АалымдарМакалаларӨрнөктүү өмүрлөр

Абдышүкүр ажы Нарматов: “Ар бир үйдө бейишке карай ачылган эшик бар”

Биздин ар бирибиздин үйүбүздө бейишке карай ачылган эшик бар. Бирок тилекке каршы, көпчүлүгүбүз эшик ачык турганда анын кадырына жетпей, качан гана ал жабылып калганда гана бармагыбызды тиштеп өкүнүп, «аттиң ай!..» – деп арман кылабыз. Деги ал кандай эшик болду экен?

Ал албетте, биздин ата-энебиз.

Жахима Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Мен казатка аттангым келди. Мына ошондуктан сени менен кеңешкени келдим, – деди.

Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин энең тирүүбү? – деп сурады.

Ал:

– Ооба – деп жооп берген кезде, Пайгамбарыбыз ага карап:

– Андай болсо, анын алдынан жылбагын. Анткени бейиш – анын таманынын астында – деди.

Мына ушул хадистин негизинде: «БЕЙИШ – ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА» – деген куттуу сөз айтылып калган.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бейиш сенин энеңдин таманынын астында болсо, анын ортоңку дарбазасы сенин атаң болсо, анда эмне үчүн сен бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн кадырына жетпейсиң!? Эмне үчүн бейиштин эшиги сенин үйүңдө турса, аны башка тараптан издейсиң?

Мурдагы заманда ыймандуу адамдардын бирөөсүнүн энеси каза болот. Ал абдан кайгырып, көз жашын төгө боздоп ыйлайт. Курбу-курдаштары аны жубатканга аракет кылышканы менен анын ыйын токтото алышпайт. Эч айласы калбаганда курбу-курдаштары ага:

– Сен эмне Алла Тааланын тагдырына нааразы болуп жатасыңбы?! Энең менен акыретте жолугарыңа ишенбейсиңби?! – деп айтышат. Ошондо энесинен айрылган тиги киши:

– Мен энемдин каза болгонуна эмес, үйүмдөгү бейиштин эшиги жабылып калганына абдан кайгырып жатам – деп жооп берген экен.

Азыркы учурда баарыбыздын жумушубуз көп. Кээ бирибиз жумуш, кээ бирибиз окуу, дагы кай бирибиз ар түрдүү көйгөйдүн артынан чуркап, үйүбүздөгү бейиштин эшигин эсибизден чыгарып коёбуз.

Убакыт деген – бул зымырык куш тура. Эч бир нерсе мурдагысындай эле бир калыпта өзгөрбөстөн тура бербейт экен. Жаңы эскирет, мата жыртылат, темирди дат басат, тирүү жандык өлөт, бар жоголот, жок болгон унутулат… Мына ошондуктан үйүңүздөгү бейишке карай ачылган эшик дайыма эле ачык тура бербейт экен. Анын да жабыла турган учуру келет тура. Бирок анда баары кеч болуп калат.

Абдуллах бин Масуд Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алланын элчиси! Кайсы амал Алла Таалага ары жагымдуурак, ары сүйкүмдүүрөөк? – деп сураганда, Пайгамбарыбыз ага:

– Өз убагында окулган намаз – деп жооп берет. Кутман сахаба:

– Андан кийин кайсы? – деп узаткан суроосуна:

– Ата-энеге жакшылык кылуу– деген жооп алат.

Кутман сахаба кайра эле:

– Андан кийин кайсы? – деген суроосун узатканда, ага Пайгамбарыбыз :

– Алла Тааланын жолунда жихад кылуу – деп жооп берет.

Алла Тааланын жолунда жихад кылуу, казатка аттануу – исламдагы эң маанилүү жана өтө сооптуу амалдардан болуп саналат. Алла Тааланын жолунда жихадга чыккан адам ошол казатта шейит кетсе, анын бейишке кирүүсү милдеттүү болуп калат. Ал адамдын денесинен аккан кандары кыямат күнүндө миск-атырдын жытындай жыпар жыты буркураган шейит болот. Бирок, Пайгамбарыбыз ата-энеге жакшылык кылууну жихаддан да алдыңкы, андан да жогорку орунга койгон.

Ардактуу Пайгамбарыбызга бир жигит келип, анын да жихадга аттангысы келгендигин, ошон үчүн уруксат берүүсүн суранат. Анын сөзүн угуп, оюн билгенден кийин Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин ата-энең тирүүбү? – деп сураганда тиги жигит:

– Ооба, экөө тең тирүү – деп жооп берди. Анын жообун уккандан кийин Пайгамбарыбыз ага:

– Андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын, – деген кеңешин айтып, ал жигиттин жихадга чыгуусуна уруксат бербестен, ата-энесине кызмат кылуусун буйруган.

Биз бул хадисти көп эле жолу угуп жүрөбүз. Бирок, анын маанисин, хадистин төркүнүн жакшы түшүнбөйбүз. Пайгамбарыбыздын, «андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын» – деп айтышынын себеби, ата-эне картайган кезде алдан-күчтөн тайып, башка бирөөнүн көмөгүнө аябай зар болуп калгандыгы үчүн аларды кароо перзенттери үчүн оор болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, картайган адамдын кыялы жаш баланыкындай болуп калары бышык. Андай кезде аларга демейдеги кадыресе болгон сөздөр да оор болуп, ар бир айтылган же жасалган ишти өзүнүн көңүлүнө жакын алып алуусу турган иш. Баласынын айткан сөзүнө түшүнбөй же кулагы укпай калышы ыктымал. Мына ошондой учурда баласы ата-энесине сабыр кылып, аларга кызмат кылуусу – бул Алла Тааланын жолунда жихад кылууга тете. Керек болсо, андан да жогору турат.

Эми өзүң терең бир ойлонуп, өткөндү эстечи. Сенин да тилиң жаңы гана чыгып, көзүңө көрүнгөн нерсенин баарын «ал эмне?», «тетиги эмне?»- деп сурай бергениңде, ата-энең тажабастан берген суроолоруңдун баарына жооп берчү эле го. Алар сага бир да ачууланбастан, кайра тескерисинче, сенин ар бир сөзүңө кубануу менен жооп беришчү. Сен эми ошонун акысын, кайрымын бербейсиңби?

Ата-эне ооруп төшөктө жатып калса, ордунда даарат ушатып калса, сен ага сабыр кылып, жихад кылгын. Сен да ымыркай кезиңде, ордуңда даарат ушатчу кезиңде сенин энең ар бир саат сайын алдыңды тазалап, сени бапестеп караган эмес беле?! Ал сенин андай жоруктарыңа ачууланбастан, кайра тескерисинче, «баламдын ден соолугу таза экен» – деп, кубанычтан албырган жүзү менен сага мээримин төкчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын, «андай болсо сен ал экөө үчүн жихад кылгын!» – деп айткан сөзүнүн мааниси, түпкү төркүнү мына ушунда жатат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эненин перзенти үчүн тарткан азабы, толгоосу, чүрпөсүн багуудагы көргөн кыйынчылыгы, эмизген ак сүтү, кылган кызматы эч качан акталбайт. Эч бир жан энесинин ак сүтүн, баласы үчүн кылган кызматынын акысын толугу менен төлөй да, актай да албайт.

Улуу сахабалардын бири Абдуллах бин Умар ажылык амалын аткарып жаткан учурда, энесин мойнуна көтөргөн бир жигит келип:

Мен энемди Хорасандан бери мойнума көтөрүп келип, Каабаны жети айланып, ажы амалдарын аткарттым. Эми мен энемдин ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт. Ал кишинин айткан сөздөрүн уккандан кийин Абдуллах бин Умар ага мындай дейт:

– Жок! Сен энеңдин ак сүтүн актаган жоксуң. Керек болсо, анын сени төрөш үчүн тарткан бир толгоосун да актаган жоксуң. Бирок, сен сооптуу иш жасап, энеңе жакшылык кылдың. Ошентсе да, Алла Таала аз гана амалга мол сооп бере турган Айкөл Зат.

Чынында эле карыган ал байкуш эне өз алдынча эч бир нерсе жасай албайт эле. Уулу энесин даарат ушаттырып, ага даарат алдыргандан кийин түз эле ошол кездеги улуу халифа Умар бин ал-Хаттабга барды. Себеби, улуу халифанын уулу Абдуллах бин Умардын айткан сөзүнө канааттанган эмес. Жигит халифанын алдына кирип, энесин тээ алыстан бери көтөрүп келип, ажылык амалдарын аткартканын айткандан кийин:

– Оо, момундардын амири! Адилеттүү өкүмдар! Мен энемдин акысын, ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт.

Умар ага жөн гана жайбаракат, бирок ишенимдүү түрдө:

– Жок! Актай алган жоксуң – деп айтты.

Мындай жоопту күтпөгөн жигит халифадан оң маанайдагы жоопту алуу үчүн:

– Карасаңыз! Жакшылап ойлонуп көрсөңүз… Мен аны жонума көтөрүп келбедимби?.. Бүтүндөй убактымды ага бөлүп, өзүм кызмат кылбадымбы?– дейт.

Ошондо халифа Умар ага мындай дейт:

؟

– Өзүң да бир ойлонуп көрчү. Энең да сага жаш кезиңде кабагым-кашым дебестен кызмат кылган. Бирок, ал кызмат кылган кезинде сенин көпкө жашашыңды тилек кылган. Азыр сен да энеңе кызмат кылып жатасың. Бирок, сен кызмат кылып жатып, мындай кыйынчылыктан батыраак кутулууну самайсың. Эми өзүң айтчы, экөө бири-бирине тең келеби, оо, Кудайдын кулу?

Алла Таала Курани Каримде минтип айткан:

«Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен көтөрүп жүрөт. Төрөлгөн соң аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!» – деп айткан.

Мына ошентип ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таала бизге осуят кылды. Ошондой эле, осуяттын өкүмү буйруктун өкүмүнөн жогору турат.

Оо, менин мусулман бир тууганым!

Карагын. Энең сени кыйынчылык-тын үстүнө кыйынчылык менен тогуз ай көтөрдү. Эненин курсагында бала чоңойгон сайын аны көтөрүү эне үчүн кыйындагандан кыйындай берет. Ошого карабастан, курсагындагы бала чоңойгон сайын эненин кубанычы да көбөйүп, арта берет. Андай кубанычты энелерден башка эч бир жан билбейт. Эне тогуз ай курсагына көтөрүп төрөгөн баласын эки жылдай кучагында, көкүрөгүндө көтөрөт. Андан кийин деле өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүрөт. Ошентип, эне өзү бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин балдарын кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен жүрөгүндө көтөрөт. Эненин сен үчүн кылган мына ошондой жакшылыктарына шүгүр келтирбесек, ага өз ыраазычылыгыбызды билдирбесек, кызматын кылбасак, анда биз кимбиз?! Ата-энени ыраазы кылып, алардын бата-дубасын ала албаган адам бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу боло албайт. Бул тууралуу мына бул куттуу хадисти айтпай кетсек болбостур:

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз минбарга чыгып баратып:

– Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! – деп кайталайт.

Сахабалардын бири:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси, кимди айтып жатасыз? – деп сурайт.

Ошондо Пайгамбарыбыз :

– Улгайган ата-энесинин бири же экөө тең тирүү кезинде, бейишке кире албаган адамды, – деп жооп берет.

Күндөрдүн биринде Муса пайгамбар Алла Таалага кайрылып: «Оо, Кудайым! Бейиште мени менен бирге боло турган адамды мага көрсөтчү» – деп суранат. Алла Таала тарабынан: «Азыр сенин жаныңдан өткөн адам сени менен бейиште бирге болот», – деген жооп келет. Ошол убакта анын жанынан жупуну кийинген касапчы жигит өтүп калат. Муса Пайгамбар таң калат да, анын артынан ээрчип жөнөйт. Жигит кичинекей бир алачыкка барып, ичине кирип кетет. Муса пайгамбар анын артынан келип караса, жигит бир картайган кемпирге тамак берип, анын буту-колун ушалап, ага төшөк салып берет. Кемпир анын кулагына шыбырап дуба кылат. Жигит кайра чыккандан кийин Муса пайгамбар андан: «Бул кемпир ким?», – деп сурайт. Жигит: «Бул менин энем. Күн сайын жумуштан келгенде ага тамак берип, ал-абалын сурап турам», – дейт. Муса пайгамбар: «Ал сага азыр эмне деп бата берди?», – деп кызыга сурайт. Жигит ага: «Оо, Алла Таалам! Менин баламды Имрандын уулу Муса Пайгамбар менен бейиште бирге кыла көргүн деп дуба кылды», – дейт. Муса Пайгамбар: «Анда энеңдин дубасы кабыл болуптур. Мен Имрандын уулу Мусамын. Алла Таала тарабынан мага экөөбүздүн бейиште бирге боло тургандыгыбыз тууралуу кабар келди» – деп жигитке сүйүнүчтүү кабар айтат.

Келиңиздер! Бир жакшылап ойлонуп көрөлүчү. Эмне үчүн биздин азыр кылган дубаларыбыз кабыл болбой жатат? Балким, бул атабыздан же энебизден жүз сом акчабызды аяп жатканыбыздан болуп жүрбөсүн? Ар бирибиз өзүбүзгө-өзүбүз суроо берип көрөлү: Ата-энеңе акыркы жолу качан белек алып бердиң эле? Аларды акыркы жолу качан зыярат кылдың? Алардын ал-абалын акыркы жолу качан сурадың экен?..

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ооба, баарыбыз ибадат кылууну, сооптуу амалды жасаганды каалайбыз. Намаз окуйбуз, ажылык амалын аткаргыбыз келет. Бирок, ошол ибадаттардын сообундай соопко ээ кыла турган ата-энеге жакшылык кылуудан эмнегедир аксап келебиз.

Куттуу хадистердин биринде минтип баяндалат:

Анас бин Маликтин айтканы боюнча:

Сүйүктүү Пайгамбарыбызга бир киши келип:

– Мен да жихадга чыгууну самаймын. Бирок, ага менин кудуретим жетпейт, – дейт.

Пайгамбарыбыз андан:

– Ата-энең тирүүбү? Жок дегенде бирөө барбы? – деп сурайт. Ал киши:

– Ооба, энем бар, – деп жооп берет.

Ал кишинин жообун алгандан кийин Пайгамбарыбыз ага минтип айтат:

– Энең тууралуу Алла Тааладан корккун (жана ага урмат-сый көрсөтүп, жакшылап карагын)! Эгер энең (жасаган кызматың үчүн) сага ыраазы болсо, анда сен ажы, умра жана жихадга чыккан (ушуларды аткаргандай чоң соопко ээ) болосуң. Алла Тааладан корккун жана ага жакшы мамиле жасагын!

Факих Абу Исхак ал-Бухарий аттуу аалымга бир шакирти келип:

– Устаз, мен түшүмдө сиздин сакалыңыздан каухар-берметтердин куюлуп жатканын көрдүм, – дейт. Ага устазы жылмайган абалда күлүмсүрөп:

– Мен сакалымды энемдин таманына сүртүп жаткан болчумун, – деп жооп берген экен.

Эми ушул жерде энесине ак кызмат кылгандыгы үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мактоосуна татыган жана анын дубасын алганга сахабаларды үндөгөн адам тууралуу айта кеткенибиз оң болуп турат.

Күндөрдүн биринде Пайгамбары-быз улуу сахабалардан Умарга) карап:

– Эгер, йемендик Увайс бин Аамир силерге келип калса, колуңардан келсе анын дубасын алып калганга аракет кылгыла, – деген кеңешин айтат.

Увайс бин Аамир Йеменде жашаган жана Пайгамбарыбызды көргөн эмес. Ал эми Пайгамбарыбыздын андан дуба сурагыла деп айтуусуна, Увайстын ата-энесин абдан урматтагандыгы жана аларга кылган ак кызматы себеп болгон.

Ошентип Умар ар дайым Йеменден келген адамдардан: «Увайс аттуу адам келдиби?», – деп сурап жүрөт. Бир жолу адаттагыдай эле соода кылуу үчүн келген йемендиктерден сураса, алар ага Увайсты көрсөтүшөт. Ага келип:

– Сен Увайс бин Аамирсиңби? – деп сурайт. Тиги:

– Ооба, – деп жооп берет.

– Сен ала оорусу менен ооруп айыккан белең?

– Ооба. Мен ала оорусу менен ооруп айыкканмын. Бирок, бир теңгедей гана жерим ак боюнча калган, – деп ошол жерин көрсөтөт. Умар:

– Сен мен үчүн дуба кыл. Сенин батаңды алып калайын – деп суранат. Увайс:

– Оо, момундардын падышасы! Сен Пайгамбарыбыздын эң сүйүктүү жолдошу болсоң, мен сага кантип дуба кылып, кантип бата бермек элем? – деп баш тартат. Анда Умар:

– Мен Пайгамбарыбыздын: «Эгер Увайс келсе, андан дуба кылуусун сурангыла, батасын алып калганга аракет кылгыла» – дегенин укканмын. Андыктан, келгин да бизге өз батаңды бергин, – дейт.

Мына ошондой улук адамдан Пайгамбардын оозунан өзүнүн аты чыкканын уккан Увайс кубанганынан ыйлап, дуба кылып, батасын берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Алла Таала ар бир күнөө үчүн жаза даярдаган. Күнөөкөр пенде акыретте күнөөсүнө жараша жазаланат. Ал эми ата-энесин нааразы кылган адамдын жазасы акыретте да, бул дүйнөдө да болот. Ата-энесин карабай таштап кеткен, ата-энесине кол көтөргөн, аларга тил тийгизген, аларды жаман көзү менен караган ар бир бала жана кыз эртең эле өзү да ата-эне болот. Алар ата-энесине кылган мамилени ашык-кеми жок өз балдарынан көрөрү шексиз. Бул Алла Тааланын алар үчүн бул дүйнөдө берген азабы. Пайгамбарыбыз :

«… Ата-энеңерди урматтап-сыйлагыла! Мына ошондо өз балаңардын урмат-сыйын көрөсүңөр…» – деп айткан. Ал эми ата-энени нааразы кылган адам үчүн болуучу акырет азабы айтпаса да баарына маалым.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ата-эне бизден эмнени каалайт? Аларга биздин акчабыз, малыбыз, байлыгыбыз керек эмес. Аларга болгону сенин бир ооз жылуу сөзүң гана, бир гана жылуу көз карашың, болор-болбос убактың гана керек. Сенин аялың: «Алып келген жоксуңбу, качан алып келесиң?» – деген сөздөрдү айтып, алууну гана каалайт. Ал эми энең болсо: «Алып кеткен жоксуңбу, качан алып кетесиң?» – деп, берүүнүн гана камын ойлойт. Аялыңдын көңүлү чөгүп, сага таарынымыш болуп калса, анын көңүлүн көтөрүү үчүн колуңдан келгендин баарын жасайсың. Эми энеңдин көңүлү кандай экенин сурабаганыңа канча күн болгонун бир эстеп көрчү?

Бир жолу зер буюмдарды саткан дүкөнгө жаш жигит аялы менен кирип калат. Алардын артынан жаш баланы көтөргөн улгайып калган аял да кирет. Келин сөйкө, шакектерди тандап отуруп, акыры эки жүз долларга бир сөйкө сатып алат. Жигит анын акчасын төлөп жаткан мезгилде, сатуучу ага: «Эки жүз сексен доллар бересиз», – дейт. Жигит: «Кандайча? Эмне үчүн?» – деп сураганда, сатуучу: «Мына бул аял да сексен долларга бир шакек алды»,– деп, жанагы бала көтөргөн аялды көрсөтөт. Ошондо ачууланган жигит: «Сага мунун эмне кереги бар эле?» – деп тиги аялга кыйкыра баштайт. Аял уялганынан колундагы баланы жерге коюп, шакекти таштайт да, дүкөндөн чыга качат. Келин күйөөсүнө карап: «Сен эмне үчүн ага айкырасың?! Эми баланы ким көтөрөт? Ким карайт?»– деп аны жекире баштайт. Жигит жерде жаткан шакекти алып, сыртка чыгат да, тиги аялга карап: «Эне кечирип коюуңуз, ала бериңиз бул шакекти» – деп, ага сунат. Бирок, көзүнө жаш алган эне жүзүн буруп: «Ыракмат балам. Мен эми өмүрүм өткөнчө шакек тагынбаймын» – деп жооп берет. Көрсө, жанагы улгайган аял ошол жигиттин энеси экен.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Баарыбыз өзүбүздү мусулманбыз, ыймандуубуз деп эсептейбиз. Келгиле, ушул куттуу мечиттен чыкпастан туруп өзүбүзгө мусулмандык убадабызды берели.

Ким ата-энесинен көптөн бери кабар ала элек болсо, барып кабар алсын.

Ким ата-энеси менен көптөн бери сүйлөшө элек болсо, телефон чалып ал-акыбалын сурасын.

Ким көптөн бери ата-энесине белек тартуу кыла элек болсо, белек берсин.

Ким шайтанга азгырылып ата-энесин нааразы кылып койгон болсо, кечирим сурасын.

Ал эми кимдин ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо, Куран окуп, аларга багыштап дуба кылсын.

Оо, Алла Таалам! Ар бирибиздин билип-билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечиргин! Ата-энелерибиздин да кылган күнөөлөрүн кечиргин! Ата-энебиз бизге ымыркай кезибизде кандай мээрим төккөн болсо, сен да аларга ошондой, керек болсо андан да ашкан өз мээримиңди төккүн.

Оо, Алла Таалам! Ар бир баланы ата-энесин урматтоочу, аларга ак дилден кызмат кылган, кылган жакшылыктары себептүү ата-энесинин батасын алган бактылуу пенделериңден кылгын.

Оомииин!..

“Саресеп”

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close