alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларТарбия

Күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт

 

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” — деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес. Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын, ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин ошол күйөөсү, үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек. Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде, күйөөсүнө моюн сунгандыгында, үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим күйөөңөрдү сыйлагыла. Жаманбы, жакшыбы, «аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” деген сөз бар. Ошол сиздин күйөөңүз, ошол сиздин айыбыңызды жаап турган эриңиз, ошол балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет. Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет.

— Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек? Күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Жооп: Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата – энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (сав) айткан: “Эгерде аял кишилерге Аллахтан башкага сажда кылуу керек десе, күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”. Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин атасынын, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата-энең сенин турмушуңа кийлигишпеши керек. Ата – эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң ошо маанилүү.

— Келин менен кайнененин ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Жооп: Аялдар бир нерсени көп түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамиле жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылып, жолун табышы керек. Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Шарият бизди ушуга үйрөтөт. Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок, аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда айтат: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен дагы үйгө кыям, шекер алып келбей, жөн эле кара нан алып келип кой. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет. Келиндер кызмат кылуусу зарыл. Себеби, ушул учурда үй-бүлө сакталат деген маани. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу — чоң искусство. Бир кыйтылыгы ушул болуп саналат. Түлкүнүн бир сөзү бар экен: “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы көрүнбөстүк”. Анын сыңарындай, аялдардын күйөөсүн кармап калууну эң эле жакшы айласынын бирөөсү кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Эртең өзү да кайнене болот. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин кайнене болгондо сөзсүз көрөт.

— Аялзаттын кийими кандай болушу керек?

Жооп: Никаб – бул аял киши бетин, жүзүн жапкан кийим. Албетте, шариятыбызда милдет эмес, сүннөт амалдарына кошулат. Аял киши эки колу, жүзү ачык болуп, денесин жабуусу милдеттүү. Ошондой эле бутун да жаап жүрүүсү милдет. Кээ бирлери ханафи масхабда буту жылаңаяк жүрө берсе боло берет деп эсептешет. Бул Азирети Абу Ханифанын фатвасы. Бирок бул ошол убактагы фатва. Ал учурда бутуна байпак, бут кийим кийип жүрүүгө барынын эле мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондуктан уруксат берилген. Азыркы мезгилде чоочун эркектердин көзүнчө кийип жүрүү керек. Ал эми намаз окуй турган убакта чечип коюуга уруксат берилет. Чоочун үйгө барганда да хиджабын чечпесе туура болот. Пайгамбарыбыз бул нерседен тыйган. Эгер аял киши конокко же башка үйгө барса хиджабын чечпесин, жоолугун чечпесин деген пайгамбарыбыздын буйругу бар.

— Шартка байланыштуу насыя алып үйлөнсө болобу? Кеңеш айтып койсоңуз, сураныч…

Жооп: Жок, болбойт. Сен насыясы жок эле адал карыз алып үйлөнө бер. Кийин экөөң иштеп кутуласың. Карыз алып катын ал. Карыздан кутуласың, катын жаныңда калат. Ушундай кыл, бирок насыя алба. Жашооңду арамдан баштаба. Той – сүннөт. Бир сүннөттү ишке ашырам деп арамды жасайсыңбы? Андан туулган бала эмне болот? Андай тойдун кереги жок. Айылдын молдосун, эки кемпир, эки чалды чакыр да кара корозду сой дагы жүнүн жулуп-жулуп сууга сал, бир кезден кийин шорпо даяр. Молдого 50 сом бер, айылда болот ошо. Бүттү ошо менен бир короз, 50 сом пул кетет. Махрды кийин иштеп, таап бересиң. А кечип жиберсе андан жакшы. Ар ким өзүнүн кийими менен келет, жашай бересиңер. Ал эскиргенге чейин байып кетесиңер, иншаллах. Бир кишилик ырыскы эки адамга жетет. Кийими менен эле келип, нан деле алып келбей эле койсун, сенин наныңды экиге бөлүп, шорпоңо бир аз көбүрөөк суу куюп ичип алгыла, болду. Эмнеге жашоону татаалдаштырасыңар, түшүнбөйм. Жашоо деген эң жеңил. Үй, унаа алып, карьера деп иштеп, анда катын алып не кыласың? Жашай бер өзүң менен өзүң. Аял алып же эрге тийип. Андай болбойт тууганым. Үйлөнүүнү татаалдатпагыла. Жашоону кыйындатпагыла. Аллахка сыйынгыла, ибадат кылгыла, намаз окугула, бардыгын жеңил кылыш керек. Неге кыйнайсың өзүңдү, сен кыйноо үчүн жаралдыңбы? Сен кыйнала турган, аракет кыла турган нерселер башка, тууганым. Ибадатта, илим алганда жарыш.

— Кедей болуп туруп экинчи аял алса болобу?

Жооп: Пайгамбарыбыз (сав) жумшак жана мамиледе өтө жоомарт эле. Коңшу-колоң, тууган-урук, балдары, күйөө балдары, достору, ал гана эмес аялдарына да жакшы мамиле кылат эле. Хадижа энебиз өтүп кетсе да курбуларына кой сойгондо этин берчү экен. Анан Айша энебиз кызганат эле, көзү тирүүсүндө да Хадижа, өтүп кетсе да Хадижа дегенде, пайгамбарыбыз айтыптыр, менин балдарым ошондон, деп. Азыр эркектер балалуу болгон аялдарын таштап, кетип калгандары бар. А пайгамбарыбыз өлүп калган аялынын курбуларына аялымдын арбагы сүйүнсүн деп эт жиберет эле. Бизде болсо 10 бала, 5 бала төрөп берген аялдарынын көчүгүнө бир тээп айдап кубалап ийип, анан башка катын алып алгандары бар. 2-3-4 аялга шарият уруксат берген, бирок шарты менен. Намаз окуган парз, бирок шарты менен, китеп кармайсың, бирок шарты менен. Ошол сыяктуу эки аялдын да шарты бар. Экинчи аял алып, ага кетип калып, биринчи аялын карабай, андан калса ага 3-4 жылдап талагын бербей жүрүшөт. Мындай иш арам болот. Эптей алсаң ал, колуңдан келбесе алба. Ошол бир аялыңдын эле көкүлүн сылап отур үйдө. Биринчисин кыйнап атып, экинчисин эмне кыласың. Анан дагы мен эң жардымын мага чыдайсыңбы деп. Ал макул деши мүмкүн. Аял айта берет, кайра кайта берет. Чыдайм деп, бирок кийин чыдабайм десе алып келишиң важиб болот. Ал күнөөкөр болбойт. Анан алат десе эле, чөнтөгүңө 100 доллар түшүп калса, аны батыра албай катын ала турган болуп калсаң, ал туура эмес. Азыр бекинип, жашынып алып экинчи аял алгандар көбөйүп кетти. Ал сага ойношпу. Ошо сени ойнош күтпөсүн деп экинчи аялды шарият кылган. 4-5 жылдап экинчи аялы бар экенин эч ким билбегендер бар. Экинчи аялдыкка биринчи аялынын уруксаты кереги жок дегени, аял билбесин деген сөз эмес. Эгер эркек болсоң билдирип ал, той кылып ал. Эгер даяр болбосоң алба, садагаң кетейин.

— Менин аялым көп ысырап кылат. Ысырап тууралуу бир аз баян кылып бериңизчи?

Жооп: Ысырап кылбаш керек. Бул тууралуу бир окуя айтып берейин. Арабияда бир досум бар, коон сатат эле. 10 жыл коон сатып такыр жарыбады. Кийин аялы менен ажырашып кетип, башкага үйлөндү да 2 жылда үй алды. Анан мен таң калып, кантип байып кеттиң десем, биринчи аялым берекесиз экен, экинчиси берекелүү экен дейт. Аялдын баары ушундай экен деп жүрө берип, экинчи аялыма үйлөнгөндө билдим деди. Азыркым тамакты дайыма үйдөн жасайт, а биринчиси менен жашап жатканымда көчөдөн сатып келип иччүбүз. Биринчиси ашып калган тамакты дасторкон менен алып чыгып күбүп салат эле, азыркым ченеп жасайт, ашып калса чогултуп муздаткычка салып коюп, кийинки тамактанууда жылытып берет. Анан дагы бул аялым балдарымдын баарына тамактан мурунку жана кийинки дубаны үйрөттү. Мына ушундай аялымдын берекеси менен, ысырап калбаганынын себебинен 10 жылда ала албаган үйдү 2 жылда алдым дейт. Ошол үчүн урматтуу бир туугандар, эркектин ырыскысынын кенен болушу силердин колуңарда. Ал байкуш кыйналып таап келет. Ал таап келген этти бир күндө салып жеп албастан үнөмдөн жасасаңар баары ордуна келет. Баарын тартипке салыш керек. Нанды үйдөн жасаш керек. Айтор, аял киши ысыраптан алыс болсо күйөө тапканына береке келет. Күйөө күнүнө күмүш, айына алтын таап аткан болуп, аялы сарамжалдуу болбосо анда баары бир эч нерсеге жетпейт.

— Тармактык базар интернетке тарады, кандай карайсыз?

Жооп: Албетте, тармактык базар боюнча айтылган сөздөр абдан көп. Анан мындай башка бирөөгө шылуунчулук кылып, алдап коюуга мүмкүнчүлүк көп болгондуктан, ушул себептен көпчүлүк аалымдар жалпы жолунан тармактык маркетингдин бардыгын арам деп айткандар бар. Бирок жалпы жолунан бардыгы боло берет дегени туура эмес деген басымды көпчүлүк аалымдар айтышат. Мисалы, сиз ошол тармактык маркетингде сиз алып жаткан буюм бар болуп, анан сиз аны сатып жатсаңыз, буюм адал буюм болсо, же адамдарга зыян келтирбей турган нерсе болсо, анда алып сатып, соода кылсаңыз жарай берет. Ал эми сиз бир адамды чакырып келсеңиз, анан сиз чакырып келген адамдан сизге үлүш түшүп турса бул туура эмес, анткени сиз аракет кылдыңыз, бирок сиз чакырып келген адамдан жана ал адам чакырып келген адамдан түшкөн акча, башкача айтканда үчүнчү тараптан дагы акча түшүп турганын аалымдар бир ооздон туура эмес деп баа беришет.

— Аялы күйөөсү менен айтышканы туурасында түшүнүк бериңизчи?

Жооп: Аял да, күйөө да токтоп калганды үйрөнүш керек. Биз айтып жаткан сөздөр айтканга жакшы, кыла келгенде кыйын эле болот. Бирок амал кылсаңар чыныгы бактылуулуктун даамын татасыңар. Биздеги көйгөй мына ушунда. Илгери сахабалар пайгамбарыбыздын бир сөзүнө өмүр бою амал кылышып, бактылуу болушчу экен, а биз миңдеген хадистерди угуп, текче-текче китептерди окусак да бактысызбыз. Эмнеге? Анткени, амал кылбайбыз.

Аял киши күйөөсүнө мамиле кылганда чоң балаңдай эле кара. Аны жууп, тарап турбасаң биттеп, карабасаң бомж болуп, көңүл бурбай койсоң адам катарынан чыгып калышы мүмкүн. Аны соорот, эркелет, жакшы тосуп ал. Кыйкырса, ал өзүн кожоюн сезиши үчүн унчукпай кой, коркумуш болуп койсоң «кожоюн экенмин» деп сүйүнүп калат. Ал байкушту көчөдөн эч ким тоготпойт, жумушуна барса эң акыркы, айлыгынан кыйналат, анан үйүнө келсе сен кыйкырасың. Жок дегенде үйүндө өзүн падышадай сезсин да. Бутуна тапичкесин алып келип, мойнуна массаж кылып бер, жакшы тамак жаса, балдарды «акырынгыла, атаңар уктап жатат» деп урушуп кой кичине. Ошентсең күйөөң сага ыраазы болот. Сыртынан билгизбейт, бирок ичинен сүйүнүп калат. Анткени, дүйнөдө сен гана алпештеп карап, багып жатасың. Бир кыйкырса унчукпай кал, сабыр кыл. 5-10 мүнөттөн кийин сага да ал ошондой сабырдуулук менен мамиле кылат. Иниңе келиниңдин кандай мамиле кылышын күтсөң, күйөөңө дал ошондой мамиле кыл. Кийин андан артыгыраак жообун аласың. Анын ыраазымын деп айтканы шарт эмес. Ал кечинде үйгө келип атабы, демек сага ыраазы дегендик. Анын көңүлүн тапканга аракет кыл, анткени сен аялсың. Акыл-эсиң андан ашып кетпесе да айла-амалың кырк эшекке жүк боло тургандай бар. Андыктан алдап-соолап жакшы күйөө кылып алыш сенин милдетиң. Айтышпа, айтышкандан жакшылык таппайсың, айтышуу менен эч убакта ийгиликке жетпейсиң.

— Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчүп калса эмне кылыш керек?

Жооп: Аял эркектин аз сүйлөгөнүн каалайт. Өзүнө теңелишин каалабайт. Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек. Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, «аттиң ай» деп өкүнөсүң.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button