Кррр-Ччик кандайдыр бир коркунучту сезип жаткансыды. Калкып жаткан кең океан… Барган сайын бир нерсени билдирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап, кимдир бирөөлөрдүн жардамга чакырып жатканын угуп калды: “Жардамга, адам чөгүп баратат, жардамга!..” Жаш Кррр-Ччик жардам берүүгө шашкалактап, дабыш чыккан жакты көздөй бет алды. Жакындап калганда коркконунан эмне кыларын билбей бүт денеси калтырап калган кичинекей бөбөк экенин байкады. Кичинекей бала айласы кетип чабалактай катуу кыйкырып ыйлап жаткан экен. Тыбырчылоосу, өкүрүгү менен суудагы жырткычтарды чакырып жатканын байкуш бала кайдан билсин. Бирок, Кррр-Ччик болсо ичинен мындай жүрүм-турум акылсыздык экенин сезди. Өзгөчө сууда сүзө албагандар үчүн өтө кыйын экени эсине келе калды. Эне сүтү менен канга сиңген кайрымдуулук сезими. Чоң үй-бүлө. Кара жерде жашагандарды, сууда сүзө албагандарды душман деп санаганына карабастан куткарууга умтулду. Кррр-Ччик баланын жанына абайлап сүзүп келди. Денеси калтыраган бала аны катуу кучактаганда, бир аз эс ала түшкөнсүдү.
– Сенин үйүрүң кайда, бөбөк? – Кррр-Ччик океандагы дабыштарга кулак салды. Баягы эле окуя: адамдар шумдуктай ылдамдык менен океанды жиреп, аны жардыруулары жана уулары менен оорутуп жатты. Эч нерседен капарсыз байкуш бала кемеден кокустан түшүп калган тура. Албетте, баланын кыйкырыгын мотордун үнү басып, чоңдор уккан да жок. Кррр-Ччик өспүрүмдү моторлуу чакан кемени көздөй алып жөнөдү. Көп өтпөй адамдар Кррр-Ччикти жана анын үстүндөгү баланы байкашты. Ылдамдыгын азайтып, Кррр-Ччикти көздөй бурулушту.
Баланын кайтып келгенине кемедеги адамдар абдан сүйүнүшүп, Кррр-Ччикке ыраазычылыгын билдирип жатышты. Куткаруучуну бир канча балык менен сыйлагандай болушту. Берилген балыктардын кээ бирин Кррр-Ччик дегеле жемек эмес, бирок, чоочун болсо да, жакшы сезимдерин сыртка чыгарууга укугу бар деген үй-бүлөнүн мыйзамын карманды.
Кррр-Ччик кеменин жандай сүзүп баратып, анда-санда суу үстүндө секирип коюп атты. Суунун тамчылары күнгө чагылышып, анын жаш денесин огобетер сулуу көргөздү. Ансайын адамдар ага баа берип, суктанып жатышты. Бирок, кеч кирип бара жаткан эле, эми бала үчүн кайгырбай койсо деле болот. Ушинтип ойлогон Кррр-Ччик адамдар менен коштошуп, өз жолуна түштү.
Өз тобун кууп жеткен Кррр-Ччик даанышман Тррр-Иии-Ччикке кайрылды:
– Мен азыр адамды куткарып, аны үйүрүнө кайтарып бердим. Мен жакшы иш жасадымбы?
– Ооба, Кррр-Ччик, – деди устат, – эгер чын дилиң менен жасап, пайда көрүү максатын көздөбөсөң, анда ал – жакшы иш.
– Кичинекей келишпестик бар. Болгон окуядан өзүм үчүн бир да тамчы пайда көрө алган жокмун, бирок, мен оңтойсузданып жатам.
– Кррр-Ччик, тартынбай айта бер, сенин абалыңдын себебин чогуу таап, аны жоюуга аракет кылабыз.
– Билесиңерби? Мен үйгө кайтып келе жатканда, “кайсы убак болбосун, ушул адам же башка бирөө болобу, Чоң үй-бүлөнүн жаш мүчөсүнө жардам берсе экен” деп ойлонуп, ал кыялдануумдан ичим жылыды.
– Кррр-Ччик, – деди кары устат, – өз ойлоруң менен бөлүшкөнүң жакшы болбодубу. Себеби, минтип ойлоо жаңылыш. Сенин үй-бүлөң жырткычты куугандай, сен да мындай ойлордон кутулушуң керек. Биздин этикабыз мына ушундай жаңылыш көз караштардын айынан бузулуп жатат. Адамдардын тобуна баланы кайтаруу менен жакшы иш кылдың. Бирок, жакшы иш кайра жоопту талап кылбайт. Эгер жабыр тарткан тараптан кайтарым болсо, анда ал жардам эмес, келишим түзүү болуп калат. Эсиңде болсун, талап кылбай алкыш жообун күтсөң, бул – зыян келишим. Ал үчүн сени шылдыңдоо керек. Биздин тил менен айтканда, “кургак жерден балык издөөгө” жатат. Ал эми чыныгы кайрымдуулук өз камы үчүн эмес, арам ою жок жасалышы абзел жана анын ысымы болбойт.