Баланын колунда эки алма бар эле. Жанында турган энеси уулуна кайрылып:
– Балам, алдагы эки алмаңдын бирөөсүн бере аласыңбы, жегим келип атат? – деп сурап калат. Бала дароо эле ойлонбой туруп оң колундагы алманы тиштеп жиберет. Анан экинчи алманы да тиштейт.
Уулунун мындай кылыгын көргөн апасы шагы сынган бойдон шилекейин жута албай жаман болуп туруп калат.
-“Тарбиялаган балам ушундай кайрымсыз болуп калдыбы?” деген ой мээсин жей баштайт бир заматтын ичинде. Бирок, бала тиштеп салган алмалардын бирөөсүн апасына сунуп:
– Ушуну алыңыз апа, ушунусу таттуураак экен, – дейт. Байкуш эненин көзүнөн жаш тегеренет.
Ушул окуядан алынуучу сабак:
Канчалык тажрыйбалуу, көптү көргөн адам болсок да чечим чыгарууда шашылбоо керек. «Жети өлчөп бир кес» деп кыргыз миң жылдан бери айтып келе жатканы тегин жерден эмес. Жогорудагы окуядан ар ким ар кандай сабак алса болот. Кээ бир адамдар “жакшы окуя экен” десе кээси “шашкан шайтандын иши” дээр, башкасы супсак жазылып калыптыр деши мүмкүн. Жеңил ойлуулук дагы шайтандын издеп жүргөн тешиктеринин бирөөсү!
Шашканга шайтан жармашат,
Шашпагын сени алдайм деп,
Шак эле баштан кармашат.
Даярдаган: Тойчубек Сагындыков.
Мыкты чыгарма!