Ар бир кыргыз жашоосунда көчөт тигип,бак өстүрүүсү биздин улуттук көрөңгөбүздө салт болгон. «Ар бир эр уул үй-бүлө күтсүн, көчөт тиксин, Ата Журтун коргосун» деген эреже кай мезгилде болбосун бекем сакталган. Бирок, соңку кездери мындай нарктуу улуттук салттарыбыз азгындашып, ордун чыгашалуу, зыяндуу, терс «салттар» сүрүп бараткансыйт.
Өрнөктүү динибиз Исламда да көчөт тигүүнүн, өстүрүүнүн маанисине, өсүмдүктөр менен адамдын, деги эле жаратылыш менен адамзаттын мамилелерине кеңири түшүнүктөр камтылган.
Касиеттүү Пайгамбарыбыз (Ага АЛЛАНЫН саламы болсун) көрсөткөн эрежелерге ылайык шариатта элге, журтчулукка пайдасы тийген, саратанда көлөкөсүнө көпчүлүк сергиген, айланага көрк берген бак-дарактарды кыйууга тыйуу салынган.
Пайгамбарыбызды
«Кимде-ким көчөт тиккенге камданып, бирок Кыйамат башталганына күбө болсо да колундагы көчөтүн тигип андан соң ордунан турсун » деп айтылат.
«Мусулман киши кандайдыр бир көчөт экпесин, эгер андан инсан, жаныбар же бир куш жесе, ал үчүн кыяматка чейин садака болуп турат»
«Кайсы бир мусулман бир көчөт отургузса, андан желген нерсе, ал үчүн садака болот. Андан уурдалган нерсе да, ал үчүн садака болот. Андан жапайы айбандар жесе да , ал үчүн садака болот. Андан куш жесе да садака болот. Ага бирөө зыян жеткирсе да, ал үчүн садака болот.»
«Бир күнү ал (Абу Дарда) Дамаск шаарында, бир көчөттү отургузуп жатса, жанын өтүп бара жаткан киши ага кайрылып мындай дептир: Сен Алланын элчисинин сахабаларынан болсоң да, ушундай ишти аткарасыңбы?! Анда Абу Дарда ага минтип жооп берет: Мени шаштырба, мен Алланын элчисинин ушинтип айтып жатканын укканмын: «Ким бир көчөт отургузуп, андан адам баласы же Аллах Таала жараткан макулуктардын бири жесе , бул нерсе ал киши үчүн садака болот.»
Бул хадистерде көчөт отургузуунун жана эгүүнүн артыкчылыгы айтылган. Мындай иштерди кылгандардын сообу, ошол көчөт же эгин бар болуп турган мезгилге чейин жана андан дагы көбөйгөн сайын кыяматка чейин үзүлбөй уланып турат. Ошондой эле, инсандын мүлкүнөн бир нерсе уурдалса жана айбан же куш сыяктуулар ага зыян жеткирсе , ал үчүн да сооп алат.
Көчөт тигип, өстүрүү менен киши ал чөлкөмдө жашап жаткандыгын, ээлик кылаарын туюнтат эмеспи.Андыктан келиңиздер, урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды көчөт тигип, бак олтургузууга чакырабыз.
Конушубузду ээсиз калгандай калтырбай, түркүн көчөт тигип, бой керген тал-терек, карагай менен көрккө бөлөйлү!