо да бардык нерседен үмүтүн үзгөн убакта.
— Менин бул жерде экенимди кантип билдиңер? – деп сурады.
Алган жообу аны ары таң калтырды, ары уялтты:
— Түтүн аркылуу берген белгиңди көрдүк.
Фуркат Авлиёев
buy priligy cheap What is clear, however, is the distinct lack of head to head, prospective data to settle this debate 19, 26