Бүгүн Сауд Аравия, Түркия жана Россияда Орозо айт майрамы белгиленип жатканы маалым болду. Ал эми кыргызстандыктар эртеңден тарта ооз ачат. Кыргызстандын аалымдары ортодогу айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.
Кечээ кечинде айрымдар «Сауд Аравияда ай көрүнүптүр, орозо бүттү» деп социалдык тармактан тарата баштаган. Бирок муфтият мурда жарыялаган билдирүүсүн гана карманып, айт 5-июнда болорун дагы бир ирет эскертти. Мындан улам эки анжы ойго кептелгендер болду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Орозо айтты белгилөөдөгү айырмачылыктар боюнча аалымдардын түшүндүрмөсүн укту.
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Анын айтымында, айт 5-июнда бир эле Кыргызстанда эмес, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде да белгиленет.
«Бүгүн, 4-июнь, орозонун акыркы күнү, бизде 30 күн кармалат. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбаңыздар! Күнөөкөр болбогула! Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы бул боюнча жоопкерчиликти мойнуна алат», — деген билдирүү таратты муфтий.
https://youtu.be/akVDFgq51LQ
Ал эми муфтийдин орун басары Замир Ракиев бүгүн дүйнөдөгү саналуу мамлекеттер гана айттап жатканын белгиледи.
«Мындай маселе жылда эле жаралып турат. Бирок бүгүн дүйнөдөгү мусулмандардын 80-90 пайызынын оозу бек. Кыргызстандагы айтты бир эле адам белгилеп койгон жок. Орто Азиянын аалымдары кеңешип, башка өлкөлөргө да карап болжолдуу 5-июнга койгонбуз. Кечээ Сауд Аравияда ай көрүндү деп чыгышты. Биздин өлкө тоолуу болгону үчүн айды жаңырган күнү көрө албайбыз. Ал эки-үч мүнөт көрүнүп кирип кетет. Негизи «аракет кылып жаңылсаң бир сооп, аракет кылып туура тапсаң эки сооп аласың» дейт. Биз ушул күнгө токтолгонбуз, демек, кыжалат болууга негиз жок. Ал эми бүгүн оозун ачып алгандарга Кудай сабыр берсин! Ар бир пенде өз өлкөсүнүн аалымдарына баш ийиши керек», — деди Ракиев.
Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин пикири YouTube каналына жайгаштырылган.
«Айды араб өлкөлөрүнөн бир эле Саудия көрүптүр. Биз аларды ээрчишибиз милдет эмес, бизден аябай эле алыста жайгашкан. Китептерде жөө жүргөндө бир айлык жол болсо ээрчисек болмок. Сауд Аравиясына жөө барсак бир нече айлап барабыз да. Мамлекеттердин ортосунда бир күндүк айырма эзелтен эле болуп келген. Жада калса Мадина менен Дамаск шаарында да айырма болгон», — деп айткан Кудайбердиев.
Кыргызстанда орозо 6-майда башталган. Буга чейин муфтият борбор калаада окулчу айт намаздын программасын жарыялаган.