alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

Алланы сүй! Алла сага болгон сүйүүсүн адамдарга салып койот…

Максатың өзүңдү адамдарга сүйдүрүү болбосун, анткени адамдардын жүрөктөрү (сүйүүлөрү) өзгөрүлүп турат. Негизги максатың Алланын сүйүүсүнө ээ болуу болсун! Эгер Алла Таала сени жакшы көрсө, адамдардын жүрөгүнө сага болгон сүйүү салып койот, ошондо бардык адамдар сени сүйүп, урматташат.

Кыйынчылык келген учурда сабыр кылуу «Ыйман»-деп аталат.
Ырыскың тар болуп, тамак-аш аз болгон кезде сабыр кылуу «Каниет»-деп аталат.
Бирөөнүн сырын сактап эч кимге жарыя кылбай сабыр кылуу «Сыр сактоочу»-деп аталат.
Достукту сактап калуу үчүн кыйынчылыктарга сабыр кылуу «Убадага бекем, убаданы аткаруучу»-деп аталат.
Дүнүйө, мал-мүлк сенден беш нерсени уурдап алып койбосун!

1. Раббиң менен байланыша турган убактыңды.
2. Ата-энеңе кыла турган жакшылыгыңды.
3. Үй-бүлөңө болгон сүйүүңдү.
4. Айланаңдагы адамдарга кылчу жакшылыгыңды.
5. Кылган жумушуңа болгон ыкласыңды.

Намаз учурунда аткарылган алты нерсе эки жүздүүлүктүн белгилери:
1. Намазга турганда жалкоолук кылуу.
2. Адамдардын көзүнчө окуп, башка учурда окубай коюу.
3. Намазды убактысынан кечиктирип окуу.
4. Чымчык жер чокугандай кылып тез окуу. (Сажда кылганда чекесин жерге коюп койбой көтөрүү).

5. Намазда Алланы аз зикр кылуу.
6. Мүмкүнчүлүгү болуп туруп жамаатка барбай жалгыз окуу.

Чыныгы рахат:

Кандай абал, кандай иш болсо да «Аллага шүгүр» деп айтуу. Дүнүйөнүн артынан чуркап чарчаба, эгер Алла Таала тагдырыңа жазган болсо ырыскыңа сөзсүз жетесиң.

Жалкоо адамдар кайгы-капага көп кабылуучу адамдар. Алар кубаныч, сүйүнүч деген эмне экендигин билишпейт. Ал эми жумушун тырышчаактык, аракет менен аткарган адамдар дайыма кубаныч, сүйүнүчтүн, ийгиликтин үстүндө жүрүшөт.

Устаз Абдишүкүр ажы Нарматов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button