Ислам булактарындагы маалыматтарга ылайык, кадыр түн анык белгиленип көрсөтүлбөгөнү сыяктуу эле, «Жума күнүнүн ичинде дуба кабыл болуучу касиеттүү учур, беш убак намаз ичинде «ортонку намаз» Аллах Тааланын ысымдарынын ичинде «Исми Аьзам» баардык ибадаттардын ичинде «Алла Тааланын ыраазычылыгы», замандар ичинде кыямат учуру, өмүр ичинде өлүм учуру» адамдарга ачык билдирилбей жашырылган.
Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:
- Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
- Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
- Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.
Абу Хурайра (Р.А.) Кадыр кечеси тууралуу Пайгамбарыбыздан сурайт Кадыр кечеси пайгамбардын заманасына эле таандыкпы же андан кийин да уланабы? Пайгамбар (С.А.В.)
«Кыяматка чейин болот! …. Эгерде Аллага бул максат болгондо Өзү эле айтып койбойт беле. Акыркы жети күндөн издегиле деди да, башка сураба!»- деди.
Ал эми «кадыр» деген сөз, ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:
- «Өкүм түнү» дегендикке жатат. Буга ылайык кадыр түн дегенибиз «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү» маанисинде түшүндүрүлөт. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусун билдирет.
- «Кадыр-баалуулук, улуулук» – деген мааниде. Буга ылайык кадыр түнү «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет.
- «Тардык, кысылуу маанисинде. Мындай болгондо кадыр түнү «кысылуунун, тардыктын түнү» деп чечмеленип, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт. Кээ бир ислам окумуштууларынын пикиринде, «кысылуудан» максат, акыр аягында зор жакшылыктардын жүзөгө ашуусун шарттаган чон иштердин корулуусун билдирет. Эстеп көргөн болсок, Курандагы алгачкы аян сүйүктүү Пайгамбарыбызга(САВ) Жебрейил периштенин катуу кысуусу менен башталган.
Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн.
Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Курани Карим — Алаах Таала тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп. Курани Каримдин тендешсиздиги, кереметтиги өксүбөстөн, убакыт өткөн сайын даана байкалып, кыяматка чейин уланат.
Адамдын жүрөгү Курани Карим аркылуу ачылып, Курандын терең жана бийик маанилери менен күч кубатка толот. Куран аркылуу акыл нурданып, зээн курчуйт. Курандан насип буйурбаган адамдын жүрөгү ойрондолуп, чалдыбары чыккан ээн үйгө окшойт. Ошондуктан, Курани Каримди сүйөлү, окуйлу, угалы, үйрөнөлү жана үйрөтөлү. Үйрөнүүгө, окууга жана окутууга үндөп, ушул жолдо башкаларга жардам берели. Касиеттүү ыйык Рамазан айында буларга айрыкча көңүл буралы. Дегеле Куран айаттарынын терең маани мазмунун жана жол-жоболорун көңүл койуп үйрөнүп билгенге аракет жасап, Курани Каримди жакшы түшүнгөн илим дүүлөрдөн мүмкүн болушунча сурап үйрөнөлү.
Кадыр сүрөсү жана анын мааниси.
»Биз ал (Куранды) кадыр түнүндөтүшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесинби? Кадыр түн миң айдан да жакшы. Ал түндө Жараткан (Аллахтын) уруксаты менен периштелер жана Рух (Жебреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт.Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура. (Кадыр сүрөсү)
Миң айдан да жакшы түн.
Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадыр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алаах Тааланын бул ыйык кабары эч кандай талаш тартыш туудурбагыдай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул Кадыр түнүнүнүн бийик кадыр баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бизге баяндалган төмөндөгү кабарда кадыр түнүнүн маани маңызын түшүнүүгө өзгөчө өбөлгө түзөт. Сүйүктүү пайгамбарыбызга (с.а.в.) өзүнөн мурунку адамдардын өмүрү канчалык узак болгону көрсөтүлгөн элэ. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) муну билип, өз үммөтүнүн өмүрүнүн кыскалыгын сезди. Узун өмүрлүү болушкан башкалар жасаган жакшы иштерди мынча кыска өмүрдө булар жасай алышпайт деп ойлоду. Бул кезде Аллах Таала ага миң айдан да жакшы, сооптуу болгон Кадыр түнүн белек кылды.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан:
«Ким кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен, өткөрсө, мурунку күнөөлөрү кечирилет »
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан:
«Аллах таала Кадыр түнүн менин үммөттөрүмө рахмат кылып берген,мындан башка үммөтөргө берген эмес »
Себеп: Пайгамбарыбыз мурдагы үммөттөрдүн өмүрүн көрдү, алар өтө көп жашашкан, ал эми Анын үммөтү аз жашайт экен. Эгер Анын үммөтү өмүр бою жакшылык кылса да, аларга тең келиши мүмкүн эмес,ушуга Аллахтын сүйүктүү пайгамбарынын көңүлү иренжиди. Анын көңүлүн жибитүү үчүн Аллах таала ушул кечени тартуулады. Кайсыл бир пендеге ушул Кадыр кечесин 10жолу ибадат менен өткөрүү насип кылган болсо, анда ал 833жыл 4айдан да көбүрөөк ибат кылгандын сообуна жетишет.
Дагы бир риваятта: Бани Исраил коомунун бир кишиси Аллах жолунда 1000ай жихад кылган эле. Сахабалар ага айабай суктанышты. Ошондо Аллах таала аларга ушул кечени тартуулады.
Дагы бир риваятта: Пайгамбарыбыз сахабаларына Бани Исраил коомунун 4 адамы Алар Аюб, Закария, Хизкил, Юшаь (А.С.) дар тууралуу баян кылып берет. Алар 80 жыл бою Аллага ибадат кылуу менен алек болушту. Көз ирмемчелик да Аллах таалага баш ийбестик кылышкан эмес. Ушуга сахабалар таң калышты Ошондо Жабраил (А.С) пайгамбарыбыздын жанына келип Кадыр сүрөсүн окуп берет. ж.б. риваяттар да бар.
Анас (Р.А.)айтат:
«Бир жолу берекелүү орозо айында Пайгамбарыбыз (С.А.В.)айтты: «Силерге орозо айы келди, анда бир кече бар миң айдан артыгыраак, эгерде кимде-ким ушул кечеден кур калса анда ал бардык жакшылыктан кур калды, бирок ал кечеден эң бактысыз адамдан башка эч ким кур калбайт».
Мисалы: Темир жол кызматчылары(проводник) бир аз акчанын кызыкчылыгы үчүн түнү бою уктабай чыгышат. А 83жыл 4ай ибадат үчүн бир түн уктабай койсо эмне оордугу болмок эле. Чындыгында биздин жүрөктөрдө кызыгуу жок, эгерде биз бир аз эле ибадаттын даамын татып алганныбызда эле, анда 100дөгөн түндөрдү уйкусуз өткөрмөкпүз.
Албетте Аллахтын эң сүйүктүүсү болгон,пайгамбарлардын төрөсү болгон, канчалаган сүйүнүчтүү кабарларга ишенгендигине карабастан буттары шишип кеткенче узун рекеттүү намаздарды окугандыгына караганда бул иште бир нерсе бар.
Умар (Р.А.) куптан намазын окуп келгенден кийин түндөн баштап таң атканга дейре намазда турат эле.
О.э. Усман (Р.А.) күнү бою орозо кармап, түнү бою намаз окучу. Болгону түндүн биринчи бөлүгүндө гана бир аз уктап, анан бир эле намазда Курандын толук окуп салат эле. Жана Ал тууралу кабарларда Куптанга алгандаараты менен багымдат намазын окуугандыгы баяндалат.
Анан: «Эй Аллах, тозоктун коркунучу менин уйкумду качырды»-деп айтчу.
Имам Абу Ханифа (Р.А.) 40жыл бою куптандагы даараты менен багымдат намазын окугандыгы белгилүү.
Бул ыйык түндү ыйыктыгына ылайыктуу түрдө маанилүү өткөрүүгө жардам берээр деген жакшы санаа менен бир нече нерсени эскертүүнү туура көрдүм:
- Бул түнү Аллах Таала үчүн ибадат кылуу керек. Жаратканга кулдук кылуу сезимин өнүктүрүү керек.
- Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү заарыл. Курани Каримге болгон сүйүү менен жакын ымала күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.
- Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават, саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үммөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү берилгендикти ого бетер күчөтүү.
- Үгүт насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапардык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.
- Бул түндүн маани маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жанылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчилдиктерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым катышты, достукту, ынтымак-ырашкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
- Тообо, истигфар кылынууга тийиш. Олуттуу түрдө өзүн-өзү текшерип, каталыктардан кайтууга кайраттануу керек.
Жакшылыкка жол тартуу багытында бекем ишеним тургузуу тийиш.
- Зикир тасбихтерди айтып, ой жүгүртүү зарыл. Себеби Аллах Тааланы эстөө аркылуу жүрөктөр бейпилдикте болот. Аллах Тааланын чексиз күч-кудурети менен жоктон жараткан бул ааламдын терең сырлары жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу дилдеги ыйман күч алат.
- Дуба-тилектерди көп кылуу керек. Анткени дуба адамды Жараткан Аллах Таалага жакындаштырган эң жакшы себеп болуп саналат.
Айша (Р.А.) Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан мындай деп сурады :
«Эй Алланын элчиси! Эгер мага кадыр кечеси билинип калса эмне деп дуба кылайын» Пайгамбарыбыз айткан:
اللَّهُمَّ إنّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنَّى
«Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаъфу анни»
(Аллахым! Сен кечиримдүүсүн, кечиргенди сүйөсұн, мени да кечире көр) деп дуба кылганы баяндалат.
- Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чон сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жаркыны мусулмандардын жүрөгүндө терен сезилет.
- Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөсүн, мусулман дүйнөсүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.