Бисмиллахир-рахманир-рахиим
– Ислам шариятында аврат деп эсептелинген дененин бөлүктөрүн жаап жүрүү милдеттүү парз катары таанылат.
– Аялзатынын жүзү жана эки колунан (манжаларынын учтарынан баштап, билек муундарына чейинки аралык) башка денесинин бүтүндөй бардыгы аврат деп саналат.
– Кийимдин милдеттүү болгон шарттары:
- Кийилген кийимдин туруш-турпатынын өзү жасалга (зыйнат) болбоосу;
- Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу;
- Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай турган деңгээлдеги кенен болуусу;
- Адамдардын көңүлүн өзүнө тарта турган атырлар жана жыпар жыттардын сүйкөлбөгөнү;
- Эркектердин жана пасык (шарият жолунда түз жүрбөгөн) аялдардын кийимдерине окшош болбоосу;
- Шухрат (башкалардан өтө айырмаланган жана обочолонгон) кийим болбоосу;
- Дененин жүз жана эки колдон башка мүчөлөрүнүн баарын жапкан болуусу.
– Аялдын кийими ар кандай түстө болгондугу талапка жооп берет. Бирок, күңүрт жана токтоо түстөгү кийимдерге артыкчылык берилет.
– Никаб, же болбосо жүздү жаап жүрүү маселеси милдеттүү парздардын катарына кошулбайт.
Чубак ажы Жалилов
//
The post Исламдагы аялдардын кийими appeared first on FORMULA.KG.
September 17, 2015 at 06:40PM