1. Билгин, эгер бүгүнкү күнүңдү гана жашабасаң ой-пикириң ар тарапка чачырап кетет, ишиң башаламан болот, маанайың чөгүп кайгы-капаң көбөйөт, ошондуктан, төмөндөгү сөз ушул мааниде айтылган: «Эрте менен турсаң кечти күтпө, кеч кирсе таңды күтпө».
2. Өткөн ишти унут, ага көңүлүңдү бөлбө, анткени, өткөн катачылык, акмакчылык өтүп кетти.
3. Келе элек кайып келечек тууралуу кабатыр болбо, келечек келгенче аны менен коштошуп тур.
4. Сын-пикирлерге кабатыр болбо, бекем бол, ошол сен тууралуу айтылган сын-пикирлер кадыр-баркың канчалык деңгээлде экендигин билдирээрин билгин.
5. Аллага ыйман келтирүү, салих-жакшы иш-амалдарды жасоо бактылуу жашоонун башаты.
6. Ким бейпилдикти, тынчтыкты, ырахатты кааласа, анда, Алла Таалага зикир айтсын.
7. Бардык нерсе тагдырга жазылгандай болоорун билгин.
8. Эч кимден ыраазычылык күтпө.
9. Эң оор нерсени кабыл кылууга өзүңдү даярда.
10. Мүмкүн сага болгон кээ бир жаман нерселер сенин жакшылыгыңа.
11. Мусулмандын башына түшкөн бардык нерсе ал үчүн жакшылык.
12. Алланын сага берген ниймат-жакшылыктары жөнүндө ойлонуп, ага ыраазылык билдир.
13. Сендеги бар нерселер көп адамдарда жок.
14. Алдыга убакыт өткөн сайын ийгилик келе берет.
15. Балээ кыйынчылыктар келсе дуба кылынат.
16. Кырсык, кайгылар сен үчүн сабырдуулуктун дарысы болуп жүрөк кубаттанат.
17. Албетте, кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет.
18. Арзыбаган нерсе үчүн жеңил ойлуулук кылба.
19. Чындыгында Раббиңдин кечирими кенен.
20. Ачууланба, ачууланба, ачууланба.
21. Жашоо нан, суу, аба. Андан башкасына көп азгырылба.
22. «Асманда силердин ырыскыңар жана силерге убада кылынган нерсе бар». (Зарият сүрөөсү: 22-аят)
23. Корккон нерсенин көбү болбойт.
24. Кырсыкка кабылгандар сага үлгү болсун.
25. Алла эгер бир коомду жакшы көрсө, анда, ага сыноо жөнөтөт.
26. Кайгы-капаны жеңилдетүү дубасын көп айт.
27. Бош убактыңды текке кетирбей, пайдалуу иш менен алек бол.
28. Жалган ушак-айыңдарды угуп, болоор-болбос нерселерге ишене бербе.
29. Көралбастык, өч алуу бул жаман пейил, талашып-тартышуу көбүрөөк ден-соолугуңа зыян келтирет.
30. Башыңа түшкөн кырсыктардын баары күнөөңдү кетирет.
Капаланба китебинен.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG