https://www.facebook.com/akzholtoy.askaraliev/videos/vb.100003815340389/992450447558791/?type=2&theater
Кыргыз тилинде алгачкы диний мультфильм Рамазан айында «Аян» телеканалы аркылуу 30 күн бою тынбай эфирден кете баштайт. Бул тууралуу аталган телеканалдан билдиришти.
«Ибрагим – Аллахтын досу (Ибрахим – халил Аллах)» — «Катар» телеканалынын буйрутмасы менен “Media Art” анимациялык продакшн студиясы тарабынан 3D тибинде даярдалган мультсериал. Анын ар бир сериясы 20 мүнөттү түзүп, 30 сериядан турат.
Бул мультсериалды арабчадан кыргызчага которуу идеясы жана каржылоо иши атын атагысы келбеген ак ниет адамдар тарабынан демилгеленди.
Мультсериалдын үн коштоо ишинде үн режиссеру милдетин аркалаган Акжолтой Аскаралиев учурда монтаждоо ишинин 35%ы аяктап калганын билдирди.
“Тасманын үстүндө актерлук билими жок, бирок колдон келишинче аракет кылып, саамалыкка шериктеш болууну каалаган таланттуу балдар-кыздар иштешүүдө. «Аян» телеканалы да биринчи жолу мындай котормо иши менен алек болуп жаткандыктан, иш процесси бизге ырахат тартуулап жатат» , -деди Акжолтой.
Акжолтой Аскаралиев мультсериал туурасында:
«Бүгүн жаш бөбөктөрүбүз батыштын мультфильмдерин сүйүп көрөт, бирок алар тарбиялуу тасмаларды сунуштай бербейт. Ошондуктан, балдарыбызга альтернатива сунуштообуз зарыл. Биз келечек муун үчүн батыштыкынан калышпаган тасма тартууга дагы баса турган жолубуз узак болгондуктан, жок дегенде, бизден алдыда бараткан өлкөлөрдүн тарбиялык мааниси зор мультфильмдерин которуу аркылуу келечек муун үчүн жакшы алтернатива түзүп берсек болот», -деген ойлору менен бөлүштү.
Ассаламу алейкум мультик ти сайттан да корсо болобу или чыга элекпи кызыгып жатам Аллах ыраазы болсун!
Бул мультфильм Рамазан айында Аян ТВ аркылуу көрсөтүлөт.
Бул мультфильмы интернет ке чыгабы