Бүгүн, 24-июнда Ош шаарындагы борбордук аянтта казиного каршы митинг болуп өттү, деп билдирди Turmush сайты.
Чогулгандар эмне үчүн казиного каршы чыгып жатышканын түшүндүрүштү.
«Бул жерге Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган эл чогулдук. Биз баарыбыз казиного каршыбыз, анткени мунун аягы жакшы болбойт. Анан Кыргызстандын жарандарына уруксат берилбейт деп жатышат. Өзүбүзгө каалабаган жамандыкты эмнеге коңшу мамлекеттерге каалашыбыз керек? Алардын да үй-бүлө, ата-энеси бар. Анан башка өлкөнүн жарандыгын алып, ойной бериши мүмкүн. Онлайн казино өтө кооптуулук жаратат. Бул ишке президент кол койсо, биз — жарандык активисттер чоң кадамдарга барабыз. Биз кайдыгер эмеспиз. Акырына чейин казиного каршы күрөшүүнү улантабыз», — деди чогулгандардын бири Алманбет Абылкасым уулу.