Молдо мечитте элге насаат айтканча даараттын өкүмдөрүн түшүндүрүп берип аткан болот.
Даараттын өкүмүн чөлдө эшеги менен бара жаткан адамдын мисалында чечмелеп берет. Бир киши эшеги менен чөлдө бара жатып, бир жерде кичине дем алып алайын деп уктайт. Ойгонсо эле эшеги кетип калган болот. Оңго чуркап таппайт, солго чуркап таппайт. Караса намаздын убагы өтүп кетип атат. Иче турган суусу да, даарат алчу суусу да азыгы менен кошо эшегинде кетип калган. Намазым каза болуп калбасын деп топуракка таяммум алат.
Намазды окуп баштаганда […] деген окуяга келгенде мечиттин ичине сырттан бирөө баш багат. Сырттан баш баккан адам молдонун сөзүн […] эшек акырат. Ошентип анын намазы бузулат […] деген жерин угуп алып кайра кетет. Молдо сөзүн токтоосуз түшүндүрүп берип аткан болот […] эшек акырганда намазынын бузулганынын себеби, эшекте суу бар. Эшектин үнү угулганына караганда жакын жерге келген болот. Таяммумдун өкүмү суу табылганга чейин. Эшектин үстүндө суу болгондуктан ал кишинин таяммумунун өкүмү жокко чыгат. Эми ал киши сууга даарат алып, намазын окуйт дейт. Сырттан баш багыт кеткен адам элдин арасына барып “эшек акырса, намаз бузулат экен” деген сөздү жаят. Кимден уктуң дегенгерге мечитте молдо айтты дейт.