Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Мухаммад пайгамбарыбызга салам-дубалар болсун.
Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, булардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үйдүн түркүгү аял заты. Ошондуктан улуу сөздө “Эне – бул, мектеп” деп айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыймандуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А башкалар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даамына келтире албайсың” деп айтылат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учурдан баштап берүү зарыл? Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каалаган эне тарбияны бала төрөлө электе баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.
- Эне көбүрөөк Куран окуш керек. Эгер окуй албаса окулган Куранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акылдуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.
- Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Ибадат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсактагы бала да эс алып, жакшы жетилет.
- Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Негизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жашаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.
- Болочок ата менен эненин ортосунда бири-бирине мээрим төгүлүп туруусу керек. Айрыкча эне башкалардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.
- Эне таза эмес (арам) тамактардан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону менен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийгизет.
- Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.
- Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү айтып туруусу зарыл.
Мына ушул сыяктуу жакшы иштер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кылуу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.
Бала төрөлгөнгө чейин болочок эне өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу айтылып өттү. Эми бала төрөлгөндөн кийин ата-эне кандай иштерди аткаруусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.
- Исламда бала төрөлгөндөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калганда азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байланышы жок. Болгону азан чакыргандан кийин балага ат коюлгандыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн баланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жандын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.
- Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-турмушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакырылат. Ошондуктан балага ат койгон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттарды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ысымдардын жакшысы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдардын жакшысы – Абдулла, Абдурахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулакка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мындай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Каапыр, динсиз адамдардын ысымы, же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.
- Ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтынды, же анын баасын садака кылуу керек. Бул садака баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген айтымдар бар.
- Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жентек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт, же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.
- Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтургузуу керек.
- Эне баланы эки жыл эмизүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эмген эмес. Ошондуктан эне өз мээримин балага сүт аркылуу өткөрүүсү керек.
- Баланы эки жыл эмизген учурда эне жөн гана баланын курсагын тойгузуп жатам деп эсептесе жаңылышкан болот. Эне баланы эмизүү менен анын курсагын гана тойгузбайт, ага рухий азык берип тарбиялайт. Анткени, эненин жүрөгүндө эмне болсо, сүт аркылуу бала ошону кабыл алат. Ошондуктан, бала эмизген учурда эне баласына болгон чексиз мээримин төгүп туруусу зарыл. Мындан сырткары бала эмизип жаткан учурда эне жаман ойлордон өзүн алыс кармоого тийиш. Бала эмизип жаткан учурда Куран аяттарын, зикир, тасбих сөздөрүн кайталап олтуруу пайдалуу.
- Тили жаңыдан чыгып жаткан балага “Келме” айтууну үйрөтө берүү керек. Баланын тили келме айтуу менен чыкса, келечекте анын дин менен жашоосу жеңил болот, ин шаллаах.
- Ал эми тили чыгып, сүйлөп калгандан кийин ага жеңил жана зарыл дубаларды үйрөтө баштоо керек.
- Бала 4-5 жашка келип калгандан баштап, баардык иштердин (тамактануунун, уктоонун, салам берүүнүн, ажат өтөөнүн ж.б.у.с.) адептерин үйрөтө баштоо керек.
- Жети жашка толгондо бала менен кыздын төшөгүн ажыратып өз-өзүнчө жаткыруу зарыл.
- Жети жаштан баштап намаз окууну үйрөтүү керек, он жашка толгончо намазды толук үйрөнүп бүтүүсү жакшы.
- Баланы берешендикке үйрөтүү үчүн башкаларга жардам берген учурда бала аркылуу же, анын көзүнчө берүү жакшы.
- Чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн ар түрдүү жумуштарга жумшап туруу керек.
- Балага жалкоолуктун, көп уктоонун зыянын эскертип туруу керек.
- Бала көтөрүмдүү болуш үчүн көп эркелетпей, кез-кезде катуу айтып урушуп туруу да зарыл.
Токон Жээнмырзаева, ардактуу эс алууда
//
The post Болочок энеге болумдуу насаат appeared first on FORMULA.KG.
October 13, 2015 at 09:01PM