1968-жылдын июнь айы болчу. Ташкенттеги архитектура институтунун төртүнчү курсунда чогуу окуган балдар менен Москва шаарына диплом алдындагы өндүрүштүк практиканы өтөө үчүн барган элек. Биз шаардагы ири долбоорлоо институтуна орношуп, практикабыз башталып калган.
Күнгө ишемби эле. Горький атындагы сейил бакка эс алганы кетишкен өзбек улутундагы курсташтарым бешим ченде жатаканага кайтып келишти да, ал жерде бир кыргыз киши менен жолугушканын жана анын курсташтарымдан: “Араңарда кыргыз балдар барбы?” – деп, сураганын айтышты. Балдар: “Анарбек аттуу кыргыз жигит бар” — деп жооп беришкенде, ал киши: “Ошол кыргыз бала менен кантип жолугуша алабыз?” – деп сураптыр. Алар: “Эртең дем алыш, биз аны ушул жерге ээрчитип келебиз” – деп, убада кылышыптыр.
Эртеси төртөөбүз Горький атындагы сейил бакка бардык. Биз барганда узун орундукта интеллигенттерчесинен кийинген бир киши отурган экен. Биз ага жакындап барып, жабыла салам бердик да, жанынан орун алдык. Мен ал кишинин кыргыздын чыгаан уулу, Кыргызстан КП БКнын мурдагы биринчи катчысы Исхак Раззаков экенин жазбай тааныдым. Себеби, мен 1959-жылы Фрунзедеги Пушкин атындагы №5 орто мектепте окуп жүргөн учурда мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, Тамбовдон келген улуту орус М. Рудаков деген агайыбыздын кабинетинде Исхак Раззаковдун портрети илинип турар эле. Бизди кээде Рудаков кабинетине чакырып, дубалда илинип турган сүрөттү көрсөтүп: “Бул киши – Исхак Раззаков, Кыргыз ССРинин жол башчысы” – деп айтып калар эле. Ошентип, анын элеси жүрөгүмдө мөөрлөнүп калгандыктан, аны көрөр замат эле тааныдым.
Исхак Раззаков мени менен жылуу учурашып, жакын туугандардай ал-абалымды сурады. Анан көпкө чейин биз менен баарлашып олтурду. Ал бизге өз замандаштарынын кандай билим алганын, Кыргызстанда биринчи катчы болуп иштеп турганда борбордук окуу жайларына жөнөгөн жаштарды өзү узатып барып, поездге олтургузганына чейин айтып берип жатты. Ал кезде улан-кыздар билим алууга өтө ынтызар эле. Илимпоздор Зияш Бектенов, Хусейин Карасаев, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, улуу манасчы Саякбай Каралаев, Казы Дыйканбаев ж.б. экендигин айтты. Анан мага карап: “Сен ушул айткандарымды унутпай, эсиңе түйүп жүргүн, сабак болот” – деди. Мен Исхак атабыздын ар бир сөзүн кунт коюп угуп жаттым.
— Анарбек, айтсаң, Москва жакшыбы, же Фрунзе жакшыбы? – деп сурап калды, бир маалда Раззаков менден. Мен унчукпастан жерди тиктеп отура бердим. Бир кезде Исхак Раззакович өз суроосуна өзү жооп берип: “Ээх, туулган жерге не жетсин!” – деп, оор улутунду.
Чак түш болуп калганда биз кетүүгө камындык. Раззаков ордунан туруп, менин оң колумду бекем кысып: “Ортак студент, окууңду бүткөнүңдөн кийин Ватаниңа кайтып баргын да, бир тууган кыргыз элиңе кызмат кылгын. Сени Ватаниң күтүп жатат. Сен Кыргызстан үчүн иштешиң керек” – деди. Ушул сөздү айтып жатканда анын көздөрүнөн мөлтүр тамчылар тоголонуп, жүзүнөн мекенге болгон кусалык, сагыныч жана чексиз сүйүү байкалып турду. Көзүнөн аккан жашы кийимине куп жарашкан галстугуна сиңип жатты. Мен ошондо адам болуп чоң кишинин көз жашын биринчи жолу көрүшүм эле. Коштошуп жатып, улуу инсан колумду дагы бир ирет бекем кысып: “Кош эми, бир боор кыргызым. Эми окууңду ийгиликтүү бүтүргүн” – деди да, ар бирибизге бирден тоңдурма (мороженое) алып берди. Биз Исхак Раззакович менен коштошуп жатканда Ашыкемдин (Ашыралы Айталиев) “Кылгырып көздөн жаш тамган” деген ыр саптары эсиме түшө калып, менин да каректериме жаш тегеренди. Көз алдыма чокулары көк тиреген Ала-Тоо, анын боорун жарып чыккан каштай тунук мөлтүр булактары, өзүм туулуп-өскөн, алтындай балалыгымдын изи калган кичи мекеним Төш-Булагым тартылып туруп алды. Эми ойлоп көрсөм, менин Ата мекенге болгон сүйүү сезимимди ошондо Исхак Раззаковдун айткан сөздөрү курчуткан экен.
Ташкентте окуп жүргөндө биз түшкүлүк учурунда такай чайханага барып тамактанчубуз. Ал жерге жашы улгайып калган өзбек интеллигенттери да кирип калышчу. Өң-түсүбүздөн улам го, алар биздин ким экенибизди сурашчу. Биз Кыргызстандан келген студенттер экенибизди айтканыбызда, алар Исхак Раззаков жөнүндө сүйлөп, айрымдары аны менен чогуу иштешкенин, Раззаковдун адамгерчилик бийик сапаттарын, жогорку маданияттуулугун, өтө билимдүү жана абдан эле жөнөкөй инсан экенин айтып калышчу.
Андан бери арадан көптөгөн жылдар өттү. Бирок, Исхак атабыздын баягы көзүнөн жаш аккан элеси менин көз алдымда дале турганы-турган. Мен бул арада Москвада канча ирет болгонум менен Раззаковго бир да ирет жолукпай калганыма өкүнүп, бушайман боломун. Саясаттын курмандыгына айланып, Ата мекенинен алыс жерде мусапырлык тагдырды башынан кечирип жүргөн кыргыздын улуу уулунун өзүнө бейтааныш кыргыз студентти атайын көрүүгө чакыртканынын маанисин мен убакыт өткөн сайын тереңирээк түшүнө баштадым. Көрсө, Ата мекенге, өз улутундагы адамдарды көрүүгө, алар менен сүйлөшүүгө болгон кусалык баарынан кыйын турбайбы.
Исхак Раззаковдун ата-энеден эрте ажырап, жетимчиликтин азабын жетишинче тартып, алтын балалыгынын бир бөлүгүн жана жалындагын жаштык курагын Тажикстан менен Өзбекстанда өткөргөндүктөн, кыргыз жери, Кыргызстан ал үчүн бул жалгандын бейишиндей туюлса керек. Анын журт сүйөрлүк сезими, эл-жерге болгон сүйүүсү ошондон улам курч болсо керек деп ойлойм.
Кийинки кездерде Кыргызстан КП БКнын кыргыз улутунан чыккан биринчи катчысы Исхак Раззаков жөнүндө адилет, так, тарыхый маалыматтар айтылып, калыс баасын алып жатканы, ага кеч болсо да Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамы берилгени, анын сөөгү Мекенине алып келингени, ал жөнүндө тасма тартылып, китептер жазылып жатканы бекеринен эмес. Мен ал кишини кыргыздын кылымдарда бир жаралчу чыгаан уулу, күзгүсү, жүзү, сыймыгы жана символу болгон деп коркпостон айта аламын. Анын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө Чолпон жылдыздай жанган бойдон сакталып кала берет.
Анарбек ЖУМАКАЛИЕВ,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын
лауреаты, КР эмгек сиңирген архитектору,
СССР архитекторлор Союзунун мүчөсү.
Төш-Булак айылы.
Thank you for your sharing. I am worried that I lack creative ideas. It is your article that makes me full of hope. Thank you. But, I have a question, can you help me?