13-октябрда белгилүү аалым Бактияр ажы Шарапов илимий иш сапары менен Жалал-Абад шаарына келди.
Иш сапар алкагында дин аалымы Жалал-Абад шаарында кыз-келиндер үчүн таалим-тарбияга чакырган «Үй-бүлөнүн бекемдиги» темасындагы баяндамасын жасады. Андан кийин өз баяндамасын жасаган соң мекендештердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Бактияр ажы Шараповдун сабагына катышкысы келген айымдардын, апалар түрдүү региондордон да келишти.
3 саатка созулган илимий сабакта дин аалымы кыз-келиндер жана энелер үчүн зарыл болгон аял затынын үй-бүлөдөгү орду, ислам динин баалуулуктары тууралуу жана башка маселелер тууралуу айтып берип, айымдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.