Азия элдеринин ислам динин кабыл алышы жөнүндө сөз кеткенде Кутайба Ибн Муслим деген ысымды эскербей кетүү эч мүмкүн эмес. Анткени бул адам 710-жылда Согдияна (азыркы Хорезм областы) топурагына эң биринчи болуп кадам изи кылган араб аскербашчысы болуп эсептелет. Кутайба Ибн Муслим 710-жылда Орто Азия чек арасын аттаган болсо, беш жыл аралыгында бул чоң территориядагы бардык падышаларды багындырып, 715-жылда Кашкарга чейин барып, Кытай императоруна элчи жибергенге жетишкен.
Кытай жана араб тарыхчыларынын эмгектеринде Кутайба Ибн Муслимдин образы кайраттуу аскербашчы, адилеттүү бий (башкаруучу), карасанатайлыкты жек көргөн өжөр табияттуу жана илим-билимди, ырды жактырган акын киши катары сүрөттөлсө, советтик орус –еврей тарыхчылары аны өтө канкор, залым, адилетсиз, зордукчул жана илим-билимдин душманы катары сүрөттөшкөн. Тилекке каршы, биздин Орто Азиялык (өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик ж.б.) тарыхчылар ислам дининин Орто Азияга келип кириши жана таралышы маселесин чагылдырууда советтик орус-еврей тарыхчыларынын изинен барып, арабдардын дүйнөгө бет алып чыгууларын баскынчылык, талоончулук жоортуулдары катары баалашты.Баалаганда кандай? Жок,алар (биздин тарыхчылар) кытай же араб тилиндеги том-том китептерди, түп нуска булактарды изилдеп, «ийне менен кудук казышкан» жок. Алар болгону орус тилиндеги жана диалектик материализм рамкасынын ичиндеги бурмаланган тарых китептеринен жүздөгөн цитаталарды келтирүү менен гана «илим жасап» жүрүшкөн.
Пайдаланган адабияттарынын тизмесин карасаң бардыгы Абрамзон, Бартольд, Васильев,Вишиневский, Литвинский, Зеймоль, Ремпель, Снесаров сыяктуу атеист аалымдар! Эмне үчүн биз, мусулман интеллигенциясы ислам тарыхын атеист тарыхчылардан үйрөнүшүбүз керек?! Алар бизге тарых чындыктарын бузуп-бурмаланбай жеткиргенине тарыхты материалистик боектор менен кызартып бербегенине ким кепил боло алат?! Эмне үчүн илимий эмгектердин библиографиясында Табарий, Наршахий, Ибнул Касир, Ибн Халдун сыяктуу араб тарыхчыларынын эмгектери көрүнбөйт? Кызыл (атеисттик) булактан «суу ичкен» биздин тарыхчылар өз эмгектеринде «Орто Азия элдери кылычтын күчү менен мусулман болушкан» деп жазышат. Бир тарыхчы эжекебиз өз китебинде (ал китептин атын атабай эле коеюн) кызыл боекту аябай көбүртүп, мындай деп жазыптыр:
«Арабы захватили весь Хорасан, левобережную часть Тахаристана проникли в глубь Мавераннахра. Если город сопротивлялся, то агрессоры взяв его, казнили мужчин, а женшин и детей уводили с собой…» «Одним из стимулов завоевательных войн арабов в средней Азии, в том числе и в Согде, было погоня за рабами. Кутейба Ибн Муслим из Хорезма увез 100 тыс. рабов. А согласно договору между ним и Согдийским царем Гуреком последний выплатил дань 30 тыс. рабов — молодых и здоровых мужчин…»
Эгер биз автордун сөзүн чын деп ишенсек, Хорезмдин өзүнөн гана 130 миң кул жыйнап, Аравияга жиберген болсо, логика боюнча өзүнө моюн сундурган Самаркан, Кеш (Ташкент), Фергана, Аксыдан тартып, Кара-Буура, Турпан, Кашкарга чейинки ондогон падышалыктар, вилаяттардан отуз, кырк миңден кул алып, Аравияга жиберип турганда бир миллионго жакын кул болуп калат экен. Эгер ушул чын болсо, Кутейба Ибн Муслим бир чакан мамлекеттин элинин санындай болгон туркий кулдарды кайга, кимге жиберип, кай жерге орноштурган? Эгер атеист тарыхчылар айткандай Кутейба жүз миңдеген кулдарды Арабияга жибергени чын болсо, азыркы күнгө келип (арадан он төрт кылым өткөндө) алардын саны жок дегенде үч,төрт миллионго жетип калышы керек эмес беле? Кайсы араб өлкөсүндө ушунча түркий улут бар?
Жакында Москванын «ОРТ» телеканалынын «Вокруг света» көрсөтүүсү Бразилиядагы бир негр провинциясы жөнүндө маалымат берди. Көрсө, алар илгерки кул ээлөөчүлүк доорунда келип калган жүз миңдеген кулдардын тукумдары экен. Өз алдынча провинция болуп, Африканын бир бөлүгү сыяктуу жашап жатышат. Адам экен, жоголуп, житип кетпептир. Ал эми, Кутейба Ибн Муслимдин жүз миңдеп кул ээлеп, Арабияга жиберип турганы чын болсо, азыр Арабиянын бир жеринде кичинекей болсо да түрк провинциясы болушу керек эле го?! Же болбосо, алардын урпактары калышы керек эле-го?! Жанагы китеп автору «мамлюктарчы» деп өз сөзүн (өз пикирин эмес албетте, анткени пикир аларга «жогору жактан» берилет) далилденгенге далбасташы мүмкүн. Биринчиден, мамлюктарды Аббасид халифтери Кутейба өлгөндөн соң аскерий кызматка ала баштаган.
Экинчиден, 1250-жылдан 1516–жылга чейин Мисирде бийликти ээлеп турган Айбек Кутуз, Берекетхандардан баштап, эң акыркы мамлюк султаны Туманбайга чейин бардыгы аскер адамдарынан чыккан. Башкача айтканда согуштук туткундар эмес. Демек, Кутейбага мамлюктардын эч бир тиешеси жок. Албетте, биз муну менен Кутейба Ибн Муслим эч качан кул же кызматчы кармаган эмес деген ойду айтуудан алыспыз. Ал мезгилдерде согушта туткунга түшкөндөрдү кул кылып, олжолоп алуу Эл аралык согуштук каада –салт болгон. Биз болгону жогоруда цитата келтирген китептеги «Кутейба жүз миңдеген кулдарды Арабияга жиберип турган» деген маалыматтын имам Кутейбанын дарегине айтылган советтик жала экенин далилдемекчибиз. Мусулман дүйнөсүндө ысымы урмат менен тилге алынган исламдык дааватчы, аалым , акын жана ишбилги жетекчи Кутейбанын дарегине жанагы китепте дагы төмөндөгүчө доомат коюлат: «Он целеустремленно уничтожил книги, писцов, ученных и жрецов храмов огня». Бул сөздү окуган окуучу аргасыздан: «Ээ, Кутейба келгенде орто Азияда илим – маданият гүлдөп, илимий китептер жазылып, аалымдар чыгып турган экен да, анан Кутейба келип, бардыгын кууратып кырып салыптыр » деп ойлошу турган иш.
Ооба, окуучуну ошондой ойго жетелеш советтик атеист тарыхчылардын милдети болгон. Ал эми, чындык кандай эле? Кутейба келген убакытта Орто Азия элдери негизинен «Теңир» деген чоң күдайга, ага кошуп, «ЖерСуу », «Буюрт», «Умай» (Кумайык) ж.б.у.с. майда-чүйдө кудайларга жана арбактарга сыйынган шамандык динди карманганы менен, бул ишенимдеринен көңүлдөрү толбой, тегеректен келген Буддизм, Иудаизм,Христианизм жана Манийлик диндеринен кайсы бирин кабыл алсак экен деп ойлонуп турган кез эле. Бул маселе Түрк каганы Билге ханды да ойлонтуп, ал өзүнүн вазири жана кайнатасы Тонукөк менен масилеттешкенде,Тонук өк айтат: «Бул дин (Буддизм) адамдарды өтө жооштукка жана кедейликке үгүттөйт. Бул дин түркмөндөрдүн баатыр табиятына дал келбейт. Натыйжада көп сандуу Кытай баскынчыларына туруштук бергенге элдин кудурети жетпей калат». Билге хан башчылыгындагы түрк журт аталары бардык диндерди таразалап турган ушул мезгилде биздин мекенибизге ислам дини кирип келген жана көпчүлүк түрктөр бул динди башкаларынан абзел көрүп, өз ыктыярлары менен тандап алышкан. Демек, Кутейба Ибн Муслим эч кандай китептерди өрттөбөй эле, тетирисинче элдерге китеп (Куран) таалимдерин тынчтык жолу менен үйрөткөн. Ал эми атеист тарыхчылар «Кутейба аалым, жазуучуларды жок кылды» дегенде кайсы аалым жазуучуну назарда туту экен? Тетирисинче, Фарабий, Ибн Сина, Бируни, Ибн Рушд сыяктуу Орто Азия аалымдары дал ушул ислам таалиминин негизинде жетишип чыгышпады беле! Атеист –тарыхчылар күргүштөтүп «өрдөк учура бергендин ордуна, жок дегенде Кутейба «жок кылган» шаман, будда, иудей, христиан аалымдарынан бирөө жарымынын атын атап берсе болмок! Жок! Алардын милдети- үстүртөн жамандоо, тарыхты каралоо жана бузуп-бурмалоо болгон! Ал эми алардын айткандарын акыйкат катары санап, акыл элегине салбай эле кабыл ала берген биздин кээ бир интеллигенция өкүлдөрүнө да аргасыздан алакан жаясың. Кутейба ибн Муслим элдерге Куран көргөзгөндөй мамиле кылган. Ал эми Куранда башка диндеги адамдардын ишеним эркиндигин толук камсыздоого ишарат кылынат. «Юнус»сүрөөсүнүн 99-аятында айтылат: «Эгер Аллах кээ бир адамдарды башкаларынан коргоп турбаганда, «Савма*а», «бия», «салават»жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер бузулуп кетмек». Аалымдар бул аяттагы «савма*а»ны кечилдердин ибадатканасы «бия*а»ны христиандардын чиркөөсү, ал эми «салават» еврейлердин синагогасы деп түшүндүрүшкөн. Көрүнүп тургандай, бул аятта башка дин ибаадатканалары мечиттен мурун жазылган. «Мунун мааниси, – деп түшүндүрүшөт ислам аалымдары, — Аллах мусулмандарга башка дин ибадатканаларын коргоону милдеттендирген ». Мына ислам дининин башка диндерге жана башка дин аалымдарына мамилеси! Кутайба Ибн Муслим заалим болгон эмес, адил болгон. Туура. Ал Жалгыз Жаратуучуга сыйынуунун ордуна не пайда, не зыян жеткире албаган отко, күнгө, бутка, арбактарга сыйынган наадандарды Аллах үчүн жаманкөргөн.
Бирок бул сезими аны ал элдерге зулум кылууга мажбурлаган эмес. Анткени, Курани Каримдеги: «Бир элди жаман көргөнүңөр силерди аларга карата адилетсиз болууга мажбурлап койбосун!» деген буйрук ар дайым анын эсинде болгон. (Караңыз: Куран. «Маида» сүрөөсү, 8-аят.) Туура. Тарых китептери Кутайба Ибн Муслимдин душманга аесуз болгонун жазышат. Бирок адилет диндин таралышына тоскоол болгон душманга аеосуз болбосо, ислам дини азыр бизге чейин жетип келмек эмес эле. Ошентсе да, Кутайбе жана андан кийинки Хорасан эмирлери исламды жок кылууга баш көтөргөн душмандарды аеосуз бастыргандан кийин, диндердин эркин таралышына кеңири жол ачып беришкен. Ошол доордогу диний ахыбал жөнүндө тарыхчы Усман Туран мындай жазат: «Чыгышта уйгур ханы манихеизм Динин мамлекет дин даражасына көтөрүп, башка диндердин эркиндик укугун тааныган болсо, батышта Хазар хандыгы Иудей динин расмий түрдө кабыл алган. Ал эми региондун (Орто Азиянын — Ш.А.) жалпы эли болсо, ыктыярдуу түрдө ислам жана христиан диндерине кирген. Ошол эле учурда шамандык (Теңирчилик) дини да эч тоскоолдуксуз улана берген» («Түркий элдер дүйнөтаанымы» 68-бет).
* * *
Биз бул макала менен Кутайба Ибн Муслимдин личностун ыйыкташтырууну максат кылбайбыз. Болгону, анын тарыхый портретине каразгөй атеист тарыхчылар жармаштырган жалган-жалаалардан аны коргоп, тарыхий чындыкты өз ордуна коюуну каалайбыз. Орто Азия элдеринде «сен мага досуңдун ким экендигин айтсаң, мен сага өзүңдүн Ким экениңди айтып беремин» деген даанышман сөз бар. Мына ушул улуу сөздүн жетекчилигинде биз Кутайба Ибн Муслимдин өзү жөнүндө энциклопедиялык маалымат берүүнү бир аз артка жылдырып, азыр анын эки досу жөнүндө маалымат беребиз. Биринчи досу — бу л ошол доордогу мусулмандардын эмири, Ислам халифасы Абдул Малик Ибн Марван. Ал халифалык тактысына отурар замат өзү жактырган жана жакшы билген Кутейба Ибн Муслимди Хорасан вилаятына наиб (наместник)кылып дайындады. Абдул Малик Ибн Марван кандай Адам болгон эле? Бул маселе боюнча Мухаммед Ибн Фарид Важдий жазган «20 – кылым энциклопедиясы » мындай «дейт»: Абдул Малик Ибн Марван Омайед халифеттеринин бири. Толук аты Абдуллах Ибн Марван ибн Хакам Ибн Аас Ибн Умайя Ибн Абдишамс Ибн Абди Манаф Аль Омавий. Абдул Малик такыба ибадатчы болгон.
Ибн Сааддын айтышынча, оболу аны Муавия Мединага эмир кылып дайындаган.Ошондо ал он алты жаш өспүрүм жигит эле. Абдул Малик Ибн Марван Усман, Абу Хурайра, Абу Саид, Умму Салама жана Муавия сыяктуу улук адамдардын насааттарын уккан. Ага чейин ислам тарыхында Абдул Малик деген ысым болгон эмес. Абу Занад айтат: «Мединада төрт факих (дин аалымы) бар. Алар Саид ибн Мусаяб, Абдул Малик ибн Марван, Урва ибн Зубаир жана Кабиса ибн Зуайб». Ибн Умар айткан: «Бардык адамдар бала болуп төрөлүшөт. Бир гана ибн Марван ата болуп төрөлгөн. «Ал халифалык тактысына отурганда Иран жана Хорасандын башкы командачысы Хажжаж деген эмирге мындай деп кат жазган». «Мага жеткен кабарга караганда сен көп кан төгөт экенсиң жана мал–мүлктү ысырап кылат экенсиң. Мен бул жаман иштерге чыдай албаймын». Абдул Малик ибн Марвандын доорунда анын жеке буйругу менен эң биринчи араб жазуусу бар теңгелер чыгарылган. Илимий эмгектер башка тилдерден арапчага которула баштаган. Ал адамдарды Куран –Сүннөт өкүмдөрүн бекем кармоого, адилетт үү, акыйкатчыл жана илимди сүйүүчү болууга чакырган» («20-кылым энциклпедиясы ») 9-том, 386-387-б.б.)
Атеист тарыхчылар «китептерди өрттөп, аалымдарды кырып салды» деп сүрөттөгөн Кутайба Ибн Муслимди Харасан вилаятына мына ушул Абдул Малик Ибн Марван эмир кылып дайындаган. Бийлик башчылары өздөрүнө наиб-орунбасар (эмир) дайындаган намзаттын (кандидаттын) өзүнө пикирлеш, санаалаш болгондорун тандайт. Ошонун сыңарындай, Абдул Малик Ибн Марван дагы Мединадагы төрт ири аалымдын бири, илимди сүйгөн Адам болгону себептүү Хорасан жерине дагы көз карашы өзүнө жакын болгон Кутайба Ибн Муслимди эмир кылып дайындаган. Кутайба Ибн муслимдин экинчи досу Абдул Малик Ибн Марвандын уулу жана мураскору, зүнөн кийинки халиф Валид Ибн Абдул Малик эле. Кутайбанын бул досу жөнүндө Бейруттан чыгарылган «Аль –Мунжид» энциклопедиясы мындай маалымат берет: «Туулган жылы — 668. Өлгөн жылы — 715.» Экинчи Омайед халифи анын доорунда халифалык империясы гүлдөгөн. Кутайба Ибн Муслим жетекчилигиндеги ислам аскерлери Бухара, Самаркан, Хорезм, Фергана өлкөлөрүн багынткан. Мухаммед ибн Хасым Индияны,Тарик ибн Азиз Андалузияны (азыркы Испания) ислам мамлекетине кошуп алышкан. Валид ибн Абдул Малик Дамаскдагы Омайед мечитин, Иерусалимдеги «Аль-Акса»мечитин жана Медина жаамы мечитин реконструкциялаган. Анын доорунда ислам тарыхындагы эң алгачкы ооруканалар курула баштаган».
Демек, Валид дагы атасы сыяктуу илимди, прогрессти сүйгөн адам болуптур. Ошондуктан Кутайба бул ата-балага көп мээрим төгүп сүйүп, аларга өтө берилгендик менен кызмат кылган. Ошондуктан 715-жылда Валид Ибн Абдул Малик өлүп, бийлик анын иниси Сулаймандын колуна өткөндө, Кутайба ибн Муслим ага кызмат кылуудан баш тарткан. Мунун себеби ал (Сулайман) атасы жана агасы сыяктуу аалым даанышман эмес болчу. Сулайман буга ачууланып, желдет жиберип, 715-жылдын аягында Фергана шаарында Кутайба ибн Муслимди жана анын үй-бүлөсүндөгү он бир адамды өлтүрүп жиберет. Кийин Сулайман бул ишине көп бушайман болот. Бул жөнүндө араб акыны Жарир: «Бир жаралган Кутайбаны өлтүрдүңөр, Жаны учуп кеткенден соң өкүндүңөр. Бул дүйнөлүк бушайманың эч нерсе эмес, Акыретте, «аттиң!» деген жаман болоор» — деп ыр жазган. Кутайбе ибн Муслимдин туулган жылы белгисиз. Ошентип толук ысымы Эмир Кутайбе ибн Муслим ибн Умар ибн Хусейн ибн Рабия ибн Халид ибн Усаид Аль-Хайр болгон улук аскербашчы 715-жылда наадан Халиф Сулайман тарабынан өлүмгө буюрулган. Аллах анын акыретин абат кылсын! Биз-орто Азия элдери бизге Ислам Нурун алып келген имам Кутайбе ибн Муслимдин акысына дуба кылып, жакшылык менен эскерип турууга милдеттүүбүз.
Даярдаган: Нуриет Абдилазиз уулу