alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар
Эң мыкты

Казынаны казино менен толтурбайт

Казына толот, тешик жамалат, чет элдиктер гана кирет деген “жомоктор” менен элдин башын айландырбаш керек. Жашыруун кумарканаларга баргандын жолун тапкандар мунун да жолун табат.

Казиного жалаң “динчилдер” каршы… ушулардыкы өттү… ар кайсыга башын тыкпай жөн оокатын кылышса… деп күбүр-шыбыр кылгандар бир чындыкты билип алышы керек. Динчилдер буга чейин деле казинодон кыпындай зыян тарткан эмес, эми деле зыян тартпайт. Ысык-Көл эмес, бүт аймактарга кумаркана ачып салса да, анысына четтен келеби, өздөн киреби, динчилдердин кылы кыйшайбайт. Он метр араактан айланып өтүп жолу бир аз узарышы мүмкүн. Мунун азабын баягы эле динден кабары жок, напси кумарын  тыялбагандар тартат. Атасынан, энесинен, катынынан, баласынан жашынып кумарканада ойногондор бар… үйүн, машинасын, катынын уттуруп талаада калгандар бар…  Кудай Таала бир берген жашоосун казиного уттуруп өмүрүн кыйгандар бар… … казино жүздөгөн тагдырларды талкалаган, жүздөгөн энелердин көз жашын агызган. Бирок булардын биринин да динчилдерге тиешеси жок.

Динчилдер кыйкырса, Кудайдын эскертүүсүн жеткирип жатат… дүйнөсүн да, акыретин да талкалап алышпасын де боору ооруп кыйкырып жатат… балдар-кыздардын келечегине ичи ачышып жатат… элибиз бузулбасын, жерибиз булганбасын деп күйүп жатат…

            Казына толот, тешик жамалат, чет элдиктер гана кирет деген “жомоктор” менен элдин башын айландырбаш керек. Жашыруун кумарканаларга баргандын жолун тапкандар мунун да жолун табат. “Акылбек Жапаров туулганда еврейлей ыйлаптыр” деди эле бирөө, казынаны казино менен толтурам дегенин укса еврейлер жыргап күлөт го… алардын көктөн издегени жерден табылып жатпайбы… Балким казынанын анча-мынча тешиги жамалар, бирок ансыз да жарым-жартылай ачылган абийирибиз толук ачылып калары турган иш. Бузуку иштер биринин артынан бири ээрчишип жүрөт. Казинолор ачылса, сойкуканалар ачылат… туристтерге пирожки, самсы эле эмес, башка да сата турган “нерселер” табылат…

Алайчы Сеитбеков

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button