Кыргызстандын жараны, жынысы аял болгон Валентинанын дарегине болсо “Азамат!», «Баракелде!» , «Кыргыздын атын дүйнөгө таанытып жатат!», «Биз сен менен сыймыктанабыз!», «Атаандашын бир муштап, нокаутка кетирип салды” деген сыяктуу алкыш мактоолор айтылып, аны мекенинде тосуп алууда чепкен, калпак, гүлдестелер менен тосуп алып жатышат. Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттар болсо, анын мушташын жамаат менен ихлас менен көрүшүп, анын жеңишине чогуу сүйүнүшүп жатышат.
Биз ушунчалык туура жолубуздан адашып кеттикпи, акыйкат жана жалган, арам жана адал эмне экендигин айырмалабай, маани бербей калдыкпы, жүрөктөрүбүз, акылдарыбыз ак, караны айырмалабай калдыбы? – деп таң калып отурам. Биздин ата балабарыбыздын аялдары эмес, эркектери дагы антип мушташ уюштурушкан эмес, аялдар эмес, эркектер арасында андай таш боор мушташ болгон эмес, тарыхта эч келген эмес. Динибизде дагы мындай ден-соолукка зыян келтирүүчү мушташтар арам деп айтылып келет, бул талашсыз маселе. Салтыбызга, динибизге деле шилтеме кылбаган учурда дагы, бир адам экинчи адамдын жүзүнө, баш мээсине олутуу зыян келтирип, бир бирин чала жан, майып, өмүр бою оорукчан кылып жаткандыгы кантип эле колдоого алынсын. Ал эми аял кишинин мындай эрежесиз мушташка аралашканы бул эки эсе уятсыз, ыймансыз, адамдын табиятына каршы келген, абийирсиз, шермендечилик көрүнүш. Бул спорттун арам түрүн колдомок турсун, жемелешибиз керек эле. А бирок, мусулман адамдар бул көрүнүшкө лайк басып, башкаларга бөлүшүп жатабыз.
Мындай эрежесиз мушташтан биздин жарандын жеңишке жетүүсү кыргыз элине да, башка эч кимге да эч кандай бир тыйындык пайдасы да тийиши мүмкүн эмес, кыргыздын атын дүйнөгө эч бир таанытпайт, таанытса дагы жаман жактан таанытат, таанытканда дагы кыргыз элинин даражасы көтөрүлбөйт, элибиздин социалдык, экономикалык, руханий, демографиялык көйгөйлөрүбүздү чечмек түгүл, артка тартат.
Бул эрежесиз мушташ ыймансыз каапырлар тарабынан ойлоп табылган, жана бул эч бир пайдасыз жалган шоу эле, бул шоуга берилип көрүп, колдоп жаткан коом эч качан өнүкпөйт. Аялдарыбызды 1990-жылдары базарларга чыгардык, ошондон бери базарлар, дүкөндөр аялдардыкы болуп бүттү, эркек соодагер, сатуучу, официант болушу адаттан сырткары көрүнүш болуп калды, ал эми 2000-жылдардан кийин кыздарыбыз, карындаштарыбыз, аялдарыбыз Россия, Корея, Туркия ж.б. чет өлкөлөрдө ар кандай оор жана арам жумуштарды аткаруу үчүн талаалап кетишти. Аялдарыбыз сойку, мисс красоты, касап, ырчы, бийчи, уста, куруучу, жүк ташуучу, айдоочу, сот, президент, прокурор, милиция, багуучу, камкорчу, коргоочу, саясатчы болуп, аялзатынын табиятына каршы келген, салт-динибизде туура эмес каралган эмне гана жумуштарды аткарышпады. Жакында болсо, интернетте бир тойдо гиря бир нече ирет көтөргөн аялды жанындагы турган эркек-аялдар кубаттап турушат. Аял киши эне эмес эле адамдардын көңүлүн көтөрүүчү бир бир куурчак эле болуп калды.
Аялзаты табиятында урпактарыбызды көбөйтүүчү, тарбиялоочу, үйдүн кутун, тынчтыгын сактоочу зат катары бааланышы керек эле, аялзаты үйдө, медресе, таалимдерде өзүнүн руханий өнүүгүсүнө көңүл буруусу керек эле, биздин урпактарыбыздын ден соолугу, кийими, ислам тарбиясына убакытын ажыратып, ыймандуу келечек муунубуздун өсүп өнүгүшүнө салымын кошушу керек эле, а бирок биз аялдарыбызды кордоп салдык, көчө-талаалатып жибердик, аялдарыбызга ээ чыга албадык.
“Силер кол астындагыларга жоопкерсиңер, бир бириңерге жакшы иштерде жардам бергиле, колдогула, бир бириңерге арам иштерде колдобогула, жардам бербегиле”
— деп Аллах Таала бизге Ыйык Кураанда айтат.
А биз өзүбүздүн каалоолорубузду, напсибизди, шайтандын жолун ээрчип кеттик. Биз Пайгамарыбыз Мухаммад салаллооху алейхи васалламды жана Анын сахабаларын ээчүүгө буйрулган элек, а бирок биз каапырлар, батыш, европанын бузуку, ыймансыз маданиятын ээрчип, кайталап кеттик. “Ким кайсы коомду ээрчип, туураса – ал кыямат күнү ошол коом менен кошо, бирге тирилет”, “Силер мусулман болуп жашап, мусулман болгон абалда өлгүлө.” – деп динибизде айтылат. Өлүм ар бирибиздин башыбызда бар, андыктан эгер биз Аллага жана Ахирет күнү чындап ыйман келтирген болсок, анда жогоруда айтылган жана айтылбай кеткен бузуку маданияттарды, көрүнүштөрдү колдобойлу, бөлүшпөйлү, терс көрүнүштү көрсөк колубуз, тилибиз менен кайтаралы.
Менден катачылык кетсе, кичирим сураймын.
Силердин мусулман бир тууганыңар.
Этой ночью исследовал содержание интернет, случайно к своему восторгу заметил прелестный сайт. Гляньте: https://sms-activation-service.com/ . Для меня данный ресурс явился весьма привлекательным. Хорошего дня!
priligy premature ejaculation pills 9, 3rd Quarter 3