Ош шаарындагы «Сайида Хадича» медресесинин Куранды толук жаттаган кыздардын 11-жолку бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси жогорку деңгээлде өттү. Куранды толук жаттаган 52 кыз дипломдорго ээ болушту.
Бул медреседе чынында такшалган мугалим устазалар эмгектенишет, жыл сайын көптөгөн каары хафизалар ар-тарартуу кесиптерди кошо аркалап чыгышат.
Иш чарага Ош шаарынын казы өкүлдөрү, белгилүү ишмерлер, демөөрчүлөрдүн өкүлдөрү , бүтүрүүчү кыздардын ата-энелери, медресенин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Салтанаттуу саамалык алкагында шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөтүү бул милдет болоорун, ал эми ата-энелерине мындан ары да илимин өркүндөтүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү суранды. Ошондой эле келечекте кийинки муундар да ушундай таризде улантыш үчүн медресенин мүдүрүн жана мугалимдерин талыкпай эмгектенүүгө чакырды.