?Экинчи суроого жооп: 2-суроо: Намазга көп убакыт короп кетеби?
✍?Намаз убакыт корото турган нерсе эмес. Намаз — бул Раббиге ибадат кылуу менен күнүмдүк ташпиштерден тыныгуу. Адам баласы “ ишим, соодам, дүкөнүм” деп жүрүп чарчайт.
Күнү менен бирөө базарга бирөө мекемеге, бирөө окуу жайга дагы бирөө дагы башка жумуш менен күйпөлөктөп жүрөт.
Ал эми, намаз убактысы болгондо, жайнамаздын үстүнө келип бардык ташпиштерден, кайгылардан убактылуу арылат. Мээсине, денесине тыныгуу, жаңылануу берет, өзүн басып алат, жүрөгүнө тынчтык уялайт, каалоолорун тизгиндейт жана бир нече мүнөт сүйүктүү Раббиси менен жалгыз калып, Ага мунажат кылат, сыйынат жалбарат. (Намаз мезгилиндеги мунажат-жалбарууну башка убакыттагыларына теңеп болбойт. Анткени,) сүйгөнүң менен жалгыз калганда сүйүү туу чокусуна жетет.Намаз окуучу ушул калыбында Раббисинен жардам, колдоо жана сабыр тилейт. Калк-калайыктан бирөө жарымына зыян-залакасы тийген болсо кечирим сурайт, тооба кылат. Бул психологиялык абал, эгер окшотуш мүмкүн болсо, бир электрон шаймандын заряд алуусуна же болбосо кызып кеткен мотордун суутулушуна окшойт. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам дагы турмуштиричилик, даават жана жихаддагы
чарчоолорун намаз окуу менен чыгарып, ошондой оор мезгилдерде:
ة ﻼﺼﻟﺎﺑ ﺎﻨﺣرا , لﻼﺑ ﺎﻳ «
“Эй, Билал! Бизге намаз менен ырахат тартуулачы” деп, азирети Билалды азан айтууга буюрчу эле. Инсан алсыз жаратылган. Күчкубаты чектелген. Токтоосуз ишке жарабайт. Ошондуктан өзүнүн денесине жана акылына кез-кези менен дем, ырахат берип турууга муктаж. Инсан буга эң ылайык мүмкүнчүлүктү намаздан гана таба алат. Бирок, коротпойт. буга көп убакыт Бардык намаздарын шашылбай окуса, көбү менен жарым саат убактысы кетет.
Эй акылдуу бурадарым!Сен пайдасыз көчө сухбаттарына же оюн-зоокторго,той — тамашаларга ондогон саатарды ысырап кылып, намазга кеткен жарым саатыңды көп деп ойлойсуңбу?
?Үчүнчү суроого жооп: 3- суооо: Намаз таңууланган саясий мыйзамбы?
✏Намаз кээ бир деп диктатор башкаруучулардын инсанга мажбурий түрдө таңуулай турган саясий мыйзамы дагы эмес.
Намаз — бул, ар бир инсандын өзү канаатанган динин өз жашоосунда жолго коюусу. Ооба. Инсан бул динди өз ыктыяры менен тандап алат. Анткени, Аллах Таала Курани Каримде:
“Динде мажбурлоо жок” деген. (Бакара — 256)
Намаз саясий түзлүш эмес. Саясий түзлүшүң эмне? Туруксуз бир нерсе. Адамдарга, шарттарга карап кубула берет. Анын өңү падышанын өңүндөй, табияты падышанын табиятындай болот. Кыскасы, бийлик кимдин колунда болсо, саясатың ошонун обонун созот.
Ошондой эле, намаз бүгүн жазылып, эртең башка бирөөлөр тарабынан өзгөртүлө турган саясий мыйзам дагы эмес.
Намаз — бул Ислам түркүктөрүнүн бир түркүгү.
Ал гана эмес, күбөлүк келмесинен кийинки эле орундагы эң чоң түркүк.
Урматту, бурадар! Эгер сен бул динди эч кимдин мажбурлоосусуз,өз ыктыярың менен тандап алган болсоң жана өзүңө ушул Исламды гана дин деп ыразы болсоң, анда бул диндин өкүмдөрүнө да көңүл бурууңа туура келет. Антпегенде, сен эң жеңил айтканда жалганчы болуп ишенимиңде каласың. Салыштыруу үчүн төмөнкүмисалды акыл таразаңа салып көр: маселен, кайсы бир мамлекеттин букарасы болуп эсептелүү үчүн мамлекеттин аткарууга туура ошол мыйзам-талаптарын келет. Эгер аткарбаса, мунун эки гана себеби болушу мүмкүн: же ал адам мамлекеттин мыйзам талаптарын тоотпогон киши же ал мамлекеттин букаралыгынан баш тарткан киши. (Эми,өзүңө өзүң баа бер бурадар, сен Аллах Тааланын талаптарын тоотпогондордун эсебиндесиңби же пенделиктен баш тарткан адамдардын эсебиндесиңби?)
…Мен кээ бир адамдарга таң каламын.Алар жер-асмандардын жаратуучусу болгон Аллах Тааладан бир милициядан корккончолук коркушпайт. Жол үстүндөгү светофорду байка-чы.Анын “токто” деген кызыл чырагы күйгөндө ондогон, жүздөгөн машинелер токтоп калышат.Эгер ал машинелердин айдоочулары өтө чоң даражалуу кишилер болсо да мыйзам-эрежеге моюн сунушат. Эмне үчүн ошол адамдардан көпчүлүгү Аллах Таала “токто” деп эскерткен күнөө иштерден өзүн токтотушпайт?!
Бул алардын өтө акылдуулугунун белгисиби же акылы кемдигинин белгисиби? Буга өкүм кылуу өзүңдүн абийир-ынсабыңда бурадарым …
Уландысы бар..