1-Аллах.
Бул ысым«Аль-Илах» сөзүнөн алынган. Мааниси «Сыйынууга татыктуу, чыныгы Кудай». Инсан ар дайым жүрөгү менен Аллахка байланып, Аллахтын Өзүнөн гана үмүт кылып, Аллахтан гана коркуусу керек. Аллахтан башка баардык нерселер убактылуу экенин билүүсү зарыл.
2- Ар-Рахман.
Мааниси – Ырайымдуу. Бул дүйнөдө баардык макулуктарга ырайымын төгүүчү. Ошондуктан Ар-Рахман болгон Аллах бул дүйнөдө ыймандуу, ыймансыз, күнөөкөр-күнөөсүз деп бөлбөстөн, баардык адамдарга тегиз ырайым көргөзөт.
3 — Ар-Рахим.
Мааниси – Ырайымдуу. Мунун Ар-Рахмандан айырмасы Акыретте жалаң ыймандууларга ырайым кылат. Демек, Аллах Ар-Рахман сыпаты менен бул дүйнөдө баардык элдерге, ал эми, Ар-Рахим сыпаты менен Акыретте жалаң ыймандууларга боорукерлик кылат.
4 -Аль-Малик.
«Чыныгы Падыша» деген маанини билдирет. Ал Өзүнүн сыпатында эч нерсеге муктаж эмес. Ааламдагы баардык нерселер жаратылууда жана бар болуп жашоодо Аллахка муктаж болушат. Аллах Таала айтат: «Оо, инсандар! Силер Аллахка муктажсыңар. Аллах болсо, эч качан муктаж болбогон жана мактоого татыктуу».(Фатир,15-аят).
5 -Аль-Куддус.
«Ыйык», «Таза» деген маанини түшүндүрөт. Аллах Таала ар кандай кемчилдиктерден таза, пенделерине, жараткан макулуктарына окшош болуудан Таза. Биз Аны канчалык улук жана аруу-таза деп ойлосок, мына ушул оюбуздагыдан да аруу-тазараак деп ишенүүбүз керек.
6 -Ас-Салам.
Аллах Тааланын «Ас-Салам» деген ысым-сыпаты Анын таберик Затынын аруулугун, сыпаттарынын кемчилдиктен, иштеринин жамандыктардан саламат экенин билдирет.
7 -Аль-Муьмин.
Кыскача мааниси: «Баардык нерселерге амандык тынчтык,бейпилдик берүүчү». Баардык ааламга бейпилдик себептерин жаратып берүү менен, баардык ааламга тынчтык, бейпилдик тартуу кылат.
8 -Аль-Мухаймин.
Мааниси: «Макулуктардын үстүнөн Көзөмөлдөп, бардык нерселерди билими менен камтып туруучу». Аллах Таала бүткүл макулуктардын амалдарына, ырыскыларына жана жашоодогу мөөнөттөрүнө назар салып туруучу.
9 -Аль-Азиз.
«Аль-Азиздин» мааниси: «Ыззат жана Кудурет ээси». Толук азиздик жана толук кудурет ээси болгон Аллах Таала жалгыз, окшошу жок, болушу дагы мүмкүн эмес. Ага окшогон нерсени кыялга дагы келтирүү мүмкүн эмес! Аллах Таала айтат: «Ыззат-азиздик Аллахка, Аллахтын элчисине жана ыймандуу пенделерге таандык. Бирок мунафыктар (аны)билишпейт». (Мунафикун, 8-аят).
10 -Аль-Жаббар.
«Каалоосу мажбур түрдө таасир этүүчү». Аллах Таала ар бир нерсени Өзү жараткан мыйзамга мажбур түрдө баш ийдирет. Бирок, эч ким Аллахты өзүнүн каалоосуна мажбур кыла албайт. Демек, Аллах Таала гана Аль-Жаббар сыпатына толук-кемелдүү ээ боло алат.
11 -Аль-Мутакаббир.
Бул ысымдын мааниси: «Өзүнүн Улуктугуна таандык болгон нерселерден башкасын арзыбаган нерсе деп билүүчү». Ооба, Аллах Таала эң Улуу жана эң Бийик. Мына ушул сыпатка ээ болгон Затка гана Мутакаббир сыпаты ылайык. Аллах Таала Курани Каримде Өзүнүн Улуулугу жөнүндө төмөндөгүдөй кабар берет: «Асмандарда жана жерде(толук)улуулук — кибирлик Анын Өзүнө гана таандык. Жана Ал — Азиз, Хакиим!» (Жасия, 37-аят).
12 -Аль-Халик.
«Ар бир нерсени өлчөм менен өлчөп, Жаратуучу».
13 -Аль-Бариь.
«Ар бир нерсени өлчөм менен өлчөп, жоктон бар кылуучу».
14 -Аль-Мусаввир.
«Өлчөм менен жасалган нерселерди жоктон бар кылгандан кийин ага «зыйнат жана сүрөт-шекил берүүчү» деген маанини билдирет.
15 -Аль-Гаффар.
«Көркөм нерселерди көрсөтүп, жаман нерселерди жашыруучу, пенделердин айып-кемчиликтерин жана күнөө иштерин ашкере кылбай жаап-жашырып, кечирүүчү».
16 -Аль-Каххар.
«Душмандардын омурткаларын сындырып, жеңүүчү» же «Аларды кордук менен жеңүүчү» же «Ааламдагы баардык макулуктарды Өзүнүн кудурети менен баш ийдирүүчү» деген маанилерди билдирет.
17 -Аль-Ваххаб.
«Белек (хадия) берүүчү», «Мээрбан», «Өзүнүн нээматтарын бекер берүүчү». Аллах Таала Өзүнүн нээматтарын пенделерден эч нерсе талап кылбастан берет. Бул — чыныгы белек. Ааламдагы баардык макулуктар Аллах Таалага муктаж. Аллах Таала алардын кажеттерин эч кандай акы талап кылбастан аткарып турат.
18 -Ар-Раззак.
Мааниси: «Ырыскыларды жаратуучу жана баардык макулуктарга ырыскы жеткирип туруучу». Ырыскынын эки түрү болот: Биринчиси: Биздин дене-мүчөлөрүбүз азык алган жемиштер жана суусундуктар. Экинчиси: Жүрөгүбүз жана жаныбыздын азыктары болгон илим-билим, айрыкча шарият илимдери.Пенделер Аллах Тааланын «Ар — Раззак» сыпатын түшүнүп билгенден кийин, ырыскыны жалгыз гана Аллах Тааладан үмүт кылып, Алахтын Өзүнө гана тобокел кылуусу керек.
19 -Аль-Фаттах.
Мааниси:«Өзүнүн ырайым казыналарын ачуучу, хидаяты менен ар кандай мүшкүлдөрдү ачып таштоочу Зат». Аллах Таала Өзүнө таза ибадат кылган пенделерине ырайым (Рахмат) эшиктерин ачат.
20 -Аль-Алийм.
Мааниси:«Өтө Билимдүү, Билүүчү, Даанышман». Аллах Таала ааламдардагы баардык нерселерди, планеталардагы бардык аракеттерди; эң чоң гигант жылдыздардын аракеттеринен тартып, көзгө көрүнбөй турган атомдордун дагы аракеттерин билип турат
21-Ал-Кообизу.
Мааниси:»Ырыскыны азайтуучу». Ким нандын төрт туурамына, «Ал-Кообизу»ну жазып 40 күн жесе, анда Алла Таала буйурса ал ачкалык, чаңкоо, жара жана башка оорулардын кыйынчылыгынан сак болот.
22-Ал-Бааситу.
Мааниси::»Ырыскыны көбөйтүүчү». Ким күн сайын чашт намазынан кийин асман жака колун көтөрүп 10 жолу «Ал-Бааситу»ну окуп, соң колун бетине сүрсө, анда Алла Таала аны бай кылыт жана ал эч качан эч кимге муктаж болбойт.
23-Ал-Хоофизу.
Мааниси:»Каапырлардын мертебесин төмөндөтүүчү». Ким күн сайын 500 жолу «Йаа-Хоофизу»ну окуса, анда Алла Таала анын бардык кажеттерин толуктайт жана андан бардык кыйынчылыктарды кетирет. Ким үч күн орозо дөкармагандан кийин төртүнчү күнү бир жерге отуруп 70 жолу «Ал-Хоофизу»ну окуса, анда Алла Таала буйурса ал душмандарга каршы жеңишке ээ болот.
24-Ар-Роофиу.
Мааниси:»Мартабаларды көтөрүүчү». Ким ай сайын айдын он төртүнчү түнү түндүн жарым түндө 100 жолу «Ар-Роофиу»ну окуса, Алла Таала аны бардык макулуктарга муктажсыз жана бай кылат.
25-Ал-Муиззу.
Мааниси:»урмат-сый берүүчү». Ким дүйшөмбү же жума күндөрү шам намазынан кийин 40 жолу «Йаа-Муизззу»ну окуса, анда Алла Таала аны адамдардын ичинде урматтуу жана сымбаттуу кылып койот.
26-Ал-Музиллу.
Мааниси:»Кор кылуучу». Ким 75 жолу «Йаа-Музиллу»ну окуп, башын саждага койуп дуба кылса , анда Алла Таала аны кызгануучулар, заалымдар жана душмандардын жамандыгынан сактайт. Эгер анда өзгөчө душманы болсо жана ал сажда да туруп анын атын айтып:»Эй, Алла! Баланча заалымдын же душмандын жамандыгынан мени сакта!»-деп дуба кылса, анда Алла Таала буйурса анын дубасы кабыл болот.
27-Ас-Самииу.
Мааниси:»Бардык добуштарды угуучу». Ким бейшенби күнү чашт намазынан кийин 500, же 100, же 50 жолу «Йаа-Самииу»ну окуса, анда Алла Таала буйурса анын дубасы кабыл болот. Аны окуп жаткан учурда эч ким менен сүйлөшпөө керек! Ким бейшенби күну багымдат анмазынын сүннөтү менен празынын ортосунда 100 жолу аны окуса, анда Алла Таала ага өзгөчө түшүнүк берет.
28-Ал-Басииру.
Мааниси:»Бардык нерселерди көрүүчү». Ким жума намаздан кийин 100 жолу «Йаа-Басииру»ну окуса, анда Алла Таала анын көзүн курч кылат жана жүрөгүнө нур пайда кылат. Ким жума күнү кечинде аны өтө көп окуса, анда Алла Таала анын жүрөгүнө кашф жана илхамды (Алла тараптан дилге келген нерсе) салат.
29-Ал-Хакаму.
Мааниси:»Өкүм чыгаруучу». Ким түндүн акыркы бөлүгүндө 99 жолу «Ал-Хакаму»ну окуса, анда Алла Таала анын жүрөгүн сырдуу жана нурдуу кылат. Ким жума күнү кечинде аны өтө көп окуса, анда Алла Таала анын жүрөгүнө кашф жана илхамды (Алла тараптан дилге келген нерсе) салат.
30 — Аль-Адл.
Мааниси: «Адилет кылуучу».Пенделер Адилет кылуучуну жакшы таанып билүүсү үчүн эң биринчи адилет эмне экенин түшүнүүсү керек. Аллах Таала ааламдагы ар бир нерсени адилеттүүлүк менен жаратып, жоктон бар кылып, ар бир макулукка өзүнө таандык шекил жана өзүнө гана таандык милдет берди. Демек, адилет деп ар бир нерсе жана ар бир мүчөнүн Аллах каалагандай жана Аллах көрсөткөн милдетти так аткаруусуна айтылат.
31 — Ал-Латийф.
Мааниси: «Иште же мамиледе өтө жумшак», «Өтө терең илимдүү». Аллах Тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Аллах Тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз, муну айтып бүтүрүү мүмкүн эмес.
32 — Аль-Хабийр.
Мааниси: «Баардык жашыруун жана ашкере нерселерден кабардар». Ааламда болуп жаткан иштердин баарынан: мейли атомдордун аракети болсун, инсандардын жашыруун же ашкере аракеттери болсун же болбосо, кыялындагы ой-санаасы болсун… булардын баарынан Аллах Таала – Ал Хабийр (Кабардар).
33 — Аль-Халийм.
Мааниси: «Жазалоого шашылбай турган, хилм (жумшактык) менен жакшылык кылып туруучу жана пенделердин күнөөлөрүн кечирүүчү». Аллах Таала пенделер Өзүнүн өкүмдөрүнө каршы амалдарды кылып жаткандарын көрүп турса дагы азап берүүгө жана өч алууга шашылбайт.
34 — Аль-Азийм.
Мааниси: «Улуу, Бийик». Инсан Аллахты канчалык Улуу деп ойлобосун Аллах мына ушул ой-санаадан дагы Улуу жана Бийик!
35 — Аль-Гафуур.
«Кемелдүү, толук кечирүүчү» дегенди билдирет. Бул сыпат “Ал–Гаффар” сыпатына караганда толугураак маанини түшүндүрөт. Аллах Таала “Ал–Гаффар” сыпаты менен пенделердин кайра-кайра жасаган күнөөлөрүн кечирсе, “Ал–Гафуур” сыпаты менен кайра-кайра кечирүү менен бирге толук жана кемелдүү кечирет.
36 — Аш-Шакуур.
“Жакшылыкка андан көбүрөөк жакшылык менен жооп берүүчү”, «Аз гана ибаадатка көп ажыр-сооп берүүчү, белгиленген өмүрдө аткарылган амалдарга түбөлүктүү Бейишти берүүчү» деген маанини билдирет. Бул – Аллах Тааланын Аш–Шакуур экенине далил. Биз Бейишке Аллахтын кечирими жана уруксаты менен гана кире алабыз. Болбосо, биздин амалдарыбыз Бейишке кирүүгө арзыбай калышы мүмкүн. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эч кимдин амалы аны Бейишке киргизе албайт» — деп айткан.
37 — Аль-Алий.
Мааниси: «Эң улуу мартабалуу». Аллах Таала Өзүнүн макулуктарын бири-биринен улуу-мартабалуу кылып жаратты. Кимдин ибаадаты таза жана так болсо, ошол адам башкалардан улуу-мартабалуу деп аталат.
38 — Аль-Кабир.
Мааниси: «Кибрия (улуулук) ээси». Ал–Кабир сыпатынын мааниси Ал–Азиим сыпатынын маанисине жакын болгону менен, алардын бири түшүндүргөн маанини экинчиси түшүндүрбөйт.
39 — Аль-Хафиз.
Мааниси: «Сактоочу, Коргоочу». Аллах Таала ааламды жоктон бар кылды жана аны жок болуп кетүүдөн сактап, коргоп турат.
40 — Аль-Мукит.
Мааниси: «Материалдык жана руханий азык берүүчү». Аллах Таала баардык тирүү нерселердин жей турган азык-оокаттарын жаратып, аларды камсыз кылып турат. Ошондой эле, дилдеринин азыгы болгон илим-билимди дагы дилдерине жеткирип турат. “Ал–Мукит” сыпаты кээде «Кудуреттүү» деген маанини дагы түшүндүрөт.
41 — Аль-Хасийб.
«Кифая кылуучу (Жетиштүү)», «Эсепке алуучу» деген маанилерди билдирет. Аллах Таала ар бир нерсеге, ар бир ишке Өзү жетиштүү. Аллах Таала айтат: «Аллах Таала Өз пендесине кифая кылуучу эмеспи?!» (Зумар, 36-аят).
42 — Аль-Жалийл.
Мааниси: «(Баардык сыпаттары кемелдүү) Улуу, Салабаттуу». Чыныгы айбат-салабаттуулук Аллахка гана таандык! Биз жогоруда таанышкан Аль-Кабийр сыпаты Аллахтын Затынын кемелдүүлүгүн (кемчиликсиздигин) билдирсе, Аль-Жалийл Аллахтын Сыпаттарынын кемелдүүлүгүн билдирет.
43 — Аль-Карийм.
«Убадасына туруучу (вафа) кылуучу», Өз нээматтарын үмүт чек арасынан дагы көбүрөөк берүүчү жоомарт» деген маанини билдирет.
44 — Ар-Ракийб.
«Пенделердин ал-абалын ар дайым күзөтүп туруучу, «Баардык жашыруун жана ашкере амалдарды көрүп-билип туруучу» деген маанини билдирет.
45 — Аль-Муджиб.
«Кабыл кылуучу», «Жооп берүүчү» деген маанини билдирет. Аллах Таала Өзүнө жалбарып, дуба кылгандардын дубаларын кабыл кылат.
46 — Аль-Васиь.
Мааниси: «Кенен». Эгерде Аллахтын бул сыпатына Анын илимин кошсо, «илими өтө кенен», эгерде мээримине кошсо «мээрими чексиз кенен» деп түшүнүлөт.
47 — Аль-Хаким.
«Чексиз даанышмандык жана акыл — ээси», «Өтө назик илимдерди билүүчү» деген маанини билдирет.
48 — Аль-Вадууд.
«Дос», «Сүйүктүү» жана «Жалпы макулуктарга жакшылыкты каалоочу» деген маанилерди билдирет. “Ал–Вадууд” сыпаты “Ар–Рахим” сыпатына жакын маанини түшүндүрөт. Бирок, андан айырмасы: Ар–Рахим муктаждарга болгон ырайым-мээримдүү болсо, “Ал–Вадууд” муктаж болгондорго дагы, болбогондорго дагы барабар ырайым жакшылык кылууну сүйүүчү деген маанини билдирет.
49 — Аль-Мажид.
«Иштери көркөм, мээрими улуу, нээматы чексиз жана Улуу — урматтуу» деген маанини блдирет.
50 -Аль-Баис.
«(Өлгөндөн кийин) кайра Тирилтүүчү», «(Жүрөктөрдөгү жашыруун сырларды ачып) Ойготуучу» деген маанин билдирет.
51 -Аш-Шахийд.
«(Баардык нерселерди көрүп-билип туруучу) Күбө» деген маанини билдирет. “Аш–Шахийд” биз жогоруда өткөн “Ал–Алиим”, “Ал–Хабиир” деген ысым-сыпаттардын маанисине жакын маанилерди билдирет.
52 -Аль-Хакк.
«Чындыгында (мавжуд) бар». «Акыйкат» деген маанилерди билдирет. Толук кемелдүү акыйкат бир гана Аллах Таала. Ааламдагы баардык нерселер жаралышта Акыйкат болгон Аллах Таалага муктаж. Аллах Таала баардык нерселерди Өзүнүн кудрети жана даанышмандыгы менен жараткан.
53 -Аль-Вакийл.
Мааниси: «Ааламдагы баардык иштерди Өзүнүн кепилдигине алып башкаруучу».
54 -Аль-Кавий.
«Чыныгы күч-кудурет Ээси» деген мааниде. Аллах Таала теңдешсиз күч-кудурет Ээси. Ааламдагы ар бир иш, абал Аллахтын кудуретине байланган. Инсандын көзүнө көрүнүп жана көрүнбөй турган баардык нерселерди Аллах Таала Өз Кудурети менен башкарып турат.
55 — Аль-Матийн.
«Бекем күч-кубаттуу» деген мааниде. Куранда Аллах Таала Өзүн сыпаттап: «Бекем күч-кубат Ээси» деп айткан. (Зарият, 58-аят).
56 -Аль-Валий.
«Сүйүктүү дос, жардам берүүчү» деген мааниде.
57 -Аль-Хамид.
Мааниси:«Мактоого татыктуу». Аллах Таала мактоого татыктуу зат. Эгер пенделер жана периштелер Аны мактабаса дагы Аллах Таала Өз Затында Хамиид – Макталган. Биз Аллах Тааланын “Ал–Хамиид” сыпатын билгенден кийин Аллахка тынымсыз мактоо айтуубуз керек.
58 -Аль-Мухсий.
«Кандайдыр бир маалым (дайын) нерсенин санын, ичиндеги жана айланасындагы баардык нерселерин билип, эсептеп туруучу» деген мааниде. Аллах Тааланын билими жана эсебинен эч нерсе четте калбайт. Аллах Тааланын “Ал–Мухсий” сыпатын билгенден кийин, пенде ар бир кылган амалын эсеп-китеп кылуу менен бирге Аллах Тааланын шариатына дал келе тургандай амал кылуусу керек.
59 -Аль-Мубдий.
«Кайрадан жаратуучу».
60 — Аль-Муьид.
“Ал–Мубдийдин” мааниси: «Биринчи жолу пайда кылуучу», “Ал–Муьид” болсо, « Биринчи жолу жаратканы жок болуп кеткенден кийин аны кайрадан жаратуучу» деген маанини билдирет. Аллах Таала баардык макулуктарды Өзүнүн “Ал–Мубдий” деген сыпаты менен жоктон бар кылган. Өзү каалаган убакыт келгенде бул нерселердин баары жок болот. Андан кийин Аллах Таала Өзү каалаган макулуктарды Өзү каалаган мезгилде, “Ал–Муид” сыпаты менен кайрадан пайда кылат (жаратат). Мына ушул (кайра жараткан) кезде ар бир инсан бул дүйнөдө жасаган амалдарына эсеп-китеп берет.
61. Ал–Мухйий.
«Өлтүрүүчү».
62. Ал–Мумийт.
“Ал–Мухйий” «Жашоо берип, тирилтүүчү», “Ал-Мумийт” болсо, «Жашоону алуучу, өлтүрүүчү» деген маанини билдирет. Ал-Мубдий сыпатынан “Ал-Мухйий” сыпатынын айырмасы; Ал-Мубдий бар кылуучу, Ал-Мухйий бар кылгандан кийин, жашоо берүүчү деген маанини билдирет.
63 — Аль-Хайй.
«Түбөлүк тирүү». Аллах Тааладан башка баардык бар болгон макулуктар өлүм даамын татышат, жок болушат. Чыныгы кемелдүү, Тирүү Аллах Таала гана түбөлүк тирүү сыпаты менен сыпатталган.
64 — Аль-Кайюм.
«Ар дайым даяр туруучу» деген мааниде. Аллах Тааланын Кайюмдугу Өз затында түбөлүк жана эч нерсеге муктаж эмес. Тескерисинче, баардык жаратылгандардын кайюм болуп туруусу Аллах Таалага гана муктаж. Пенде Аллахтын ушул сыпатын билгенден кийин Кайюм болгон Аллахтан башкага муктаж болбоого тырышып жашоосу керек.
65 — Аль-Ваажид.
«Каалаган нерсесин Табуучу», «Бар болуучу» деген мааниде. Аллах Таала бар жана Анда бардык кемелдүү сыпаттар бар.
66 — Аль-Маажид.
Аль-Маажид сыпаты да Аль-Ваажид сыпатына жакын маанини билдирет. Бирок, Ал–Маажид Ал–Ваажидге караганда кеңирээк, күчтүүрөөк, толугураак маанилерди өз ичине камтыйт.
67 — Аль-Ваахид.
«Жападан-жалгыз» деген мааниде. Аллахтын жалгыздыгы Өзүнө гана таандык болгон жалгыздык.
68 — Ас-Сомад.
“Баардык барлыктар Ага муктаж болгон, Өзү эч кимге жана эч нерсеге муктаж болбогон» деген мааниде.
69. Ал–Кодир.
«Кудуреттүү».
70. Ал–Муктадир.
Бул эки сыпаттын экөө тең «Кудуреттүү» деген маанини билдирет. Бирок, Ал-Муктадир кудурети күчтүүрөөк деген маанини билдирет. Аллах Таала Өзүнүн Ал-Кодир, Ал-Муктадир деген сыпаты менен Өзү каалаган ишин аткарууга кадыр (кудурети жетет) каалаганын аткарып,каалаганын аткарбайт. Бул ишинен эч кимге жооп бербейт.
71 АЛЬ-МУКАДДИМ
“Өзүнө жакын кылуучу” “Алдыга жылдыруучу”-деген маанини билдирет.
72 АЛЬ-МУАХХИР
“Өзүнөн узак кылуучу” “Кечиктирүүчү ” деген маанини билдирет.
73 АЛЬ-АВВАЛУ
“Түбөлүк” “Баардык нерселерден мурдагы” деген маанини билдирет.
74 АЛЬ-АаХИРУ
“Түбөлүктүү,эң акыркы”- деген маанини билдирет
75 АЗ-ЗАХИРУ.
“Далилдер менен ачык ашкере”- деген маанини билдирет
76 АЛЬ-БАТИНУ.
“Сезимдерден жашыруун”.- деген маанини билдирет
77 АЛЬ-ВЛИ-
“Баардык макулуктарды башкаруучу өкүмдар” Аллах Таала бардык ааламды жалгыз өзү жаратты жана ааламдагы баардык иш аракетти өзү гана башкарып турат
78 АЛЬ-МУТААЛИ.
Бул ысымыдын мааниси жогоруда таанышкан “Аль-Аалий” сыпатынын маанисинен тереңирээк, жогору маанини билдирет.
79 АЛЬ-БАРР.
“Жакшылык кылуучу” деген мааниде Аллахтын бул ысымы менен таанышкандан кийин жашоодо көп-көп жакшылыктарды аткарууга умтулуп жашоо керек.Айрыкча ата-энеге жана милдеттүү болгондорго көп жакшылык кылуу керек.
80 АТ-ТАВВАБ.
“Пенделерине тообаны жеңил кылып берүүчү жана ошол тообаларды кабыл кылуучу ” деген мааниде.
81 АЛЬ-МУНТАКИМ
“Өч алуучу”-деген мааниде.Аллах Таала өзү түзүп берген шарият өкүмдөрүн аткаруудан моюн толгогондордро өч алат.Заалымдарга эч кайтарууга болбой турган балээ-апааттарды жиберүү менен өч алат.Бирок Аллах Таала Адыл,Адилетүү болгондуктан,алгач пенделерге эскертет.
82 АЛЬ-АФУВВ
.Мааниси: “Каталарды жууп жиберүүчү,күнөөлөрдү кечирүүчү”. Жогорудагы Аль-Гафуур,жана Аль-Гаффар сыпаттары Аллахтын кечирүүчү сыпатын билдирсе, Аль-афувв ысым ката кемчиликтерин,күнөөлөрүн жууп,жоготуп жиберүүчү деген сыпатты билдирет.
83 АР-РАУФ.
“Өтө Мээрбан,ырайымы кенен”-деген мааниде.жогорудгы Ар-рахман,Ар-рахим,ысымдарына жакын болгону менен өзүнө таандык,тактап айтканда,тереңирээк маанилерди билдирет.
84 МАЛИК УЛЬ-МУЛК-
“Ааламдагы баардык мүлктүн ээси” деген маанини билдирет,Аллах өзүнүн мүлкүн кааласа бар кылып,каалабаса жок кылат.Өлтүргөнүн өлтүрөт,калтырганын калтырат.Аллахтын өкүмдарлыгынын чеги жок өзүнөн башка эч ким билбейт.
85- ЗУЛЬ-ЖАЛАЛИ ВАЛЬ-ИКРОМ
“Улуулук жана урмат ээси” “Пенделерге улуулук тартуу кылуучу” деген маанилерди билдирет Аллах Тааланын улуктугун биз Аль-Жалийл,жана Аль-Карийм сыпаттары аркылуу билгенбиз.Бул ысым да ошол ысымдарына мааниси жагынан окшош болуп,инсандарга улуулук тартуулоо дегенди билдирет.
86 АЛЬ-МУКСИТ-
“Акыретте кордолгондорго заалымдардан акысын алып берүү менен Адилеттүү” деген мааанини билдирет.Аллах Таала акырет күнү баардык эзилгендерге заалымдардан өчүн(акысын) алып берүү менен өзүнүн Илахий адилетин орнотот.
87 АЛЬ-ЖААМИ-
“Топтоочу” “Чогултуучу” деген мааанини билдирет.Аллах Таала акыретте жалпы калайыкты МАХШАР майданында чогултат.
88 АЛЬ-ГАНИЙ,
“Бай өзүнүн затында ишинде жана сыпаттарында эч кимге муктаж болбогон” деген мааанилерди билдирет. Аллахтын Аль ганий сыпатын билгенден кийин,адамдарга муктаж болбоого тапшырып жашоо керек.
89 АЛЬ-МУГНИЙ
“Муктаж кылбоочу,камсыз кылуучу ” деген мааниде Аллах Таала баардык макулуктарды керек болгон нерселери менен камсыз кылып турат.Инсандарды жаратканда муктаж боло турган нерселерди дагы кошуп жаратты.Инсан эмнеге муктаж болсо,жер бетинен таап ала берет.Мына ушунун өзү Аллах Тааланын инсанды камсыз кылып турганына далил болот.
90 АЛЬ-МАНИ-
“Кайтаруучу,Токтоотуучу” деген маанилерди билдирет.Аллах Таала ар кандай апаат-балээлердин себебин кайтарат.
91 АЗ-ЗАРР.
Зыян жеткирүүчү
92.АН-НАФИ.
“Аз заррдын” мааниси: “Зыян жеткирүүчү” “Ан -Нафи” сыпатынын мааниси: “Пайда берүүчү” пенде исламга каршы амалдарды аткарганда ага Аллах Таала тарбынан зыян келет.Аллахтын буйруктарына ылайык амал кылганда пайда келет. Эгерде Аллах кайсы бир пендесине пайданы кааласа,бүтүндөй дүйнө каршылык кылса да эч нерсе кыла албайт.Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү баардык күчтөр зыян жеткирүүнү кааласа,бирок Аллах Таала каалабаса,эч кандай зыян жеткире алышпайт.
93 АН-НУУР-
“Жарык кылуучу ” деген мааниде Аллах Таала момун пенделеринин жүрөгүн ыйман менен нурландырат.
94 АЛЬ-ХАДИ
“Туура жолго баштоочу ,” “Хидаят кылуучу” деген маааниде Аллах Тааланын инсаниятка жиберген эң акыркы хидаят жолу Ислам.
95 АЛЬ-БАДИЬ
“Теңдешсиз жаратуучу” деген маанини билдирет Аллах Таала өзүнүн затында ишинде жана сыпатында теңдешсиз.Аллахтан башкалар дагы кандайдыр бир нерселерди кура алышы мүмкүн.
96 АЛЬ-БАКИЙ.
“Түбөлүк калуучу”, “Ар дайым бар” деген мааниде.Ааламдагы баардык нерселер Аллахка маалым болгон бир мезгилде жоголуп жок болуп кетет.Бир гана Аллах Таала Бакий калат.
97 АЛЬ-ВАРИС
“Мурас алуучу ”, “Мурас алуучу болуп калуучу”-деген мааниде. Акыретте Аллах каалагандан башка баардык нерсе жок болуп,Өзү жалгыз “ Мурас алуучу болуп калат. Ошондо: “Бүгүн мүлк (байлык) кимдин (колунда)?!” деп айтат.Бул кайрылууга эч ким жооп бере албайт.Анкени баардык тирүүлүк жок болуп кеткен эле.Кийин Аллах Таала өзү: “ жалгыз,Каххар Аллахтын (колун)да!”-дейт жана баардык ааламдардын Вариси (Мурас алуучусу) өзү гана болуп калат.
98 АР-РАШИД.
“Туура жол көрсөтүүчү” деген мааниде:
99 АС-САБУР
“Сабырдуу”, “Күнөөлөрдү жазалоого шашылбастан сабыр кылуучу” деген мааниде.