Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалан гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп азап тарта берерин айтуудан жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы журушуп, балдары да тарбиялуу экенин, жакшы чыкканын, озунун балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мумкунчулугу да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой кундордун биринде акылман ал адамды туз алып келгени жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып, ичуусун буюрат. Чыны оозуна тийип- тийбей ал адам тукурунуп, чыныдагы сууну алыс чачат.
— Ачуу бекен?-деп сурайт акылман.
— Ии, аябай ачуу экен,- дейт анда айылдашы.
— Эми жур,- деп, анча алыс эмес жердеги колго алып барат да, колго да бир кочуш туз салат.
— Эми колдун суусунан ичип кор,- дегенде, ал адам энкейип, суусуну канганча ичет.
— Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадынбы? — деп сурайт андан.
— Суунун даамы сонун, муздак экен. Туздун даамы такыр жок.
— Турмуштун тузу баарына бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты тушунушун керек:
АДАМДЫН ПЕЙИЛИ- СУУ!
Айрым адамдар пейли кенен кол болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин коро албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы учун кубанган » кол» болушун керек, же чыныгы суудай болуп турмуштун тузунун даамына чыдашын керек. Чечим сенин колунда,- дейт.
Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу ичи тардык ыйманды бузат. ( хадис)