Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттын он биринчи жылында 12-рабиулаввал дүйшөмбү күнү шашке маалында тавхид келимесин айтып, Аллах таалага максат тилек менен: «…Улуу досума!»,- деп, Жаратуучусуна кайтат. Анын өлүмүн уккан мусулмандар кайгыга чөгүшөт. Алгач эмне кылууну билишпей ойлонуп калышат. Бирок, ал өлүм Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үчүн өлүм беле? Азирети Умар анын Муса пайгамбар сыяктуу Жаратуучусу менен жолугууга кеткенин, аны «өлдү» дегендин башын кыя чабарын айтат. Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жакшы болуп калганда кызынан кабар алууга кеткен эле. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дүйнөдөн кайтканын угуп дароо келип, анын чекесинен өөп, «Эй Аллахтын элчиси! Ата-энем сен үчүн курман болсун. Сенин өлүмүң да жашооңдой жакшы. Сенин өлүмүң менен пайгамбарлыкта дагы акыр аягына келип жетти. Абийириң, атак-даңкың өтө жогору болгондуктан, Сенин өлүмүңө кайгырабыз, бирок сен ыйлоодон да тазасың. Эй Мухаммед! Раббиңдин мартабасында бизди унутпа, дайым эсиңде болсун…»,- дейт. Андан кийин сыртка чыгып, Азирети Умарды тынчтандырат. Ал элге кайрылып, мындай дейт: «Эй адамдар! Аллах жалгыз, Андан башка кудай жок! Мухаммед Анын кулу жана элчиси! Аллах таала кашкайган акыйкат! Мухаммедге кулдук кылган бар болсо, билип алсын, ал дүйнөдөн кайтты! Аллах таалага кулдук кылгандар болсо, билип алсын, Аллах тирүү, Ал дайым болуучу жана түбөлүктүү Зат! Силерге Аллах тааланын буйругун эстетейин: «Мухаммед болгону бир пайгамбар гана. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анан, эгер ал (Мухаммед (с.а.в.)) көз жумса, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? ! Кимде ким артына кайтып кетсе, Аллах таалага бир да зыян жеткире албайт, (тескерисинче жалгыз өзүнө гана зыян жеткирет). Аллах болсо (өз жолдорунан кайтпай) шүгүр кылуучу пенделерин мунасып (амалына жараша) сыйлайт». Аллах тааланын китебине, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтүнө баш ийип жашагандар туура жолду таба алышат. Аталган эки нерсени бири-биринен бөлгөндөр туура жолдон адашат! Шайтан (алейхилаана) Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) о дүйнөгө кеткендигин пайдаланып, силерди туура жолдон адаштырбасын, алдабасын. Диниңерден адашпагыла! Шайтандын айла-амалдарына жол бербегиле! ». Азирети Абу Бакир аларга жакшы сөздөрүн айтып, жооткондон кийин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) денесин жерге берүү иштери менен алектенет. Ансар мусулмандары Банусаид деген жерге топтолушуп, хазраж уруусунун башчысы болгон Саад бин Ухаданы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифа кылып дайындоо үчүн кеңешме өткөрөт. Бул кеңешмеге Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Абу Убайда жана көптөгөн мухажир сахабалар катышат. Анда халифалык тууралуу маселе талкууга алынат. Азирети Абу Бакир Азирети Умар менен Азирети Абу Убайданын ортосуна туруп, экөөнүн колунан кармап, анан экөөнүн бирөөсүнүн халифа болуусун суранат. Ал өзүн халифалыкка сунуштаган эмес. Азирети Абу Бакирдин сөзүнөн кийин Азирети Умар: «Эй Абу Бакир! Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) буйругу менен мусулмандарга имам болдуң. Сен алардын халифасысың. Биз сени халифа кылып шайлайбыз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бизге караганда сен көбүрөөк жакыныраак элең. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин халифа болуу сага гана жарашат. Сен халифа бол!»,- дейт. Азирети Умардын күтүүсүздөн айткан бул сөздөрүн ал жердегилер түгөл колдоого алышат. Ошентип, Азирети Абу Бакир көпчүлүктүн добушу менен халифа болуп шайланат. Бул өзгөчө шайлоонун эртеси күнү Наби мечитинде Абу Бакир элге кутба окуп, расмий түрдө халифа болуп дайындалат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу денесин шейшемби күнү жерге көмө турган болушат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында жүрүп андан эмнени уккан болсо, баарын иш жүзүнө ашырган Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифалыкка дайындалгандан кийин, мечитте айткан сөздөрүндө «Силердин эң жакшыңар эмесмин, бирок силерге башчылык кылууга шайландым, милдетимди так аткарышым үчүн мага жардам бергиле, жаңылсам туура жолду көрсөткүлө, мен Аллах таалага жана анын элчисине баш ийгенимдей, силер да мага баш ийгиле. Эгер мен туура эмес иш кылсам, анда мага баш ийүүнүн кереги жок!» деп кайрылат.
Азирети Абу Бакирдин халифалыгы
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз