Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алейхи васаллам) өз сөзүндө:
«Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла»-деп буйруган. (Сахих муслим 1081).
2017-жылдагы Рамазан айынын башталышы болжолдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын 27-май, ишемби күнүнө белгиленүүдө.
Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмүкүн.