«Өлбөйүн» мен «өлбөйүн» -деп өкүрүп!
Өлбөс жаным «ЖАБРЕИЛДЕН» өтүнүп.
Карап турат, «Азреил» да «Азреил»,
Кармашпайлы кан,жаштарды төгүшүп…
Жер огунан жылдыздарга чөмүлүп,
Жетимишке жаным турат бөлүнүп.
Адам болуу кыйын экен баарынан,
Калдыкпы дейм!..Күнөөлөргө көмүлүп…
Расул Алла (ﷺ) айтты:
Адам жан берерде денесинин бөлүктөрү бир- бирине коштошушуп, араздашып айтышат. Жакшы калгыла, бул күнү бири- бирибизден ажырап, кара топуракка кошула турган күн келди.
Расул Алла (ﷺ) айтты:
Эй үмөттөрүм билгиле, жан берүүнүн машакаты өтө кыйын, кылыч менен 300 ирет чапкандан да оор. Кимде- ким өлүмдү көп- көп ойлосо күнөө жасабайт, ошол пендеге 3 нерсе пайда болот:
1- өзүн тоободон алыс кармабайт;
2- ар нерсеге каниет кылат;
3- таат ибадаты жакшы болот.
Расул Алла (ﷺ) дагы айтты: Өлүмдү ойлобой унуткан адам үч ишке дуушар болот:
1- тобо кылбайт;
2- аз ырыскыга ыраазы болбойт;
3- таат ибадаты жок, жалкоо болор.
Мындай рабаят бар: бир күнү капырлар азирети Иса пайгамбарга келип айтышты: “Эй Иса, сен өлүктү тирилтесиң, Нухтун баласы Самды тирилтчи”. Анын өлгөнүнө өтө көп убакыт болон. Ошондо Иса пайгамбар: “Алла- Таала кааласа тирилтет”, – деди. Мындан кийин Иса менен ал топ Самдын мүрзөсүнө келди. Иса 2 рекет намаз окуду. Артынан дуба кылып, эй Нухтун уулу Сам, тургун дегенде Алла- Тааланын амири менен көр жарылып, Сам көрдөн чыкты. Сакалы, чачы агарып кеткен. Иса: “Эй Сам, сиздин сакал- чачыңыз эмне үчүн агарды?”- дегенде, Сам айтты:”Мен жаткан жеримден: “Эй Сам, тур”- деген добуштан кийин кыямат күн болгон экен деп, ошол кыяматтын коркунучтуу күнүнөн коркуп сакал-чачым агарып кетти”. Ошондо Иса : “Эй Сам, сиз бул пани (жалган) дүйнөдөн өткөнүңүзгө канча жыл болду?”- дегенде, Сам : “Оо Иса, мен бул пани дүйнөдөн өткөнүмө 400 жыл болду”,- деп жооп берди.
Шайык Балк айтты: эл төрт нерсени тили менен айтаар, иштээр, бирок ага көңүл койбой өзүнүн оюндагысын кылар.
1- биз кудайдын пендесибиз дейт, пендечилик кылбайт;
2- Алланын берген ырыскысын жейбиз дейт, бирок берген ырыскыга каниет кылбайт;
3- акыретти бул дүйнөдөн жакшы көрөбүз дейт, бирок дүнүйө жыйнайт;
4- өлүм ак, бир өлүм бар дейт, бирок ал дүнүйөнүн камын жасабайт.
Вахаб ибн Мунаббах айтты. Бани Исраилде бир киши бар эле: өзү даана, такыба дааратчан киши эле. Ар качан баласын токтобой өлөр эле. Бир күнү дагы бир балалуу болду. Баласын атайлап бир адамга дайындап, ошого бактырды. Арадан көп убакыт өттү, бала өсүп чоңойду. Бир күнү баламды алып кел деп баласын алдырды. Көрдү, бала жакшы болуп өсүптүр.
Ал киши баласын ээрчитип базарга барды. Булар базарга барганда бир жамаат эл жыйылып бир майитти көтөрүп бараткан эле. Муну көргөн бала атасынан бул эмне?- деп сурады. Атасы бул майит деди. Майит деген эмне?- деп бала жана сурады.
Майит деген, ажал жетип, күнү бүткөнү, сени менен мени да ушундай жаныбызды алып өлгөндөн кийин тактайдын үстүнө коюп жууп, апарып жерге көмүп таштайт, деди. Бала, көмгөндөн кийин эмне болот, деп сурады. Көмгөндөн кийин абалы көрдө сурайт, андан кийин курт жееп, топуракка айланат. Жакшы адам- жаннатка барат, жаман адам болсо- тозокко барат, деген атасынын сөзүн уккан бала: Жаннат деген эмне? Тозок деген эмне?- деп сурады.
Жаннат деген өтө керемет, жанга ыракат жакшы жай, тозок деген өтө коркунучтуу, адамды өтө оор азапка сала турган жай дегенде, бала коркуп талып жыгылат. Бир топтон кийин эсине келгенде бала ордунан туруп, тоого барып, Алла- Таалага таат ибадат жасап, жакшы адамдар катарына кошулду.

Бизге да ошону насип кыл, Алла.