1. БЕЙИШКЕ КИРҮҮГӨ СЕБЕП БОЛОТ
Абу Муса, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким багымдат менен асыр намазын окуса, анда ал бейишке кирет». (Бухари, Муслим)
Башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деген: *«Күн чыгардан жана күн батардан алдыңкы намаздарды окуган адам эч качан тозокко кирбейт».* (Муслим)
Бул хадисте: »Күн чыгардан жана күн батардан алдыңкы намаздар» — деп, багымдат менен асыр намаздары айтылган.
2. АЛЛАХТЫН КОРГООСУНДА БОЛОТ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уасаллам, айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал (ошол күнү) Аллахтын коргоосунда болот. Аллах Өзүнүн коргоосуна алган пендесине (бул дүйнөдө) зыян бергениңер үчүн Кыяматта Аллах жазалоо үчүн силерди териштирип жүрбөсүн. Эгер Ал силерди издеп, териштире турган болсо, анда ал сөзсүз табат. Андан соң тозокко салат». (Муслим)
Бул хадисте багымдат намазын окуган ыймандуу адамга зыян бергендер үчүн азап болоруна убада бар. Анткени ал адам Аллахтын коргоосунда болгон адамга зыян берди.
АЛЛАХ КОРГООСУНА АЛГАН АДАМДЫ ӨЛТҮРҮҮНҮ ЖЕК КӨРДҮМ
Ислам тарыхында мындай окуя айтылат: Хажжаж деген заалым башчы Салим ибну Абдуллахты бир кишини өлтүрүүгө буйруйт. Анан Салим өлтүрмөкчү болгон адамга келип:
— Багымдат намазын окугансыңбы? – деп сурайт.
— Ооба, багымдат намазын окуганмын – деп жооп берет.
— Анда бара бер – деп коё берет.
Хажжаж Салимден: Аны эмнеге өлтүргөн жоксуң? – деп сураган кезде
— Мага атам Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын: *«Ким багымдат намазын окуса, ал ошол күнү Аллахтын коргоосунда болот»* – деп айтып жаткан сөзүн укканын айтып берген эле. Мына ушул себептен улам Аллах коргоосуна алган адамды өлтүрүүнү жек көрдүм – деп жооп берет Саалим.
Багымдат менен куптан намазын окуу мунафыктар үчүн абдан оор. Муну Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, баяндап мындай деген: *«Эгерде алар бул эки намазда канчалык чоң сооптор бар экендигин билишкенде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо да келишмек».* (Бухари, Муслим)
3. ШАЙТАНДЫН ТҮЙҮНҮНӨН КУТУЛАТ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: *«Уктаган кезде ар бир адамдын желкесине шайтан үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү уруп: »түнүң узун, бир аз уктай тур!» – дейт. Эгерде ал ойгонуп Аллахты эстесе, биринчи түйүн чечилет. Даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Намаз окуса, үчүнчү түйүн чечилет. Жана ал өзүн сергек, жайдары сезет. А эгер ал мындай кылбаса, анда ал эч нерсени жактырбай шалдырап турат».* (Бухари, Муслим)
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG
priligy sg In comparison to untreated patients, doxycycline treated patients had a higher response rate at 6 months