Адам баласынын жүрөгү эки түргө бөлүнөт.
1-Тирүү жүрөк.
2-Өлүү жүрөк.
Кайсы бир инсандын жүрөгү тирүү болсо анда ага Аллах тарабынан чоң жакшылык берилген болот. Ал эми кимдин жүрөгү өлүк болсо анда ал өзү тирүү болсо дагы өлүк адамдардын катарына кошулат. Себеби, ал озунун кыска жашоосунда акырети үчүн эч кандай пайдалуу амал аткарган жок. Ошон үчүн мурунку доордогу такыба Алла Тааладан коркуу менен жашоо кечирген инсандар өз жүрөктөрүн кара басып, өлүк жүрөккө айланып калбашынан кам көрүшкөн. Жүрөктү тирилтүү амалдарынын бирөөсү өлүмду эстеп, кабырды зыярат кылуу эле. Алдыңкы доор аалымдарынын бирөөсү Сафван ибн Салим да кабырларды зыярат кылууну өзүнө адат кылып алган эле. Адатынча күндөрдүн бир күнү кабырларды зыярат кылганы жөнөгөндо аны көрүп калган бирөө «Бул эмне кылат экен!»- деп артынан ээрчип алат. Ал минтип эскерет:
-Сафван бир кабырдын жанына олтуруп өзүн кармана албай ушунчалык катуу ыйлады. Мен анын ыйлаганын көрүп боорум ооруп кетти. Жада калса ойлоп да калдым, ал кабыр Сафвандын туугандарынын бирөөсүнүн кабыры го деп. Ошентип кабырдан кайттык. Экинчи жолу дагы зыяратка жөнөгөндө ага кошулуп ээрчип алдым. Бирок, ал бул жолу башка кабырдын жанына олтуруп алып ыйлады. Мен болгон окуяны Мухаммад ибн Мункадир деген имамга айтып бергегимде ал;
— «Ал жердеги кабыр ээлери баары Сафвандын жакын диндеш боордоштору, Сафван өз жүрөгүн өлүмдү эстөө менен тирилтип, кара басып калуусунан сактайт», — деп жооп берди