Бул күзгүнүн аты өмүр деп аталат. Бул күзгүдөн ар ким өзүн көрүп жашайт,кээ бирөөнүн күзгүсү ушундай тунук жапжаңы болуп күнүгө аарчылып турат. Андайлар дайым Жараткандын эстеп, жакшы амалдары, даараты,окуган намазы, кураны менен өз күзгүсүн аарчып турат.Кээ бирөөнүн күзгүсү чаң басып анын кайдан турганын да унутуп калган. Андайлар бул жашоого бир келдим ойноп -күлүп ,жаштыгымды текке кетирбей, жыргап жашап калайын деп Жаратканды унуткандар. Өлүмдүн келиши чындык экенин билсе да ага моюн сунбагандар.
Бул күзгү ушундай назик биз каалаганда эмес,биз күткөндө эмес ,биз даяр болгондо эмес,биз унутканда,биз көрүүнүдөн качканда күтүүсүздөн сынып калышы мүмкүн.Бул күзгү сенин «ӨЛҮМҮҢ «бир тууганым!
Өлүм – бул капыстан келген капсалаң, ажал – бул айттырбай келген ажыдаар! Өлүм жөнүндө биз көп угабыз. Аалымдар дагы аны бизге көп эскертишет. Бирок, биздин эсибиздин түбү тешик белем, уккан сайын унута беребиз, көргөн сайын көңүл бурбай кетебиз. Өлүм жөнүндө сөз кылсак булар өлүмдү айтып коркута берет экендер деп ойлоп жаткандырсыз э бир тууганым .
Эгер билсек өлүм биз үчүн табылгыс улуук насаатчы,эскертүү!
Ыйманың алсырап жатса өлүмдү эсте жүрөгүң ойгоно баштайт!
Жан дүйнөң караңгылыкка батып жатса өлүмдү эсте жашоого болгон максатың пайда боло баштайт!
Жараткандан алыстап моюн сунууну каалабай жатсаң өлүмдү эсте Анын алдында эмне деп жооп берем деген ойлор пайда боло баштайт! Ошондуктан өлүмдөн коркпойлу өлүмгө даяр болой өтүп кетүүдөн корколу!
Бул күзгүдөн канча -канча атактуу падыша,хан болгон инсандардын өткөнүн көрүп турасың.
Кудуреттүү Аллах Таала убадасында турду жана Фараондун денесин азыркы күндөргө чейин сактады. О, адамдар! Көргүлө жана сабак алгыла! Ушул фараон «мен түбөлүк кудаймын» деген болчу. Өлбөй калдыбы?! Анын заалым вазири Хамаан кайда?! Өлбөй калдыбы?! Атактуу Нимруд падыша кайда?! Ал дагы «менден башка кудай жок. Өлтүрүүчү да тирилтүүчү да менмин» дебеди беле?! Кана алар?!
Карачы кечээ эле сени эркелетип «уулум иштериң жакшыбы? Уулум андай кылсаң жакшы болот,мындай кылсаң туура эмес болот «-деп акыл -насаатын айтып төрүңдүн дөөлөтү, үй -бүлөөңдүн ырыскысы,таянаар тооң,жөлөнөөр зооң болгон аталар жок эми!
Карачы кечээ эле «жан кызым кандайсың? Күйөөңдү ук,кайнеңди,кайнатаңды сыйла,урматтап батасын ал «-деп асыл кеңештерин берип,мээрими, жүзүндөгү жылмаюсу менен сени күтүп узатып ,баарын бектип берип,дайым колдоочуң болгон апалар жок эми!
Карачы кечээ эле сени менен бирге оюноп ,бирге күлүп, чуркасаң бирге чуркап,жакшы -жаман күнүңдө от болсоң өчүрүп,кубанычыңды тең бөлүшкөн дос -кошуна-туугандарыбыз арабызда жок эми!
Карачы кечээ эле ата -апалап турган, жашоонун таттуусу ,өмүрүбүздүн келечеги деп бапестеп өстүрүп жаткан балдан таттуу балакайларыбыз арабызда жок эми!
Өлүм деген ушундай жаш -каарыга карабайт, бул күзгүдө бир күн өзүң да болуп калууң мүмкүн!
Эч бир адам кай жерде, кандай абалда өлүшүн билбейт. Аллах Таала айткан: «Ар бир элдин ажалы (б. а. өлүм үчүн белгиленген убактысы) бар. Качан алардын ажалы жеткенде бир саатка да кечиктирилбейт Жана тездетилбейт дагы» (А,РАФ: 35)
Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) халифа болуп дайындалган соң өз каражатына бир адамды жалдады. Анын болгон милдети, күн сайын Азирети Умарга (андан Аллах ыраазы болсун) келип: «Эй Умар! Аллахтан корккун, өлүм бар! «-деп айтуу эле. Ошентип ал адам айлап -жылдап өз ишин аткарып жүрдү. Күндөрдүн биринде Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) өзүн күзгүдөн карап, чачы менен сакал- муруту акырындан болсо да агарнанын көрдү. Анан ал күндө өлүмдү эске салып туруучү жалчынын мындан ары зарылдыгы жок экендигине ынанып, анын ишин токтото турган болду. Анда жалчы Азирети Умардан (андан Аллах ыраазы болсун):
-Эй, Умар. Эмне мындай жакшы пикириңден баш тарттыңбы? Деги сага эмне болду? -деп сурап калды.
Өзүнүн адилеттүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү жана мемлекет башкаруудагы зор жетишкенликтери менен таанымал болгон жана Ислам тарыхында алтын тамгалар менен адилеттүүлүктүн үлгүсү катары жазылып калган. Азирети Умар(андан Аллах ыраазы болсун) жалчынын суроосуна мына мындай өтө маанилүү сөздөр менен жооп берди:
-Ушул убакка чейин жаш болчумун. Чачым менен сакал -мурутумду ак аралаган эмес болчу. Туура багыттан адашпоо үчүн ар күн мага өлүмдү жана Аллахтан коркууну эск салып турган бир үгүт насаатчыга муктаж болчуумун. А азыр болсо, күзгүгө караган убагымда чачым менен сакал -мурутумду ак аралап калганын көрдүм.
Мына, эми «өлүмдүн жарчысы катары ак аралаган чачым менен сакал -мурутум мага жетиштүү «-деп ойлоймун. Сен мага өлүмдү күндүн белгилүү бир убактысында эстетип турган болсоң,чачым менен сакал -мурутум ар убакта күзгүгө көрүнгөндө эске салып турат.
Адашпоо,жан дүйнөнүн тазалыгы,туура жолдо жүрү,бул -Аллахтан коркуп,өлүмдү эстөө менен өзүңө эскертүү бер!
«Бул дүйнөөгө батирчи сыяктуу жайгаш,үйдүн ээси сыяктуу жайгашып алсаң чыгууга кыйын болот ». А. Беккине..
Сөзүбүздү устазыбыздын сөзү менен аяктасак:
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба…
Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лооху ва баракаатух!
?Насиба Абдуллаева.
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»