Небереси жүзүнөн нур тамган чоң атасын карап кызыгуу мене суроо узатты:
Чоң ата! Бир адамдын өмүрү канчалык болот?
Чоң атасы жылмайып карап:
Азан менен намаздын аралыгынчалык, уулум, — дейт.
Анда небереси:
Кандайча, өмүр ушунчалык кыскабы? – дейт.
Чоң ата:
Ооба, уулум. Өмүр намассыз азан менен, азансыз намаздын аралыгынчалык, — деп жооп кайтарат.
Небереси кайрадан сурайт:
Намассыз азан менен, азансыз намаз дегенде эмнени айткыңыз келгенин түшүнө албадым, чоң ата. Бул эмне деген айтып бериңизчи?
Ал небересинин колун кармап:
Мындай, уулум. Бир нече күн мурда коңшубуз уулдуу болду. Анын кулагына азан окулду туурабы? Мына ошол азандын намазы окулбады. Ал намассыз азан болот. Адам көз жумган соң окулган жаназа намазынын да азаны жок. Ал азансыз намаз эле. Чындыгында ошол намаздын азаны адам төрөлгөндө кулагына окулган болчу.
Азан: “Эй, адамзат! Төрөлдүң, бирок көз да жумасың. Өмүр тез өтөт, жашооңду туура пайдалан. Убактыңды текке кетирбе! – деген чакырык айтып жаткан сыңары болот, уулум.
Өмүр азан менен намаздын аралыгынчалык. Өмүрүңдү текке өткөрбө! Анын маңыздуу өтүшү үчүн аракет кыл. Бир саамчалык да убактыңды текке кетирбегин …
Адамдардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар: ден соолук жана бош убакыт. (хадис)
Кудай деген куру калбайт. (макал)
Жаназаң окула электе Жараткан Эгеңди көп эсте. (А.С.Пушкин)