Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Усман ибн Аффан (радиаллаху анху).
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Өрнөктүү өмүрлөр > Усман ибн Аффан (радиаллаху анху).
Өрнөктүү өмүрлөрРубрикасыз

Усман ибн Аффан (радиаллаху анху).

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:51 ТЧ
Бөлүшүү

Абуль ас бин Умаййа бин Абди Шамс бин Абди Манафтын урпагынан. Ашараи мубашшарадан. Осман (радиаллаху анху) – үчүнчү халифа. Расулуллахтын эки кызын алгандыктан “Зиннурейн” (эки нурдун ээси) деп аталган. Төртүнчү болуп Исламиятты кабыл алган. Жубайы Рукыя менен бирге эки жолу Хабашистанга (Эфиопия), андан соң Мединага хижрат кылган. Өтө бай соодагер болгон. Бардык мал-мүлкүн Ислам жолуна жумшаган. Хилми жана хаясы (жумшак мүнөзү жана уяттуулугу) менен аты чыккан. Хижраттын 24-жылы 1-Мухаррамда халифа болуп шайланган. Кипр аралын мусулмандарга алып берген.
35-жылы Зульхижжа айында Курани карим окуп отурган учурда шейит кылынган. Хадиси шарифтерде ага мактоолор айтылган. Орто бойлуу, сакалы калын, саргыч өңдүү, өтө сулуу жүздүү эле. Бадр согушунан башка бардык согуштарга катышкан. Намаздын бир рекетинде Курани каримди баштан аяк окуп чыккан төрт адамдын бири болуп саналат. Көп окугандыктан эки мусхафты эскиртет. Хазрети Абу Бакрдын жыйнаган Курани каримден дагы алты нуска жаздырып, алты жерге жиберген. Ислам дини жайыла баштагандан кийин ар тараптан мусулман болгондор Медина-и Мунавварага келе башташат. Масжид-и шариф тар болгондуктан келгендерге орун тар боло баштаган. Талаага чадыр тигип отурушат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: “Кимде-ким биздин ушул мечитти бир зра кеңейтсе, Бейишке барат”, — дегенде, Осман (радиаллаху анх) “Эй, Расулуллах! Менин мал-мүлкүм Сиздин жолуңузга курман болсун. Мен кеңейтем”, — деп айтат. Ошентип, мечитти кырк зра кеңейтип берет. Ошол окуядан кийин Аллаху таала:
“Аллаху тааланын мечиттерин бир гана Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, намазын толук окуган, зекетин берген жана Аллаху тааладан корккон адамдар курушат. Ошол сыпаттагы адамдарга Бейишке алып баруучу амалдарды жасоо керек”, — деген маанидеги Тообо сүрөсүнүн 18-аятын жиберет.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Сахабалар
13.10.2014
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Азирети Абу Бакирдин халифалыгы
Кийинки макала Умар Ибн Аль-Хаттаб (радиаллаху анху)
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?