Акыркы күндөрү бир гана мусулман журтчулугу эмес, жалпы дүйнө жүзүндө “Акыр заман” болору тууралуу ар түрдүү сөздөр айтылып келүүдө. Ал эмес кээ бирөөлөр анын убактысын так белгилеп, “ушул жылы, ушул күндө” болот деп да айтып чыгышты. Ооба, Кыямат кайымдын башталуусу Аллахтан башка эч кимге белгилүү эмес. Ар түрдүү жалганчылардын сөзүнө ишенүүнүн зарылдыгы да жок. Ошондой болсо да, ар тараптан айтылган сөздөр эл арасында ар кандай ой-пикирлерди жаратпай койбойт экен. Жалганчыларга ишенип, ишин таштап, жер астына кирип, Кыямат кайымдан “аман” калууну көздөгөндөр да чыгууда. Ошондой эле, мусулман коомчулугунун арасында да, кыяматтын башталуусу тууралу ар түрдүү ой- пикирлер көбөйүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдү эске алып, элибизге туура түшүнүк берет деген ишеним менен, гезитибизге Кыяматтын белгилери тууралу маалымат берүүнү туура таптык. Кыяматтын белгилери тууралуу маалымат алуудан алдын, биз төмөнкүлөргө көңүл буруубуз зарыл:
- Кыяматтын белгилерине далилди Курандан жана хадистен гана келтирүү керек. Себеби, бул экөөсү кайып нерселер тууралуу маалымат берүүчү булак болуп эсептелет. Аллах Таала Куранда минтип айткан: “Айт: “Асмандардагы жана жердеги кайыпты эч ким билбейт. Бир гана Аллах билет..”. (Намл, 65- аят). Ошондой эле дагы бир аятта: “Кайыпты билүүчү (Аллах) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт. Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет” – деп айтылган. (Жин, 26-27-аяттар). Ал эми мурдагы китептерде айтылган, же кимдир-бирөөлөрдүн түшүнө кирди деп айтылган, же эч кандай далили жок эле айтылып калган белгилерге ишенүүгө жана аны башкаларга жайылтууга болбойт.
- Кыяматтын белгилери тууралуу айтылган хадистер мейли пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) тарабынан болсун, же сахабалар тарабынан болсун туура, шексиз хадис болуусу керек.
- Кыяматтын белгилери тууралуу айтуучу же жазуучу адам, аны ачыкка чыгаруудан алдын, илимдүү адамдардын текшерүүсүнөн өткөрүүсү зарыл.
- Кыяматтын белгилери тууралуу айтуудан же жазуудан алдын, алар тууралуу кеңири маалымат алуу керек. Анткени, өзүң жакшы билбеген нерсени башкаларга жеткире албайсың. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: “Адамдарга өзүңөр билген нерсени гана айткыла. Кокустан Аллахка жана Анын элчисине жалганчы болуп калбагыла”. (Имам Бухарий). Ал эми Ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: “Адамдардын акылына толук жеткире албаган сөзүң – кээ бирөөлөрдү азгырып кетүүсү мүмкүн”. (Имам Муслим).
- Кыяматтын белгилеринде, айрыкча чоң белгилеринде айтылган Дажжал, имам Махди сыяктууларды өз акылы менен “Мына ушул адам ошол” деп кимдир бирөөгө айтууга болбойт. Мисалы: “Асраарус-саат” аттуу китепте, автор Ирандын жол башчысы Мухаммад Хаатимийди Дажжал деп айтса (автор Фахд Саалим), “Алмасихуд-Дажжал” аттуу китепте, Сагдам Хусейндин Имам Махди экендиги айтылган. (Автор Саьид Аюб). Мына ушул сыяктуу жеке пикирлер, адамдардын Кыяматтын белгилерине болгон ишенимин алсыздатып, адашууга алып баруусу мүмкүн.
Кыяматын белгилери болуу убактысына карай үчкө бөлүнөт:
– Толук болуп өткөн белгилер. Мисалы: Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү, анын өлүмү, айдын экиге бөлүнүүсү ж.б.
– Азыркы учурда болуп жана уланып жаткан белгилер. Мисалы: базарлардын көбөйүүсү, өлүмдүн көбөйүүсү, жазуунун көбөйүүсү ж.б.
– Таптакыр боло элек белгилер. Мисалы: Дажжалдын чыгуусу, жаныбардын чыгуусу ж.б.
Ал эми өзүнүн таасири жана маанилүүлүгүнө карай экиге бөлүнөт:
– Кыяматтын кичине белгилери
– Кыяматтын чоң белгилери
Кыяматтын кичине белгилери болуп бүткөн соң, анын чоң белгилери биринин арынан бири уланып келет. Ал эми Кыяматтын чоң белгилеринин аягы Кыяматтын кайым болуусу менен бүтөт. Чоң белгилердин саны он. Алар: түтүн, Дажжал, жаныбар (Даабба), күндүн батыштан чыгуусу, Иса пайгамбардын түшүүсү, Яжуж-Мажуждун чыгуусу, батышта, чыгышта жана араб аралында болуучу жер жутуу, адамдарды Махшарга айдап баруучу оттун чыгуусу.
Урматтуу окурман! Мындан ары гезитибиздин “Кыямат качан болот?” аттуу рубрикасынан Кыяматтын белгилери тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылабыз. Биз берген маалыматтарга туура түшүнүп, жашоодо анын пайдасын көрө аласыздар деп ишенебиз.
- 1. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн пайгамбар болуп келүүсү Кыяматтын жакындагандыгынын белгиси экендигин айткан. Бул – Кыяматтын кичине белгилеринин эң биринчиси. Сахл бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сөөмөй жана ортонку манжасын көрсөтүп: “Мени менен Кыяматтын аралыгы ушунчалык” – деп айтып жатканын уктум. (Имам Бухарий, Имам Муслим).
Экинчи айтымда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Мен Кыяматтын алдында жөнөтүлдүм” – деп айткан. (Хааким).
Аллах Таала адам баласын жараткандан кийин, аларды жөн гана таштап койбостон, аларга туура жол көрсөтүүчү пайгамбарларды жөнөтүп турган. Алар ар кайсы заманда, ар кайсы коомдорго жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Тарыхтагы) баардык үммөттөр арасында Эскертүүчү (пайгамбар) болгон” (Фатир, 24-аят), жана “(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбоосу үчүн жакшы кабарды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жөнөттүк” – деген сыяктуу көптөгөн аяттарды түшүргөн. (Ниса, 165-аят).
Ошондой эле Куран жана хадисте айтылбаган да пайгамбарлар болгон. Анткени, баардык пайгамбарлардын кабары бизге айтылган эмес. Аллах Таала Куранда: “Биз сага (оо, Мухаммад) баян кылып берген жана баян кылып бербеген да пайгамбарлар бар” – деп айткан. (Ниса, 164-аят).
Биринчи пайгамбар – Адам (Ага Аллахтын саламы болсун), биринчи элчи – Нух (Ага Аллахтын саламы болсун). Ал эми эң акыркы пайгамбар жана элчи Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эң акыркы пайгамбар экендиги тууралуу Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден эч бир эркектин атасы эмес. Ал – Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).
Адам атадан бери келген пайгамбарлардын көптөгөн окшоштуктары болгон. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурдагы пайгамбарлардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү болгон:
- Ал – баардык адамдарга пайгамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Оо, Мухаммад, сен адамдарга): “Эй, адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Аллахтын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллахка таандык. Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллахка жана Аллахтын сөзүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким туура жолду табаарсыңар – дегин” – деп айткан. (Аьраф, 158-аят).
- Ал – бүткүл ааламды ырахмат кылуучу пайгамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” – деп айткан. (Анбия, 107- аят).
- Ал – пайгамбарлардын акыркысы. Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден кайсы бир эркектин атасы эмес, бирок Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын мөөрү” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).
- Ал – адамдар менен бирге эле жиндерге да пайгамбар катары жиберилген. Аллах Таала Куранда жиндердин: “Оо, коомубуз! Аллахтын чакыруучусуна жооп бергиле” деген сөзүн айткан. (Ахкаф, 31-аят). Ошондой эле: “Айткын (оо, Мухаммад) “Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып, минтип айтышты: “Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук” – деп айткан. (Жин, 1-аят).
- Анын кулк-мүнөзү өтө жогору болгон. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сыпаттап: “Сен – улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң” – деп айткан. (Калам, 4-аят).
- Ал кимге кечирим тилесе, Аллах Таала аны кабыл кылган. Аллах Таала Куранда: “Эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Аллахтан кечирим сурашат, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тообаларды Кабыл Кылуучу, Мээримдүү экендигин табышар эле” – деп айткан. (Ниса, 64-аят).
- Ага жана анын үммөтүнө олжо адал болду. Аллах Таала Куранда: “Олжо түрүндө алган адал, таза нерселерди жегиле жана Аллахтан корккула» – деп айткан. (Анфал, 69-аят).
- Ал асманга көтөрүлүү даражасына ээ болду. Бул жөнүндө Аллах Таала Куранда: «Харам мечитинен белгилерибизди ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз берекелүү кылган Аксаа мечитине пендесин сейил кылдырган (Затка) аруулук болсун!» – деп айткан. (Исра, 1-аят).
- Анын үммөтү эң жакшы үммөт болду. Аллах Таала Куранда: «Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйган, адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар» – деп айткан. (Аалу Имран, 110-аят).
- Ага Бейиштен Кавсар суусу берилген. Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, Биз сага «Кавсарды» тартуу кылдык» – деп айткан. (Кавсар, 1-аят).
- Ал колдоочу (шапаат кылуучу) даражага ээ болду.
Ал эми пайгамбарыбыздын эң негизги өзгөчөлүгү – анын акыркы пайгамбар болгондугунда. Пайгамбарыбыз акыркы замандын пайгамбары. Аны менен Кыяматтын ортосунда башка пайгамбар болбойт.
//
The post Кыямат качан болот? appeared first on FORMULA.KG.
October 03, 2015 at 09:10AM