» Адам досунун дининде болот. Ошондуктан дос тандоодо көңүл бургула «-деген Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам)дын сөзү менен баштасак. Адам баласы жашоосунда жалгыз жашай албайт. Ал күнүмдүк турмушун улантуу үчүн өзүнү курчап турган адамдарга муктаж. Ошол коомдогу кээ бир кишилер бизге жакындан сезилет. Анткени алар биздин дос жана жоро -жолдошторубуз болуп саналат. Аларсыз жашоону элестетүү кыйын,өзгөчө алдыңдп улуу жана бийик максаттар турганда жоро -жолдоштордун мааниси аябай зор билинет.
Биз үчүн идеалдуу дос -оболу Алла Таала болуу менен бирге,Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васалам) ыраазы боло турган жоро -жолдоштор болуусу зарыл. Алла Таала мындай досторду «Кандай гана жакшы достор! » -деп Куран каримде мактап өткөн.
Адамдын адам болуп жашасууна көбүнчө айлана -чөйрөсүндөгү адамдарна көз каранды. Жакшы дос бейишке алып барат,жаман дос балээге кириптер кылат. Достук эки башка дене бириккен бир рух (жан) сыяктуу. Досторубуз биздин тигил жана бул дүйнөнөдөгү байлыгыбыз. Алар бул дүйнөнүн да,тигил дүйнөнүн да ыракатына бөлөй тургандар.
Адамдын бул өмүрдө тапкан эң чоң табылгаларынан бири — садык (чынчыл) достору. Мээримдүү, (опаачыл, садакаттуу) дос – бүтпөс-түгөнбөс казына. Садык дос өмүр жолундагы ар түркүн кыйынчылыктарда жардамчы болот.
Достук акысын көзөмөлдөө -өтө чоң милдет. Доско мал-оокат менен жана мүмкүн болгон ар нерсе менен жардамчы болуш керек.
Достун сырын сактап, айып-кемчиликтерин жашыра билүү керек. Кыйын болгон ишти айтпай, кыйын жагдайда турган болсо көңүлүн көтөрүүгө аракет кылуу керек. Ага карата дайыма мээрим менен мамиле кылуу керек. Ар түрдүү кыйынчылыгын кетирүүгө жардам кылып, күнөө кылуусуна тоскоол болуп, башына мүшкүл иш түшсө кол кармашып ага жардамчы болуу керек. Мусулман мусулманды дос кылуусу керек. Ыйманы жоктон дос күтпөсүн.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул тууралуу төмөнкү хадисинде минтип баяндайт:
«Алланын кулдарынын арасында бир топ бар. Ал топтогулар пайгамбарлар да,шейиттер да эмес. Кудайдын алдында жогору макамда болгондуктары үчүн пайгамбарлар менен шейиттер аларга карап суктанышат «. Жанындагылар: «Оо,Алланын Элчиси,алар кимдер? ,-деп сурашканда Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
«Алар кандаш болгондугу үчүн же кызыкчылыгы үчүн эмес,Алланын нуру (Куран) үчүн бири -бирин жакшы көргөндөр,мына ошол жолдо бири-бири менен дос болгондор. Аларга ант болсун! Алардын жүздөрүндө нур болот. Алар нурдуу болушат. Эл корккондо да, алар коркушпайт. Эл кайгыга батса да,алар кайгыга батышпайт «. Пайгамбарыз мунун артында дароо мына бул аятты окуду: «Уккула! Чынында,Алла Тааланын досторуна (келечекте) эч кандай коркунуч болбойт жана алар мурда жасаган иштерине да эч кайгырышпайт. «(Юнус; 10/62)…
Бул жашоодогу достук акыретте да уланат…
Тафсир аалымы Куртиби: «Ал күнү (Кыяматта) такыбалардан бөлөк достор бири -бирине душман болуп калышат «(Зухруф; 25/67) -деген аятты чечмелеп түшүндүргөн кезде Салабинин бул аятка байланыштуу төмөндөгү окуяны айтып бергенин белгилейт:
Эки момун -мусулман алам дос болуптур. Ошондой эле эки капырда бири -бири менен дос болушуптур. Булардан эки момун достордун бирөөсү көз жумуп,бейишке кирет. Ал дүйнөдөгү досун эстеп: «Оо,Жараткан Эгем! Чынында ал менин эң жакшы досум . Ал мага дайыма Сага жана Пайгамбарына моюн сунуунумду насаат кылып,жакшылыкка буюруп,жамандыктан тыйып,бир күнү сөзсүз Өзүңө гана кайтарыбызды эстетип турчу. Ал досумду жаман жолго түшүрө көрбөгүн! Мага көрсөткөн ырайымыңды ага да көрсөткүн! Менден ыраазы болгонуңдай эле, ага да Өзүң ыраазы болгун! Аны эч качан туура жолдон, туура багыттан адаштыра көрбөгүн! «-деп жалбарат. Кийин ал дагы көз жумуп,жолугат. Ошондо аларга: «Экөөңөр тең бири -бириңер тууралуу өз оюуңарды айткыла «-деген буйрук берилет. Алар бири -бирине ыраазы экенин айтышканда, Алла Таала алар тууралуу: «Кандай гана соонун бир тууган! Кандай гана мыкты жоро -жолдош! Кандай гана үлгүлүү достор! «-деп айтат…
Ошондой эле эки капыр достордун бирөө көз жумуп,тозокко түшөрү белгилүү болгондо,ал дүйнөдөгү досун эстеп: «Оо, Жараткан Эгем! Менин досум болуп эсептелген баланча деген адам мага дайыма Сага жана Пайгамбарыңа моюн сунбай,тескери жолдо жүрүмдүү насаат кылып, жамандыкка буюруп,жакшылыктан тыйып,эч качан Сенин алдыңа келбей турганыбызды айтып турчу. Оо,Жараткан Кудай! Ал адамды эч качан туура жолго,туура багытка сала көрбөгүн! Мага көрсөткөн жазаңды ага да көрсөткүн! Ал да ушундай азаптарды татып көрсүн! «-деп жалбарып дуба кылат.
Алла Таала алардын ар бири тууралуу: «Кандай жаман бир тууган! Кандай гага ыплас жоро -жолдош! Кандай гана жаман достор! «-деп айтат. Мына ошондо алар бири -бирин калгап -каргап шилей баштайт .(Куртби,ал -Жамил -Ахкамил -Куран,16/109)..
Демек бул жашоодогу достук мамилелер акыретте да уланат. Бул нерсени унутпашыбыз керек.
Эй,менин бир тууганым! Акыретте сен үчүн өзүнө каалаган жакшылыгын дуба кылып жалбыраган досту тандайт белең?! Же болбосо Алланын каарына калган өзү менен кошо азапка сүйрөп каргыштаган дос тантайт белең?! Албетте жакшылык каалаган досту тандамаксың, ошон үчүн дос тандоодо жаңылбаңыз?! Анткени ал күнү (Кыяматта) ар бир жан ээси өзү менен өзү ообара болгон учурда,ата -эне балага,бала ата-энеге,күйөсү аялына карабай бир сооп болсо да көздөр учуп турган кезде бир гана чыныгы достор бири -бирине жардам бере алат ушуну эч унутпаңыз! Эгерде сизди намаз оку,мечитке жүр,куран окуйлу,Аллахты, акыретти,кыяматты,кабырды,өлүмдү эскертип чакырган достордон качпаңыз, кайра этегине бекем жабышыңыз . Анткени андай достор бул дүйнөдө жашоодо жаңылып ,адашып калбашыңызга сепчи болсо,аркы дүйнөдө бейишке кирүүңүзгө себепчи болот.
Ал эми сизди жаштык бир келет бир жаралып бир келгенден кийин жашап ойноп жыргап калыш керек,кайдагы болбогон нерселерге ишенбе , өмүрдү кайфи -жыргалда өткөзөлү, түнкү кафе,сауна,ичимдик,чегүү жолдоруна тарткан достордон сак болуңуз. Алар сизди бул дүйндө жашооңузду уулантса,акыретте тозоко түшүңүзгө себепчи болот!
«Чыныгы достор бул — сен кулап түшкөндө колун берген адамдар эмес, алар сенин жаныңа кошо кулап, сени менен кошо күлөт.»
«Чыныгы дос, ден-соолук сыяктуу, кадыры ал жок кезинде билинет.»
Үч түрлүү дос бар: Биринчиси тамак сыяктуу. Ал сага дайыма керек болуп турат. Экинчиси дары сыяктуу, кээде керек болот. Үчүнчүсү оору сыяктуу, сен аны каалабасаң да сага жабышат. Чыныгы дос тамак сыяктуу сага керек болгон дос. Булар салих, таза жана пайдалуу достор. Мындай досторду табыш үчүн аракет кылуу керек, издеш керек. Хазрети Али айтат: «Жакшы досу болбогон адам оң колу жок адамга окшош.”..
Момун момундун күзгүсү сыяктуу. Адам өз кемчиликтерин түшүнүүсү кыйын. Ишеничтүү досунан сурап кемчилигин билип алса болот. Салих болгон дос аны кооптуу нерселерден коргой алган дос. Мына ушундай досту табуу өтө кыйын. Ошондуктан, Имам Шафии айтат: «Садык дос жана калыс Кимия чанда чыгат, эч издебе!”
Хазрети Омар радыйаллаху анх да айтат: « Досум айыбымды эскертти, бир туугандык сүннөтүнүн негизи ушу! »
Адамдын төрт душманы болот: Оңдо жаман дос, солдо напсинин каалоолору, маңдайында дүнүйөгө берилгендик жана аркасында шайтан, ыйманын качан тартып алам деп күтүп турушат. Жаман дос бир гана сенин мал-мүлкүңдү алууну каалагандар эмес. Достун эң жаманы, эң зыяндуусу – диниңди, ыйманыңды, адебиңди, уятыңды, ахлак мүнөзүңдү бузуу менен алектенгендер. Мына ушундайча сенин акыретиңе, түбөлүк бактылуулугуңа кол салгандар, балта чапкандар. Аллаху таала бул душмандардын зыядарынан жана Ислам душмандарынын алдап кетүүлөрүнөн бизди сактасын. Амин.
Сөздүн аягы биз мусулмандар дос -туугандарбыз! Биздин милдет Аллах ыраазылыгы үчүн бири -бирибизди билгенибизче жеткирип жакшылыкка чакырып,бир туугандык сезимдерди бекемдеп,ынтымакта,туура багытты көрүүдө жаңылбай ,бейиште бирге болууга умтулалы. Эч ким,эч качан Аллах жолунда болсо жаңылуудан алыс болот,бактылуулук жолдору Ислам дининде да гана камтылган! .
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»